Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-октябры № 666
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык, каржылоо булактарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Усенов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 666 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине ылайык төмөнкүлөрдү белгилөө зарыл деп эсептейт.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 6-пунктуна ылайык келтирүү, ошондой эле Мыйзамдын нормаларынын маанилерин байланыштыруу максатында Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо ылайыктуу деп эсептейбиз:
"5. 18-беренеде:
- төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жергиликтүү соттун судьясы өзүнүн ыйгарым укуктары бүтөөр мөөнөттөн сексен күндөн эрте эмес жана алтымыш күндөн кеч эмес мурдатан Улуттук кеңешке аны жергиликтүү соттун судьялыгына дайындоо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Улуттук кеңеш арыз берген судьянын кандидатурасын ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинде каралган эреже боюнча карайт. Мында, эгер кандидатура Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн керектүү сандагы добушун ала албаса, анда судьянын бош кызмат ордуна ушул беренеге ылайык конкурс жарыяланат.";
- 6-бөлүгү алып салынсын.".
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-пунктунун төртүнчү абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"2. Судьянын ыйгарым укуктарын тиешесине жараша Президент же Жогорку Кеңеш токтотот. Соттун ушул берененин 4 жана 5-пункттарында каралган чечимдери жокко чыгарылган учурда жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын Президент, ал эми Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьясыныкын - Жогорку Кеңеш кайра калыбына келтирет.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 11, 15 жана 16-пункттары менен судьянын отставкасы, судьяларга пособиелерди төлөө жана өмүр бою ай сайынкы каржылоо жөнүндө жоболор жөнгө салынат.
Бул жоболорду төмөндөгү негиздерге байланыштуу алып салуу керек деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүндө жергиликтүү соттун судьясынын отставкасы судьянын бош кызмат орду түзүлүшү үчүн негиз катары каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болгон бардык учурда өз кызмат орундарын ээлеп турушаарын жана ыйгарым укуктарын сакташаарын белгилей кетүү зарыл.
Буга байланыштуу судьяны ээлеп турган кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьянын жүрүм-туруму мандемдүү учурларда болушу мүмкүн. Мындай учурда мөөнөтүнөн мурда бошотуу "иш берүүчүнүн" демилгеси боюнча ишке ашырылат.
Мында, Мыйзам долбоорунда судьяны анын демилгеси боюнча бошотуучу учурларды регламентке салуу мүмкүн деп эсептейбиз. Андай шарттар судьянын ден соолугунун абалы, андан ары судья болуп иштөөнү каалабагандыгы, анын ичинде үй-бүлөлүк шарттар боюнча абалы, илим, чыгармачылык, педагогикалык иштер, ишкердик жүргүзүү менен алектенүүсү болушу мүмкүн.
Ушундай шарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын судьясынын отставкасы жөнүндө түшүнүктү киргизүү жана отставканын негиздери боюнча пособие төлөө маселелерин жөнгө салуу ылайыгы жок деп эсептейбиз (мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 15-пункту). Жалпысынан, Мыйзамдын колдонулуп жаткан жоболорунда, ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда жаш курактык чекке жеткенине, судьянын жазуу жүзүндөгү арызына, ошондой эле ротациядан баш тарткан учурда мөөнөтүнөн мурда бошотулган судьяларга бир жолку пособие төлөө каралган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21 жана 27-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана жарандарды социалдык коргоо боюнча мыйзамдарда каралгандан башка учурларда мыйзамдар эч ким үчүн артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди түзүүгө тийиш эместигин айтууга тийишпиз. Жарандарга картайганда, ооруган жана эмгекке жарактуулугун жоготкон, багуучусунан айрылган учурда мыйзамда белгиленген тартипте жана шарттарда социалдык камсыздоо гарантияланат.
Ушуга байланыштуу судьялардын калктын социалдык жактан аялуу катмарына киргизилишин элестетүү кыйын. Анын үстүнө мамлекеттин социалдык иши жарандын экономикалык эркиндигин жана активдүүлүгүн, өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакыбаттыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн мамлекет тарабынан багууга алуу менен алмаштырылышына алып келбөөгө тийиш (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренеси).
Мында сунушталып жаткандай, судьяларды өмүр бою ай сайын каржылоонун киргизилиши мамлекеттик кызматчылардын башка категориялары үчүн да өмүр бою каржылоого алуу белгиленишине жана жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген тең укуктуулук принциби бузулушуна алып келиши ыктымал.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоодо бийликтин соттук бутагынын өзгөчө статусун жана маанилүү ролун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында мыйзам долбоору менен сунушталчу принцип боюнча персоналдык пенсияларды (пенсияга кошумчаларды) белгилөө, башкача айтканда, судьялык иштеги стажга жараша пенсияга кошумчаларды белгилөө жолу менен судьялар үчүн кошумча гарантияларды бекемдөө маселесин мындан ары да иштеп чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Мындай болгон учурда, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралгандан башка учурларда бөлөк мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынганын эске алуу менен "Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн карап, мында бул кошумчалар боюнча төлөмдөрдүн суммасын республикалык бюджеттен бөлүү жана Кыргыз Республикасынын социалдык фондунун бюджетине берүүнү белгилесе болот.
4. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык нормативдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор аны кабыл алган (чыгарган) норма чыгаруучу орган тарабынан ошол эле түрдөгү нормативдик укуктук актыны кабыл алуу менен киргизилет. Ага байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду конституциялык мыйзам түрүндө тариздөө зарыл.
Кошумча катары, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларын ишке ашырууну камсыздоо боюнча мыйзам долбоорунда көрсөтүлбөгөн төмөнкүдөй механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгына көңүлдү бурабыз.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин биринчи бөлүгүндө, судьянын жарандык укуктарын чектөөгө же анын кол тийгистигин бузууга байланыштуу оперативдүү-иликтөө иштерин жүргүзүүгө судьяга карата кылмыш иши козголгондон кийин гана жол берилет.
Бул норма судьяга карата кылмыш-жазык ишин козгоого (судьяны айыпкер катары кароого) жана судьяга карата оперативдүү-иликтөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул биздин оюбузча, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин экинчи бөлүгүнө каршы келет, ал беренеге ылайык судья кол тийгистик укугуна ээ, ал эми "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык судьяны жазыктык жоопкерчиликке (айыпталуучу катары) тартуу жөнүндө чечимди прокурор Улуттук кеңештин макулдугу менен чыгарат.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин төртүнчү бөлүгүнө ылайык судьяларды Өкмөт бекитчү нормалар боюнча акысыз форма кийим (мантия) менен камсыздоо каралган. Бирок мантиялардын сүрөттөлүшүн бекитүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку жана жергиликтүү сотторунун судьяларына мантияларды берүүнүн тартиби жөнүндө маселе жөнгө салынган эмес.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренеси төмөнкүлөрдү белгилейт:
- судьялар мамлекеттин эсебинен акысыз медициналык камсыздандырууга алынышат;
- судьянын өмүрү республикалык бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат;
- ооруп калган учурда дарыланууга байланыштуу чыгымдар мамлекеттик каражаттын эсебинен компенсацияланат.
Ошондой болсо да, бул Мыйзамдын 33-беренесинин жоболору ишке ашырылышын камсыздоочу механизмдер жок. Ошондой эле судья кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу андан ары кесиптик иши боюнча иштөө мүмкүндүгү жок болуп мертинген же ден соолугуна башкача зыян келтирилген учурда эмгек акысы менен милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча чектелген пенсиянын ортосундагы айырма түрүндө компенсация төлөө боюнча механизм белгиленген эмес. Мында ушул негиздер боюнча судьянын дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды жана компенсацияларды төлөө боюнча милдет күнөөлүү адамдарга артылууга тийиш.
|
|