Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 728 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маселелери
III. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун милдеттери
IV. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун укуктары
V. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары
VI. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети, отчеттуулугу жана аудити
VII. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иш-аракетин уюштуруу
VIII. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүктөрү
IX. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун түзүү жана иш-аракетин токтотуу тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) - Бирдиктүү төлөөчү системасында саламаттык сактоону каржылоонун жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун курамдык бөлүгү катары жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзүнүн иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына жана башка укуктук ченемдик актыларга жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, банктарда улуттук жана чет өлкөлүк валютада депозиттик, алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен мөөрү бар.
4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маселелери болуп төмөнкүлөр саналат:
- медициналык камсыздандыруу тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана Бирдиктүү төлөөчү системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга арналган финансылык каражаттарды топтоо;
- Бирдиктүү төлөөчү системасынын каражаттарын рационалдуу жана максаттуу пайдалануу;
- алдын алуучу, медициналык жана фармацевттик кызматтардын жарандарга акыйкаттык менен жана тең жеткиликтүү болушуна жетишүү үчүн медициналык жардамдын көлөмүн жана сапатын теңдештирүү үчүн шарт түзүп берүү;
- Бирдиктүү төлөөчүнүн каражаттарынан Мамлекеттик гарантиялар программасынын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын алкагында калкка көрсөтүлгөн медициналык жардамга төлөп берүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабай тең шарт түзүп берүү;
- медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүчүлөр берген медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу.
5. Негизги маселелерди аткаруу максатында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду төмөнкү милдеттерди аткарат:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен калкты камтууну кеңейтүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруунун төгүмдөрүн жана Бирдиктүү төлөөчүнүн каражаттарын топтоо;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларынын каржылоосуна багыштоо үчүн бир айлык каржылоодон кем эмес көлөмдө финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу көрөңгөсүн түзүү;
- медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматка төлөп берүү механизмдерин жакшыртуу боюнча актылар долбоорлорун иштеп чыгуу;
- медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүгө кызмат көрсөтүүчүлөр менен келишимдерди түзүү;
- медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматка төлөп берүү;
- менчигинин түрүнө карабай медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүчү берген медициналык-санитардык жардамды Мамлекеттик гарантиялар программасын мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан каржылоо;
- камсыздандырылган жарандарды амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасын ишке ашыруу;
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары консолидациялык бюджеттин каражаттарын пайдаланышын контролдоо;
- кызмат көрсөтүүчүлөр көрсөткөн медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматтардын сапатына экспертиза жүргүзүү;
- өз компетенциясынын чегинде ишке ашырылып жаткан программалардын алкагында камсыздандырылган жарандардын кызыкчылыктарын коргоо;
- саламаттык сактоо тармагында калктын укуктары жөнүндө алардын маалымдуу болушун жогорулатуу;
- саламаттык сактоо уюмдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу жана аларды каржылоо маселелери боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишим түзүү үчүн кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын аткаруу үчүн керектүү төгүмдөр ставкасы жөнүндө сунуш киргизүү;
- калктын ден соолугун чыңдоо жана ооруларды алдын алуу максатында саламаттык сактоонун максаттуу программаларды каржылоого катышуу, илимий негизде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иш-аракетин жакшыртууга жана оптимизациялоого, саламаттык сактоонун өнүгүшүнө каражаттарды жиберүү;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан ыйгарым укуктуу орган берген маалыматтын ырастыгын контролдоо;
- ыктыярлуу медициналык камсыздандыруу уюмдарынын иш-аракетин контролдоо;
- ден соолукту чыңдоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларды жана саламаттык сактоо жаатында башка максаттуу программаларды каржылоо үчүн саламаттык сактоого көмөктөшүү фондду жана бекитилген бюджеттин чегинде саламаттык сактоо уюмдарынын финансылык тобокелин азайтуу жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн стабилизациялык фонд түзүүгө;
- Мамлекеттик гарантиялар программасын жана жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы башка программалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- "Саламаттык сактоо" бөлүгү боюнча бюджеттик стратегияны иштеп чыгууга катышуу;
- башка милдеттерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
6. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүргүзүүгө;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишимдер боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик милдеттерди алгылыктуу аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык санкцияларды салууга;
- министрликтерден, мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана мекемелерден өз милдеттерин аткарууга керектүү маалыматты белгиленген тартипте алууга;
- консультациялык, жарнама басылмалык, окутуучу жана мыйзамдарга карама каршы келбеген иш-аракеттин башка түрлөрүн жүргүзүүгө;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун компетенциясына таандык суроолор боюнча семинар, кеңешме, конференцияларды өткөрүүгө;
- келишимдик негизде тышкы эксперт консультанттарды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иш-аракетине тиешелүү суроолор боюнча тартууга;
- өз компетенциясынын чегинде ведомстволук актыларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык медициналык камсыздандыруу жаатындагы башка укуктарга.
7. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун финансылык каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат, башка бюджеттердин, фонддордун курамына кирбейт. Колдонулбаган каражаттардын калдыктары кайра бөлүштүрүлбөйт жана алып салынбайт.
8. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарын төмөнкүлөр түзөт:
- төгүм төлөөчүлөрдүн бардыгы төлөгөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрү;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярлуу чегерүүлөрү, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка органдардын максаттуу субсидиялары, кайрымдуулук фонддордун, чет өлкөлүк уюмдардын жана жарандардын төгүмдөрү;
- келишимдик милдеттерди алгылыктуу аткарбагандыгы үчүн белгиленген тартипте алынган финансылык санкциялардан;
- пайдаланышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
9. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары төмөнкүлөргө жиберилет:
- медициналык, алдын алуучу, фармацевттик жана башка кызмат көрсөтүүчүлөргө төлөөгө;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун жана анын аймактык бөлүктөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруусунда болгон жалпы каражаттар көлөмүнөн үч процент өлчөмүндө кармоого;
- ишке ашырылып жаткан программалардын алкагында максаттуу иш-чаралары үчүн кызмат көрсөтүүчүлөргө төлөөгө;
- саламаттык сактоого көмөктөшүү фондун жана стабилизациялык фондду түзүүгө. Фонддордун каражаттарын түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;
- медициналык камсыздандыруунун маалыматтык системасынын иштешин камсыз кылууга байланыштуу чыгашаларга.
10. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджет долбоорун жыл сайын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду иштеп чыгат, Саламаттык сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңеш менен макулдашылат жана мыйзамдарда аныкталган тартипте бекитилет.
11. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин аткаруу жөнүндө отчет Саламаттык сактоо реформасы жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңеш менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
12. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иш-аракетинин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
13. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотула турган директор жетектейт.
14. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын ишин уюштурат;
- биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттардын негизги тескөөчүсү болуп саналат;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүктөрдүн штаттык жүгүртмөсүн, түзүмүн жана кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттарын бекитет;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарда жана башка коомдук жана эл аралык уюмдарда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун компетенциясына таандык суроолор боюнча көрсөтүп турат;
- орун басарлары бар, алардын ичинде бирөө биринчи орун басары, аларды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директорунун көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка алат жана кызматтан бошотот;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, мыйзамдарга ылайык аймактык бөлүмчөлөрдүн жетекчилерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, ошондой эле тартиптик жаза салат же аларды сыйлайт;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлеринин, директордун орун басарларынын иш милдетин аныктайт;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүктөрүнүн иш-аракетинин жыйынтыктары жөнүндө жылдык отчетторду бекитет;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт, ошондой эле белгиленген тартипте аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтөт;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлгөн маселелерди аткарууга жоопкерчилик тартат.
15. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Директорлор кеңеши түзүлөт, анын курамына директор (төрага), директордун орун басарлары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарынын директорлору кирет.
Директорлор кеңеши Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору бекиткен жобонун негизинде иш кылат.
16. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүктөрү милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасындагы камсыздандыруу мекемелери болуп саналат, аларды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аймактык принцип боюнча түзөт жана алар аркылуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду милдеттүү медициналык камсыздандырууну жүзөгө ашырат.
17. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык бөлүктөрү жөнүндө жобо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору тарабынан бекитилет.
18. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун түзүмүн өзгөртүү жана иш аракетин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте жүргүзүлөт.