Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-октябры №638
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 токтомдун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункту "архитектуралык-курулуштук" деген сөздөрдөн мурда "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын;
- 4-пункту "максатында" деген сөздөн кийин ", курулуш процессинде аткарылчу жумуштардын техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктундагы "архитектуралык-курулуштук көзөмөл" деген сөздөр "мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктунун тогузунчу абзацы алып салынсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- курулуштун бүткөн этаптарын, курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууну;
- шаар куруу-архитектура ишинин тармагындагы мыйзамдык актылардын нормаларынын сакталышына жана курулуштук материалдардын, конструкциялардын жана буюмдардын өндүрүлүшүнө мамлекеттик көзөмөлдү;
- курулушту инспекциялачу мамлекеттик кызматтардын иштерин уюштурууну жана координациялоону;
- көлөмдүк-пландык, конструкциялык чечилиштерди өзгөртүү менен курулушка, реконструкцияга, профилди өзгөртүүгө, ошондой эле имараттардын планын өзгөртүүгө уруксаттарды берүүнү;
- мамлекеттик инспекциялачу кызматтардын отчетторун алуу жана талдоо;
- уюмдарда шаар куруу-архитектуралык ишти жүргүзүү укугуна мамлекеттик лицензиялардын жана жооптуу адамдарда квалификациялык сертификаттардын бар экенин текшерүүнү;
- техникалык регламенттердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү, ал эми алар иштелип чыкканга чейин - объекттерди куруудагы курулуштук нормалардын жана эрежелердин аткарылышына мамлекеттик көзөмөлдү, ошондой эле курулуш өнөр жайынын ишканаларында алардын ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан курулуш материалдарды, конструкцияларды жана буюмдарды жасоодо шайкештикти баалоону;
- курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттерде болгон авариялардын, кулоолордун себептерин изилдөө боюнча уюштуруучу-техникалык иш-чараларды жүргүзүүнү жана себептерди изилдөө боюнча комиссиялардын ишин уюштурууну, корутунду даярдоону жана тийиштүү чараларды көрүүнү;
- шаар куруучу субъекттин кайрылуусу боюнча аткарылган жумуштардын сапатын баалоо жана шаар куруучу субъекттердин (аткаруучулардын) ортосундагы өз ара эсептешүүлөр үчүн продукциянын көлөмүн жана наркын аныктоо менен эксперттик корутунду даярдоону.";
- 11-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин көзөмөлдөө боюнча жогору турган ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик аныктачу подразделение" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пунктундагы "ал органдын жетекчиси" деген сөздөр "алардын жетекчилери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобонун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу", "архитектуралык-курулуштук көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин көзөмөлдөө боюнча жогору турган ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик жана анын аймактык подразделениелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун № 1 тиркемесиндеги "Мамархкурулушкөзөмөлдүн" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин подразделениесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- № 2-8-тиркемелердеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "ыйгарым укуктуу орган" жана "мамлекеттик көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин подразделениеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010-жылга карата республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдүн функцияларын камсыздоо үчүн агенттик берген сарптоолор сметасына ылайык каражат караштырсын жана бөлүп берсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдүн функцияларын камсыздоо үчүн материалдык-техникалык базаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик мобилизациялачу финансылык жана негизги каражаттар, ошондой эле башка ресурстар түзүшөт, анын ичинде Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүү республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланат;
- (КР Өмөтүнүн 2014-жылдын 4-декабрындагы № 690 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөөнү ишке ашыруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 15-декабрындагы № 540 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин архитектуралык-курулуштук көзөмөлү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 19-декабрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архитектура жана курулуш иши жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун жетинчи-он экинчи абзацтары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 15-октябрындагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архитектура жана курулуш иши жагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-декабрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архитектура жана курулуштук иш тармагындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-ноябрындагы № 842 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-февралындагы № 73 "Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлордун реабилитациялануучу объектилерине жана курулуш иштерине мамлекеттик контроль жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |