Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-октябры № 671
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2009-жылдын октябрь-декабрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2009-жылдын октябрь-декабрында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 15-сентябрындагы № 350 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотушсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:
- 2009-жылдын октябрь-декабрында, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга, аскердик кызматка чакыруудан бошотууга укугу жок же аскердик кызматка чакыруудан кийинкиге калтырууга укугун жоготкон Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүлүштөрүнө жана аскердик кызмат, альтернативдик кызмат өтөө, ошондой эле чакырылуучу мобилизациялык резервге кошуу мыйзамдарда каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууну райондук (шаардык) аскер комиссариаты аркылуу жүргүзсүн.
- райондордо (шаарларда) чакыруу комиссияларын түзүшсүн жана аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шайман жабдуулары менен камсыздалган чакыруу (чогултуу) пункттары менен камсыз кылсын;
- жарандарга маалымдоо жана алардын уюшкандыкта аскер комиссариаттарына келиши жана зарыл учурда автотранспорт менен жеткирүү боюнча чараларды көрсүн;
- аскер комиссиариаттарында, чогулуу пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чакыруу комиссияларынын ишин камсыздоо үчүн:
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен зарыл болгон акча каражаттарын бөлүп беришсин;
- автотранспорт каражаттары, техникалык кызматчылар жана тейлөөчү персонал менен камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын суроо-талабы боюнча чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу адис дарыгерлерди жана орто медициналык кызматкерлерди бөлүп берсин;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөнү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелеринде кезексиз стационардык (амбулаториялык) текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аскердик милдетти аткаруудан баш тарткан адамдарды издөөнү, кармоону жүргүзсүн жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келсин, райондук (шаардык) комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усенов |