Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-ноябры № 712
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.В.Сидоренко, А.А.Кенжебаева, Ж.С.Жакыповдун демилгеси менен киргизилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ноябрындагы № 712 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.В.Сидоренко, А.А.Кенжебаева, Ж.С.Жакыповдун демилгеси менен киргизилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүдөй сын-пикирлерди эске алуу менен аны кабыл алууга болот деп эсептейт.
1-беренеде:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. 331-берененин 1-пунктунун в) пунктчасында "жана жайыттар" деген сөздөр алып салынсын.".
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. 337-беренеде "алардын ичинен айылга жакын жайыттар" деген 7-мамыча алып салынсын.".
2-берене алып салынсын.
Бюджеттик мыйзамдарга ылайык кирешелер жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келип түшүүлөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгы түзгөн Консолидацияланган фондго жиберилет. Республикалык жана жергиликтүү уюмдардын бардык эсептешүү операциялары ошол фонддон жүзөгө ашырылат.
"2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кирешелердин республикалык бюджетке келип түшүүлөр бир түрдүү чагылдырылууга тийиш. Мисалы, келип түшкөн кирешелерди бөлүштүрүү адегенде тийиштүү бюджеттер (республикалык, жергиликтүү) боюнча жүргүзүлөт жана ошондон кийин гана чыгашалар статьялары боюнча бөлүштүрүлөт.
Мына ошентип, тармактык мыйзамдарда каражаттарды чегерүү нормалары колдонуудагы мыйзамдар менен акчалай каражаттарды түзүү фонддору аныкталууга, ал эми түрдүү эсептер боюнча ички бюджетте каражаттарды кайра бөлүштүрүү, анын ичинде аларды пайдаланууга берүү тийиштүү нормативдик актылар менен регламенттештирилүүгө тийиш.
"2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган түзөтүүлөр бюджет аралык мамилелердин белгиленген тартибин бузууга алып келет.
Жайыттык инфраструктураны жакшыртуу жана өнүктүрүү, жайыт комитеттерин жана жайыт пайдалануучулардын бирикмелерин кармоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланууга тийиш экендигин эске алып, жайыттарды пайдалануу үчүн келип түшүүлөрдү айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерүү боюнча норманы кийинки жылдарга бюджетти кароо процессинде мыйзамдуу түрдө бекитүү зарыл.
4-берене ", 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренеден башкалар" деген сөздөр менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 14-беренесине ылайык жаңы салыктарды белгилөө, салыктардын ставкаларын жогорулатуу жагындагы ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып, алар расмий жарыялангандан кийин кеминде эки айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү салык органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен салыктык укуктук мамилелерине жарым-жартылай өзгөртүүлөрдү киргизет жана жайыт пайдалануучулардын салыктык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келет.
Мындан тышкары, сунушталган толуктоо кирешелердин чыгып калуусуна байланыштуу (айылдарга жакын жерлердеги жайыттар боюнча жер салыгы) республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз учурдагы финансылык жылды аяктоого мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Норма жаратуу техникасы. Нормативдик укуктук актыны тариздөөгө карата талаптар" деген 3-главасынын талаптарын эске алуу менен мыйзам долбоорунун түзүмүн толуктап иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилейбиз.
|
|