Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 13-ноябры № 703
"Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
"Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча иш-чарлардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган мамлекеттик уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 185 "Жарандардын репродукциялык укуктары жана аларды ишке ашыруу гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын репродукциялык саламаттыгын сактоонун Улуттук стратегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Калктын репродукциялык саламаттыгын сактоо боюнча секторлор аралык координациялык кеңештин курамы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы кырк алтынчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик органдардын балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана пропагандалоо, балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды сатууну жана жарнама кылууну жөнгө салуу жаатындагы ишин координациялайт;".
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсенов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 703 токтому менен бекитилген |
┌─────────────────────────────┬─────────────────────────┬─────────────┐
│ Иш-чаралар │ Аткаруучулар │ Ишке ашыруу │
│ │ │ мөөнөттөрү │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│1. Мамлекеттик органдар жана │Аткаруу бийлигинин │ 2009-жыл, │
│жергиликтүү өз алдынча │мамлекеттик органдары, │ дайыма │
│башкаруу органдары, коомдук │ЖӨБУА (макулдашуу │ │
│уюмдар "Балдарды эмчек эмизип│боюнча), жергиликтүү өз │ │
│багууну коргоо жана балдарды │алдынча башкаруу │ │
│жасалма тамактандыруу │органдары (макулдашуу │ │
│азыктарынын жана │боюнча), мамлекеттик │ │
│каражаттарынын маркетингин │ишканалар, коомдук уюмдар│ │
│жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз │(макулдашуу боюнча) │ │
│Республикасынын Мыйзамынын │ │ │
│2-главасынын 4-беренесинде │ │ │
│каралган зарыл чараларды │ │ │
│көрүшсүн, бул зарыл чаралар │ │ │
│төмөнкүлөрдү камтыйт: │ │ │
│- "тегерек столдорду", │ │ │
│ семинарларды өткөрүү; │ │ │
│- жалпыга маалымдоо │ │ │
│ каражаттарында активдүү │ │ │
│ пропаганда жүргүзүү, │ │ │
│ ошондой эле мамлекеттик │ │ │
│ жана расмий тилдерде │ │ │
│ телероликтерди чыгаруу жана│ │ │
│ көрсөтүү, медициналык │ │ │
│ багыттагы сайттарда │ │ │
│ тиешелүү маалыматтарды │ │ │
│ жайгаштыруу, буклеттерди, │ │ │
│ китепчелерди түзүү жана │ │ │
│ жайылтуу, медициналык │ │ │
│ мекемелерде эмчек эмизүү │ │ │
│ боюнча стенддерди жасоо │ │ │
│ ж.б.; │ │ │
│- эмчек эмизип багуунун │ │ │
│ балдардын, аялдын жана │ │ │
│ үй-бүлөнүн ден соолугуна │ │ │
│ тийгизген пайдасы жөнүндө │ │ │
│ маалымат өнөктүктөрүн │ │ │
│ жүргүзүү. │ │ │
│2. "Балдарды эмчек эмизип │ │ │
│багууну коргоо жана балдарды │ │ │
│жасалма тамактандыруу │ │ │
│азыктарынын жана │ │ │
│каражаттарынын маркетингин │ │ │
│жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз │ │ │
│Республикасынын Мыйзамын │ │ │
│аткаруунун жүрүшү жөнүндө │ │ │
│маалыматты ай сайын Кыргыз │ │ │
│Республикасынын Саламаттык │ │ │
│сактоо министрлигине берип │ │ │
│туруу │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│3. Эмчек эмизип багуунун │Маданият мамлекеттик │ 2009-жыл, │
│балдардын, аялдын жана │агенттиги, Саламатмин, │ дайыма │
│үй-бүлөнүн ден соолугуна │ЖӨБУА (макулдашуу │ │
│тийгизген пайдасы жөнүндө │боюнча), жергиликтүү өз │ │
│маалымат өнөктүктөрүн │алдынча башкаруу │ │
│жүргүзүү │органдары (макулдашуу │ │
│ │боюнча), жергиликтүү │ │
│ │мамлекеттик │ │
│ │администрациялар, Эмгек, │ │
│ │ишке орноштуруу жана │ │
│ │миграция министрлиги │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│4. Үй-бүлөлүк медицина │Саламатмин │ 2010-жыл │
│борборлорунун ден соолукту │ │ │
│чыңдоо кабинеттеринин │ │ │
│адистери үчүн калктын │ │ │
│маалымдуулугун жогорулатуу │ │ │
│боюнча методикалык колдонмону│ │ │
│иштеп чыгуу жана жайылтуу │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│5. Наристелерди жана кенже │Саламатмин │ 2009-жыл, │
│жаштагы балдарды │ │ дайыма │
│тамактандыруу маселелери │ │ │
│боюнча маалыматтык жана билим│ │ │
│берүүчү материалдарды иштеп │ │ │
│чыгуу жана жайылтуу │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│6. Балдарды эмчек эмизип │Саламатмин, Билиммин │ 2009-жыл, │
│багуу жана тамактандыруу │ │ дайыма │
│боюнча медициналык билим │ │ │
│берүү мекемелеринин │ │ │
│студенттери жана саламаттык │ │ │
│сактоо уюмдарынын │ │ │
│кызматкерлери үчүн окуу │ │ │
│программаларына │ │ │
│толуктоолорду киргизүү │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│7. Багыт берүүчү │Саламатмин, ЖӨБУА │ 2009-жыл, │
│кеңешмелердин программасын │(макулдашуу боюнча), │ дайыма │
│иштеп чыгуу жана бекитүү, │жергиликтүү өз алдынча │ │
│аларды өткөрүүнүн графигин │башкаруу органдары │ │
│түзүү жана бекитүү │(макулдашуу боюнча), │ │
│ │жергиликтүү мамлекеттик │ │
│ │администрациялар │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│8. Балдарды эмчек эмизип │Саламатмин, Маданият │ 2009-жыл, │
│багуунун пайдасы жөнүндө │мамлекеттик агенттиги │ дайыма │
│видеороликтерди даярдоо жана │ │ │
│телекөрсөтүүдөн көрсөтүү │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│9. Дарылоо-профилактикалык │Саламатмин, ЖӨБУА │ 2009-жыл, │
│уюмдардын адистери, айылдык │(макулдашуу боюнча), │ дайыма │
│ден соолук комитеттеринин │жергиликтүү өз алдынча │ │
│өкүлдөрү жана айыл │башкаруу органдары │ │
│өкмөттөрүнүн тиешелүү │(макулдашуу боюнча), │ │
│адистери үчүн окутуу │жергиликтүү мамлекеттик │ │
│семинарларын облустук │администрациялар │ │
│деңгээлде уюштуруу жана │ │ │
│өткөрүү │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│10. Биргелешкен │Саламатмин, Эмгек, ишке │ 2009-жыл, │
│күч-аракеттердин │орноштуруу жана миграция │ дайыма │
│натыйжалуулугун жогорулатуу │министрлиги, "Айкын" │ │
│максатында балдарды эмчек │керектөөчүлөрдүн укугун │ │
│эмизип багууну коргоо │коргоо боюнча коому │ │
│чөйрөсүндө иштеген │(макулдашуу боюнча) │ │
│коммерциялык эмес уюмдар │ │ │
│менен кызматташтыкты уюштуруу│ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│11. Индикаторлорду жана │Саламатмин, "Айкын" │ Дайыма │
│мониторингдин каражаттарын │керектөөчүлөрдүн укугун │ │
│алдын ала карап, Мыйзамдын │коргоо боюнча коому │ │
│аткарылышына мониторингди │(макулдашуу боюнча) │ │
│жана баалоону иштеп чыгуу │ │ │
│жана жүргүзүү │ │ │
├─────────────────────────────┼─────────────────────────┼─────────────┤
│12. Балдарды эмчек эмизип │Саламатмин │ 2010-жыл, │
│багууну, кош бойлуу аялдардын│ │ дайыма │
│жана эмчек эмизген аялдардын │ │ │
│тамактануусун коргоонун, │ │ │
│ошондой эле Мыйзамдын │ │ │
│аткарылышынын маселелери │ │ │
│боюнча веб-сайт түзүү жана │ │ │
│колдоо │ │ │
└─────────────────────────────┴─────────────────────────┴─────────────┘
|
|