Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-ноябры № 676
"Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене. Колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзам менчигинин формасына карабастан жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын аймагында калкты жана аймактарды сактоо, имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, мамлекеттик жана коомдук мамилелерди белгилейт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
жер титирөө - жер кыртышынын же Жердин мантиясынын үстүңкү бөлүгүнүн кокустан жылышуусунун жана жарылышынын натыйжасында жер астында болуп, чайпалуу түрүндө алыс аралыктарга кетүүчү жердин силкинүүсү жана титирөөсү;
жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу - жер титирөөдөн кийин жүргүзүлгөн жана адамдардын өмүрүн сактоого, зыяндын жана материалдык жоготуулардын өлчөмүн азайтууга багытталган авариялык-сактоочу жана башка кечиктирилгис иштердин комплекси;
жер титирөөнү болжолдоо - болушу ыктымалдуу күтүлгөн жер титирөөнүн ордун жана аймагын, убакыт аралыгын жана энергиясын же магнитудасын аныктоо же тактоо;
сейсмикалык коргоо - сейсмикалык коопсуздукту жана мамлекет менен коомдун туруктуу өнүгүшүн камсыздоого багытталган укуктук, социалдык, экономикалык, билим берүүчү, уюштуруучу, илимий, инженердик-техникалык жана башка атайын иш-чаралардын комплекси;
сейсмикалык коопсуздук - жер титирөөнүн кесепетинен пайда болчу коркунучтардан адамдардын өмүрүнүн сакталышы, калктын, инфраструктуранын, эл чарба объектилеринин жана айлана-чөйрөнүн коопсуздук абалы;
сейсмикалык райондоштуруу - аймактагы мүмкүн болгон өтө катуу сейсмикалык коркунучтун региондук бөлүнүшүн картага түшүрүү;
сейсмикалык опуртал - сейсмикалык кооптуулукту жана объектилердин талылуулугун эске алганда кандайдыр бир убакыт аралыгындагы жер титирөөдөн жоготуулардын болуу ыктымалы (мүмкүн болгон адамдык жоготуулар, экономикалык, экологиялык чыгашалар жана башкалар);
жер титирөөгө туруктуу курулуш - имараттарды жана курулмаларды колдонуудагы нормативдик документтерге ылайык долбоорлоо жана куруу;
жер титирөөгө туруктуулук - имараттардын жана курулмалардын аларда адамдардын коопсуз жашоосун жана баалуу жабдуулардын сакталышын камсыздоого жарактуулугу, ургаалдуулугу эсепке алынган жер титирөө учурунда өтө маанилүү курулмаларда тирөөч конструкциялардын бузулбастыгы;
жер титирөө жөнүндө кабарлоо системасы - жер титирөөлөр жөнүндө сигналдар жана маалымат берилишин камсыздоо үчүн кабарлоо жана байланыш системасынын күчтөрүн жана атайын техникалык каражаттарын, ошондой эле аймактык жана ведомстволук байланыш тармактарынын каналдарын уюштуруу-техникалык жактан бириктирүү;
жер титирөөнүн сценарийи - жер титирөөнү, адамдардын жүрүш-турушун болжолдоо, байкоо жана мүнөздөө системасы, ошондой эле жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштеринин планы.
3-берене. Сейсмикалык коопсуздукту камсыздоонун негиздери
1. Кыргыз Республикасынын аймагында сейсмикалык коопсуздукка багытталган иш жарандардын жашоого жана мүлккө болгон конституциялык укуктарын камсыздоого тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймактарын имараттарды, курулмаларды жана комплекстерди куруу үчүн чарбалык өздөштүрүү сейсмикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-чаралар, ошондой эле жер титирөө болсо элди эвакуациялоонун шарттары каралган долбоорлор боюнча ишке ашырылат.
3. Адамдар дайыма болчу имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо аны пайдаланчу бүткүл мезгилде сейсмикалык туруктуулугун төмөндөтпөстөн ишке ашырылат.
4. Жер титирөөгө туруксуз, колдонулуп жаткан имараттардын жана курулмалардын профилин өзгөртүүдө, өзгөртүп пландаштырууда жана реконструкциялоодо сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн тирөөч конструкцияны бекемдөө боюнча иштер жасалат. Мында конструкция имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун камсыздоонун шарттарына жараша, белгиленген тартиптеги изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын негизинде өзгөртүлөт.
Архитектуранын тарыхый эстелиги болбогон, ошондой эле бекемдөөдөн экономикалык натыйжа чыкпачу эски курулуш имараттары белгиленген тартипте бузуп жок кылынат.
5. Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн имараттарды жана курулмаларды тургузуу сейсмикалык туруктуу курулуш боюнча колдонуудагы нормаларды жана эрежелерди (же техникалык регламенттер) сактоо менен жүргүзүлөт, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды жер титирөөдөн сактоо боюнча илимий негизделген жетишкендиктерди белгиленген тартипте пайдаланууга жол берилет.
6. Сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуучу коомдук, чарбалык жана башка иштер төмөндөгү принциптердин негизинде ишке ашырылат:
1) жер титирөөдөн адамдардын өмүрү жана мүлкү үчүн коркунучтарды болушунча азайтуу;
2) инженердик-техникалык, уюштуруучулук, экономикалык методдорду жана ыкмаларды илимий негизде айкаштыруу;
3) имараттарды жана курулмаларды жер титирөөгө туруктуу кылып курууга жана алардын жер титирөө болгондогу ишеничтүүлүгүн арттырууга багытталган иштерге дем берүү.
4) жарандардын өмүрүн жана мүлкүн, менчигинин формасына карабастан чарбакер субъектилерди жана башка структураларды жер титирөөдөн ыктыярдуу камсыздандыруу үчүн шарттарды түзүү;
5) сейсмикалык коопсуздук боюнча мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик;
6) жеке жана юридикалык жактардын сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерин мамлекеттик нормага салуу жана контролдоо;
7) жер титирөөдөн жарандардын өмүрүнө жана мүлкүнө болгон коркунучту азайтуу боюнча маселелерди комплекстүү чечүү;
8) курулгандардын сейсмикалык туруктуулугун, имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык таасирлерге аялуулугун, сейсмикалык опурталды жана эксплуатациялоо режимин аныктоо максатында курулуш бар жерлерди милдеттүү түрдө паспорттоштуруу;
9) жеке жана юридикалык жактардын имараттардын, курулмалардын жана комплекстердин сейсмикалык туруктуулугун камсыздоо боюнча иштерине мамлекеттик жана көз каранды эмес экспертиза, илимий, долбоордук-конструктордук жана экономикалык негиздүүлүк;
10) мурда курулган имарат-жайлардын бекемдигин жана жер титирөөгө туруктуулугун камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
11. Инженердик-сейсмометриялык станциялар тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү объекттерге орнотулууга тийиш.
4-берене. Сейсмикалык коопсуздукту мамлекеттик жөнгө салуу
1. Сейсмикалык коопсуздукту мамлекеттик жөнгө салуу маселелери төмөнкүлөр:
1) жер титирөөдө адамдардын өмүрүн, имараттарды жана курулмаларды, жашоону камсыздоочу системаларды сактап калуу;
2) мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын жер титирөөнүн адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунучун азайтуу боюнча иштерди контролдошу;
3) жер титирөөдө адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө коркунучту азайтуу боюнча талаптарды аткарбагандык үчүн жоопкерчилик чараларын белгилөө;
4) Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коопсуздук жагындагы мыйзамдарынын талаптарын аткаруу жана укуктук тартипти орнотуу;
2. Сейсмикалык коопсуздукка багытталган иштерди жөнгө салуу боюнча мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган башка нормативдик актылары менен аныкталат.
5-берене. Жер титирөөлөрдү болжолдоо, сейсмикалык райондорго жана микрорайондорго бөлүштүрүү
Жер титирөөлөрдү болжолдоо, сейсмикалык райондорго жана микрорайондорго бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
6-берене. Жер титирөөгө туруктуу курулуш, ошондой эле жер титирөөлөрдү болжолдоо жана байкоого боюнча мамлекеттик органдардын жана адистештирилген уюмдардын иштери
Жер титирөөгө туруктуу курулуш, ошондой эле ыктымалдуу жер титирөөлөрдү болжолдоо жана байкоо жагындагы мамлекеттик органдар жана адистештирилген уюмдар төмөндөгү иштерди аткарышат:
1) илимий изилдөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүшөт, кырдаалды контролдошот, ошондой эле ыктымалдуу жер титирөө коркунучун болжолдошот жана ал жөнүндө кабарлашат;
2) туруктуу жана көчмө станцияларда үзгүлтүксүз сейсмикалык мониторинг, геофизикалык, гидродинамикалык байкоолорду жүргүзүшөт;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында 12 балдык шкалада (МSК-64) жер үстүндө 6 балл жана андан ашык сейсмикалык таасирдеги жер титирөө болсо, экономикалык зыяндарды, жер бетинин бузулушун, имараттардын жана курулмалардын бузулуу даражасын баалоо максатында эпицентрдик изилдөөлөрдү жүргүзүшөт;
4) жер титирөө жөнүндө маалыматтарды жашырууга, кечиктирип берүүгө же атайын жалган маалыматтардын берилишине жол беришпейт;
5) калкты сейсмикалык коопсуздук эрежелерине белгиленген тартипте үйрөтөт;
6) Кыргыз Республикасынын аймактарынын сейсмикалык кооптуулук карталарын иштеп чыгышат; Кыргыз Республикасынын аймагын, калк жыш жайгашкан райондордун, өзгөчө, маанилүү жана жалпы маанилүү объектилердин сейсмикалык райондоштуруунун, сейсмикалык микрорайондоштуруунун жана сейсмикалык коркунучтун түрдүү масштабдагы карталарын түзүшөт;
7) жер титирөөлөрдү болжолдоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында болгон жер титирөөлөргө байкоо жүргүзүү боюнча маалыматтар банкын түзүшөт;
8) имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык таасирге талылуугу боюнча маалыматтар банкын түзүшөт;
9) жер титирөөлөрдү, алардын ыктымалдуу социалдык-экономикалык жана экологиялык кесепеттерин болжолдоонун, ошондой эле аларды алдын алуунун заманбап методдорун пайдаланышат, жер титирөөдөн сактануу каражаттарын контролдоо жана пайдалануу чараларын колдонушат;
10) имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн жер титирөөдөн сактануу системаларын иштеп чыгышат жана киргизишет;
11) имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун мониторингдешет жана болжолдошот;
12) жер титирөө коркунучу тууралуу калкка алдын ала кабарлоонун заманбап системаларын иштеп чыгышат жана киргизишет;
13) жер титирөөгө туруктуу курулуш жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгышат;
14) Кыргыз Республикасынын аймагында сейсмикалык коркунучту азайтуу жагында жүргүзүлчү иштерди координациялашат;
15) Кыргыз Республикасынын аймагында мүмкүн болгон катуу жер титирөөлөрдү болжолдошот;
16) жер титирөөгө туруктуу курулуш жана жер титирөө опурталы боюнча эксперттик баалоолорду бекитишет;
17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча иштелип чыккан жер титирөөдөгү туруктуу курулуш жана жер титирөө опурталы жагындагы мамлекеттик программалардын аткарылышын координациялашат жана контролдошот;
18) жер титирөөдөгү коркунучту азайтуу максатында имараттардын жана курулмалардын туруктуулугун ыкчам баалоого катышат;
19) Бул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарышат.
7-берене. Юридикалык жактардын сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча укуктары
Юридикалык тараптар төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) зарыл болсо кызматкерлерди жер титирөөдө сактануу ыкмаларына жана аракеттерге үйрөтүү үчүн адистерди тартууга;
2) расмий маалымат алгандан кийин кызматкерлерге жер титирөө коркунучу же жер титирөө болгону жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоого;
3) зарыл болсо инженердик сактоочу курулмаларды алдын ала курууну жана аларды дайыма даярдыкта кармап турууну каржылоого.
8-берене. Жеке адамдардын сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жагындагы укуктары
Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан ар бир жеке адам өзүнүн жашоого жана менчигин сактоого болгон конституциялык укуктарын төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырат:
1) жер титирөөдө коопсуздугун камсыздоо боюнча коомдук бирикмелерге, кошуундарга жана башка түзүмдөргө биригүү;
2) аны кызыктырган аймактагы жер титирөө коркунучунун деңгээли тууралуу толук жана туура маалымат алуу;
3) жер титиреген убактагы жүрүм-турумдун эрежелери менен нормалары жана ага даярдануу боюнча билимдерди алуу.
9-берене. Юридикалык жактардын сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттери
Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сейсмикалык коопсуздук тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
2) кызматкерлерди, өндүрүштүк жана социалдык арналыштагы объекттерди жер титирөөдөн сактоо боюнча зарыл чараларды пландаштырууга, каржылоого жана керектүү чараларды көрүүгө;
3) зарыл болсо сактоочу инженердик курулмаларды алдын ала курууну каржылоого жана аларды дайыма даярдыкта кармоого;
4) кызматкерлерди жер титиреген убактагы өзгөчө кырдаалдарда сактануунун жана иш-аракеттин ыкмаларына үйрөтүүгө;
5) кабар берүүнүн жергиликтүү системаларын түзүп, аны дайыма даярдыкта кармоого жана кызматкерлерге жер титирөө коркунучу же жер титирегени жөнүндө өз убагында билдирүүгө;
6) жер титирөө мүмкүндүгүндө объектилердин туруктуу иштешин жана кызматкерлердин жашоо-иштөө шарттарын камсыздоого;
7) зарыл болсо күн мурунтан сактоочу инженердик курулмаларды алдын ала курулушун камсыздоого жана аларды дайыма даярдыкта кармоого;
8) сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн материалдык жана финансылык ресурстардын резервдерин белгиленген тартипте түзүүгө;
9) жер титирөөнүн кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу пландарына ылайык ведомствого караштуу объекттерде авариялык-куткаруучу иштерди жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтүүгө;
10) эвакуациялык иш-чараларды белгиленген тартипте жүргүзүүгө жана адамдарды жайгаштыруу үчүн базаларды алдын ала даярдоого;
11) өмүрдү, мүлктү, турак үйлөрдү жер титирөөдөн камсыздандырууну белгиленген тартипте камсыздоого.
10-берене. Жеке адамдардын сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттери
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган ар бир жеке адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) сейсмикалык коопсуздук жагындагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын аткарууга;
2) өмүрүн жана мүлкүн сактоо максатында жер титирөөгө карата алдын ала даярдануу боюнча чараларды көрүүгө;
3) турак-жайы жайгашкан участокто жана такай болуучу башка жерлердеги сейсмикалык коркунучтун деңгээли жөнүндө билүүгө;
4) жер титирөө болгондо мүмкүнчүлүгүнө жараша, жарандык милдетти аткаруу катары муктаж болгондорго жардамдашууга;
5) ээлеп турган турак-жайынын сейсмикалык туруктуулугу азайышына, имараттардын жана курулмалардын жанындагы участоктордо тиешелүү жер кыртышынын сейсмикалык касиеттеринин начарлашына жол бербөөгө;
6) эгер ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарын бузушунун натыйжасында башка жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келсе анын ордун төлөөгө;
7) жер титирөөлөргө каршы даярданууда жана анын кесепеттерин жоюунун жүрүшүндө өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан мамлекеттик кызматтардын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга.
11-берене. Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын бул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилиги
Юридикалык жана жеке жактар имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузганы үчүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жоопкерчиликке тартылышат.
12-берене. Сейсмикалык коопсуздук боюнча чараларды камсыздоо
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу бул Мыйзамдын ушул беренесинин 2-6-пункттарында каралган сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрөт.
2. Архитектура жана курулуш тармагында сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн белгиленген тартипте:
1) курулуштук материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын өндүрүлүшүн, ошондой эле куруу-монтаждоо иштерин контролдойт;
2) сейсмикалык коопсуздук боюнча ишти жөнгө салат;
3) имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун инженердик иликтөөдөн өткөрөт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте курулуш ишин лицензиялайт;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн курулуш куруу ишин жана рекреациялык зоналардын өнүктүрүлүшүн жөнгө салат;
6) жаңы жана мурда курулган имараттардын, курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун мониторингдөө системасын иштеп чыгат, өзгөчө арналыштагы имараттардын жана курулмалардын жана инженердик-сейсмометриялык станциялар орнотулган объектилердин сейсмикалык туруктуулугуна мониторингди уюштурат;
7) инженердик-сейсмометриялык станциялар орнотулууга тийиш болгон объектилердин тизмесин бекитет;
8) жер титирөөгө туруктуу курулуш жана имараттар менен курулмаларды коопсуз эксплуатациялоо жагында илимий-техникалык программаларды иштеп чыгат жана иштерди жүргүзөт;
9) сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо максатында долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик курулуштук экспертиза жүргүзөт;
10) курулуп бүткөн объекттерди белгиленген тартипте эксплуатацияга кабыл алат;
11) имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоодо инженердик иликтөөлөрдү, ал эми зарыл болсо - техникалык чечимдерди жана күчөтүү долбоорлорун иштеп чыгат;
12) сейсмикалык туруктуу курулуш жагында илимий иштеп чыгууларды аткарат;
13) профилин өзгөртүүнүн жана реконструкциянын ар кандай түрлөрү аткарылып жаткан жерлерде имараттарды жана курулмаларды бекемдөөдө сейсмикалык туруктуу курулуштун ишке ашырылышын белгиленген тартипте контролдойт;
14) сейсмикалык коркунучту азайтууга багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
15) ыктымалдуу жер титирөө коркунучунун жана зыяндын даражасын аныктайт;
16) сейсмикалык коопсуздукту ишке ашыруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын, стратегиялык жана тактикалык чараларды иштеп чыгат;
17) имараттарды жана курулмаларды паспорттоштурат.
3. Жер титирөөнү болжолдоо, алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча белгиленген тартипте:
1) уюмдардын жер титирөөнүн алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча бирдиктүү мамлекеттик системаны ишке ашыруу боюнча иштерин координациялайт;
2) калкты жана аймактарды жер титирөөдөн сактоо боюнча иштердин планын иштеп чыгат;
3) калкты жана аймактарды коргоо боюнча маалыматтарды чогултат жана алмашат, ошондой эле сейсмикалык коркунуч тууралуу калкка өз убагында кабарлайт жана маалымат берет;
4) материалдык жана финансылык ресурстардын резервдерин түзөт, жер титирөөлөрдүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды, ошондой эле сейсмикалык туруктуу курулуштар үчүн нормативдик документтерди иштеп чыгуу жумуштарын каржылайт;
5) ыктымалдуу жер титирөөлөргө карата тез чара көрүү пландарын иштеп чыгат;
6) жер титирөөдөн авария болгон зоналарда куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу үчүн авариялык-куткаруучу күчтөрдүн (анын ичинде тез чара көрүүчү подразделениелердин) жана атайын кошуундардын дайым даярдыкта болушун уюштурат;
7) ыктымалдуу жер титирөөлөрдүн алдын алуу боюнча приоритеттүү багыттарды аныктоо, илимий жана долбоорлоочу иштерди жүргүзүү жагында башка уюмдар менен өз ара байланышта иштешет;
8) жер титирегенде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык жана маданий баалуулуктарды, айлана-чөйрөнү сактоо максатында кызыкдар уюмдар менен бирдикте илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
9) сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жаңы иштеп чыгууларга көмөк көрсөтөт;
10) сейсмикалык коопсуздук боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
11) Кыргыз Республикасында сейсмикалык опурталдардын картасын түзүү боюнча план ченемдүү саясатты жүргүзөт;
12) кызыкдар уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагындагы жер титирөөлөрдүн сценарийин иштеп чыгат;
13) жер титирөөлөрдөн болгон бузулуулардын даражасын баалайт жана жер титирөөнүн масштабын жана кесепетинин таралуу зонасын аныктайт;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди аткарат.
4. Сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча кадрларды даярдоо үчүн белгиленген тартипте:
1) билим берүү системасында сейсмикалык туруктуу курулуш жагында адистештирилген башка билим берүү мекемелеринин жана уюмдардын катышуусу менен максаттуу, мамлекет аралык жана ведомстволор аралык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгат;
2) билим берүү мекемелери үчүн сейсмикалык коопсуздук боюнча окуу куралдарын даярдоо жана чыгаруу боюнча максаттуу программаларды түзүү иштерин уюштурат, жер титирөөгө туруктуу курулуш тармагында адистерди даярдоо, калкты ыктымалдуу жер титирөө учурундагы жүрүш-турушка окутуу боюнча программаларды иштеп чыгууга катышат;
3) сейсмикалык коопсуздук жагындагы илимий-изилдөө программаларын түзөт жана аларды ишке ашырууну камсыздайт;
4) ведомстволук тиешесине карабастан билим берүү мекемелеринин сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо багытындагы кесиптик билим берүү программалары боюнча адистерди даярдоо маселеси боюнча иштерин координациялайт;
5) билим берүү мекемелери үчүн сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча окуулук жана окуу-методикалык адабияттардын тизмесин аныктайт;
6) китепканаларды жана билим берүү мекемелерин сейсмикалык коопсуздук тууралуу илимий-техникалык маалыматтар менен камсыздайт;
7) билим берүүчү мекемелерде сейсмикалык коопсуздук боюнча билим берүүнүн бирдиктүү системасын түзөт;
8) инженердик сейсмология жана жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистерди даярдайт жана кайра даярдайт;
9) калкты ыктымалдуу жер титирөөлөргө карата окутууну жана даярдоону уюштурат.
5. Калкты медициналык тейлөө боюнча белгиленген тартипте:
1) медициналык жана санитардык кызматтардын иштешин жана өнүктүрүлүшүн камсыздайт;
2) авариялык-куткаруу иштеринде жана жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда керектүү медициналык мүлктүн, дары жана дезинфекциялык каражаттардын, иммунобиологиялык препараттардын жана техникалык каражаттардын запастарын түзөт, ал каражаттар жер титирөөнүн чордонундагы зоналарга тез жеткирилишин камсыздайт;
3) жабырланган калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнүн жана дарылоонун ыкмаларын жана каражаттарын иштеп чыгууну, киргизүүнү жана өркүндөтүүнү уюштурат;
4) жабыр тарткандарга, оорулууларга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү жана аларды жер титирөө болгон зонадан алып чыгуу боюнча иштердин координацияланышын камсыздайт;
5) жер титирөөгө байланышкан радиациялык катастрофалардын, авариялардын таасиринен жабырланган жарандарды комплекстүү медициналык тейлөө боюнча иштердин жүргүзүлүшүн камсыздайт;
6) калкты окутууга жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуу куралдарды иштеп чыгууга катышат;
7) жер титирөө болгондо саламаттыкты сактоо маселеси боюнча чет өлкөлөрдүн тийиштүү структуралары менен өз ара байланышта иштешет;
8) ыктымалдуу жер титирөөлөргө даярдык маселелерин чечүү үчүн керектүү материалдарды тийиштүү уюмдардан сурайт жана алат.
6. Сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды каржылоо максатында белгиленген тартипте:
1) жер титирөөлөрдү болжолдоо, калкты жер титирөө жана анын кесепетинен пайда болгон көп тепкичтүү өзгөчө кырдаал тууралуу эртелеп кабарлоонун натыйжалуу системаларын киргизүү жагындагы иштердин каржыланышын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коопсуздук жагындагы илимий-техникалык потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын каржыланышын камсыздайт;
2) жер титирөөнүн кесепеттерин жоюудагы социалдык-экономикалык жана материалдык чыгымдарды болжолдоого жана баалоого катышат;
3) сейсмикалык туруктуулукту баалоо жана сейсмикалык коопсуздукту арттыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга каражат бөлөт;
4) сейсмикалык коопсуздук боюнча максаттуу программаларды даярдоого катышат;
5) сейсмикалык туруктуу курулуш, имараттар менен курулмаларды коопсуз эксплуатациялоо жагында илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө жумшалчу финансы каражаттарды караштырат;
6) чет өлкөлүк инвестициялар сейсмикалык туруктуу курулуш боюнча адистештирилген илимий-изилдөө уюмунун оң корутундусу алынгандан кийин сейсмикалык туруктуу курулуш боюнча учурдагы талаптарга жооп берген объектилерге гана жумшалышына жол берет;
7) имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугун камсыздалган шартта реконструкциялоого кредиттерди берет.
13-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча:
1) ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коопсуздук боюнча башка нормативдик укуктук актыларын аткарууга багытталган пландарды, иш-чараларды, программаларды иштеп чыгышат жана жүзөгө ашырышат;
2) ведомствого караштуу ишканалар жана уюмдар кызматкерлерди мобилизациялык даярдоо жана аларды ыктымалдуу жер титирөөлөрдөн сактоо боюнча иш-чараларды аткарышын уюштурушат;
3) техникалык регламенттердин аткарылышын, ишканалардын жана коммуналдык чарба уюмдарынын авариясыз иштешин, жер титирегенде авариялык-калыбына келтирүү жумуштары аткарылышын камсыздашат;
4) сейсмикалык коопсуздук жагындагы илимий-изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жергиликтүү бюджеттерден каржылашат;
5) коммуналдык чарба объектилеринде жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүшүн камсыздашат.
14-берене. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тартиби жөнүндө
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тартиби:
1. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу экономикалык жактан негизделген программа боюнча этап менен ишке ашат.
2. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу программасы өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдын жетекчилиги менен сейсмология жана сейсмикалык туруктуу курулуш тармагындагы адистештирилген илимий-изилдөөчү уюмдарды, ведомстволорду, айрым адистерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ишке тартуу менен иштелип чыгат да, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.
3. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу программасы жер титирөө сценарийин талдоонун, сейсмикалык таасирдин тийгизген залакасы жөнүндө маалыматтардын негизинде иштелип чыгат, бузулган имараттарды жана курулмаларды калыбына келтирүүнүн кезегин аныктайт жана төмөнкүдөй үч этаптан турат, алар:
1) куткаруучу жана кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
2) жер титирөөдө бүлүнгөн шаарлардын, калктуу конуштардын имараттарына оперативдүү жана деталдуу изилдөө жүргүзүү; жер титирөөнүн өзүнөн болгон зыянды аныктоо; имараттарды жана курулмаларды изилдөөлөрдүн натыйжасында алардын бузулууга кете тургандарын, калыбына келтирилчүлөрүн аныктоо менен рекомендацияларды иштеп чыгуу, ал рекомендациялардын негизинде имараттарды жана курулмаларды калыбына келтирүүнүн жана бекемдөөнүн долбоорлору иштелип чыгат.
3) жер титирөөнүн кесепеттерин эске алуу менен курулуштарды пландуу реконструкциялоону ишке ашыруу, жаңы курулуштарды куруу, бузулган имараттарды жана курулмаларды калыбына келтирүү жана бекемдөө.
4. Жер титирөөдөн бүлүнгөн башка имараттарды жана курулмаларды калыбына келтирүүнүн кезеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу программасы менен аныкталат.
15-берене. Жер титирөөдөн болгон зыянды баалоо боюнча иш-чаралар
1. Жер титирөөдөн болгон материалдык зыян зыянды баалоо боюнча оперативдүү штаб тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитчү бирдиктүү методика боюнча бааланат.
Зыянды баалоо боюнча оперативдүү штабды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөт.
2. Табигый кырсык болгон райондордо оперативдүү штабдын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын чечими менен зыянды аныктоо боюнча атайын комиссиялар түзүлөт.
3. Комиссиялардын курамына архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын өкүлдөрү, камсыздандыруучу жана финансылык органдардын кызматкерлери, сейсмикалык туруктуу курулуш тармагындагы долбоордук жана илимий-изилдөөчү уюмдардын изилдөө боюнча адистери киргизилет.
16-берене. Бүлүнгөн объектилерди калыбына келтирүү боюнча иштерди каржылоо
1. Бүлүнгөн объекттерди калыбына келтирүү иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардын эсебинен каржыланат.
2. Камсыздандырылган мүлккө келтирилген зыяндын ордун компенсациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык камсыздандыруу уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
17-берене. Авариялык-куткаруучу кызматтарды уюштуруу жана түзүү
Жер титирөө болгондо авариялык-куткаруу кызматтарды уюштуруу, түзүү жана аларды комплектилөө Кыргыз Республикасынын "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Мыйзамында каралган тартипте ишке ашырылат.
18-берене. Имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле адамдардын өмүрүн жана мүлкүн камсыздандыруу
Имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулуп жаткан объекттер, ошондой эле имараттардагы жана курулмалардагы адамдардын өмүрү жана мүлкү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жер титирөөнүн кесепетинен болчу бүлүнүүдөн жана зыяндан камсыздандырылса болот.
19-берене. Сейсмикалык коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасы сейсмикалык коопсуздук жагындагы эл аралык кызматташууга катышат, мында төмөнкүдөй принциптерге таянат, алар:
1) элге, айлана-чөйрөгө жана чарбалык объекттерге болуучу трансчегаралык зыянды болтурбоо жагынан мааниси бар жер титирөө жөнүндө чет мамлекеттерге кабарлоо;
2) мамлекеттердин өз ара жардамдашуусу жана ортолорунда болгон талаштарды тынч жайгаруусу.
20-берене. Чет өлкөлүк уюмдардын жана жарандардын жер титирөөлөрдүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштери
Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, чет өлкөлүк уюмдардын жана жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөөлөрдүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иштерине жол берилет.
21-берене. Бул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
1. Бул Мыйзамды расмий жарыяланган күндөн баштап колдонууга киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|