Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №707 «Россия Федерациясынын менчигине имаратты өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 707
Кабыл алынган
2009-жылдын 17-ноябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2009-жылдын 19-ноябры

Реестрде

Минюст коду
90346

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция17.11.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 17-ноябры №707

Россия Федерациясынын менчигине имаратты өткөрүп берүү жөнүндө

"Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Россия тарап 261617 АКШ доллары суммасына баалаган Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлчүлүгүнүн имаратынын наркы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, № 17 үй, бекитилсин.

2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган имарат жер участогу менен кошо 49 жылдык мөөнөткө кайтарымсыз пайдалануу укугунда Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрине ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имаратты өткөрүп берүү боюнча документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.