Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №133 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-декабры № 728
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун укук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-апрелиндеги № 215 "Кыргыз Республикасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-ноябрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу тууралуу" токтомунун тиркемесинин 2-пункту.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 728 токтому менен бекитилген |
┌────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │
│караштуу Милдеттүү медициналык │
│камсыздандыруу фонду │
└──────────────┬─────────────────┘
│
┌──────────────┴─────────────────┐ ┌────────────────────────────────┐
│Борбордук аппарат │ │Саламаттык сактоо реформасы жана│
│ ├───┤милдеттүү медициналык │
│ │ │камсыздандыруу боюнча Байкоочу │
│ │ │кеңеш │
└──────────────┬─────────────────┘ └────────────────────────────────┘
│
┌──────────────┴─────────────────┐
│Аймактык башкармалыктар │
└────────────────────────────────┘