Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 741
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп эсептөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-берене) төмөндөгү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 7-беренеде:
- экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"Башка мамлекеттин жарандыгында болбогон, кылмыш иши үчүн соттолбогон, соттолгондугу алынганына же жоюлгандыгына карабай, 19 жаштан жогорку курактагы ички иштер органдарындагы кызматка жарактуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринен талап кылынуучу квалификациялык билимдерге ээ КРнын жараны ички иштер органдарынын кызматкери боло алат.";
- төмөндөгү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Ички иштер органдарынын кызматкеринен талап кылынган квалификациялуу билимдер, КРнын Президенти бекиткен КРнын ички иштер органдарынын катардагы жана башчылык кылуучу курамы өтөөчү кызмат жөнүндө Жобо менен аныкталат.
Ички иштер органдарында кызмат өтөөгө жарактуулук аскер кызматы үчүн белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлүүчү медициналык текшерүүлөрдүн негизинде аныкталат.".
2. Төмөнкү мазмундагы 7-1 жана 7-2-беренелер менен толукталсын:
"7-1-берене. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын
наамдары
Ички иштер органдарынын кызматкерлерине төмөндөгү атайын наамдар ыйгарылат:
- катардагы курамга: катардагы милиционер; ички кызматтын катардагы кызматчысы;
- кенже башчылык кылуучу курамга: милициянын кенже сержанты, ички кызматтын кенже сержанты, милициянын сержанты, ички кызматтын сержанты, милициянын улук (же ага) сержанты, ички кызматтын улук сержанты, милициянын старшинасы, ички кызматтын старшинасы, милициянын прапорщиги, ички кызматтын прапорщиги, милициянын улук прапорщиги, ички кызматтын улук прапорщиги;
- орто башчылык кылуучу курамга: милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты, милициянын улук лейтенанты, ички кызматтын улук лейтенанты, милициянын капитаны, ички кызматтын капитаны;
- улук башчылык кылуучу курамга: милициянын майору, ички кызматтын майору, милициянын подполковниги, ички кызматтын подполковниги, милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги;
- жогорку башчылык кылуучу курамга: милициянын генерал-майору, ички кызматтын генерал-майору, милициянын генерал-лейтенанты, ички кызматтын генерал-лейтенанты, милициянын генерал-полковниги, ички кызматтын генерал-полковниги.
7-2-берене. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын жеткен
чеги
1. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында төмөндөгү куракка чейин кызмат өтөй алышат:
1) катардагы жана кенже башчылык кылуучу курамдагы атайын наамдары барлар:
- 50 жашында отставкага бошотулат;
- 45 жашында запаска бошотулат.
2) орто жана улук башчылык кылуучу курамдагы атайын наамдары барлар:
- 55 жашында отставкага бошотулат;
- 50 жашында запаска бошотулат.
3) жогорку башчылык кылуучу курамдагы атайын наамдары барлар:
- 60 жашында отставкага бошотулат;
- 55 жашында запаска бошотулат.
2. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги КРнын ички иштер органдарында катардагы жана башчылык кылуучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү Жобосу белгилеген тартипте 5 жылга узартылышы мүмкүн.
3. Ички иштер органдарынын штаттык саны кыскарган же структуралары жоюлган учурда, кыскарып же жоюлуп жаткан кызматты ээлегендер, ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында ички иштер органдарында кызмат өтөө курагы чегине жеткенге чейин калтырылуу менен кызматтарынан бошотулат.
4. Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга үч ай бою алар запаска кеткенге чейинки алып жүрүшкөн айлык акыларынын көлөмү төлөнөт.
5. Ваканттык штаттык кызмат пайда болуп калган учурда ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдардын ичинен алардын мурдагы кызмат ордун жана атайын наамын эске алуу менен ишке дайындашат. Мындай учурда ротация жолу менен да кызматка дайындаса болот.
6. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагы чегине жеткен кызматкерлер, ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылгандарды кошкондо, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулууга тийиш.".
4. 8-беренеде:
- 15-пункттагы "кылмыш жазасы жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. 10-беренедеги жетинчи жана сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ал күчүнө киргенден тартып, эгер ушул берененин 2-абзацында башка каралбаса келип чыгуучу укуктук мамилелерге жайылтылат.
Ички иштер органдарынын өздүк курамынын кызмат өтөө жөнүндө Жобого таянган ички иштер органдарынын кызматкерлерин бошотуу жөнүндөгү, "Кыргыз Республикасынын ички органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кабыл алынган чечимдердин юридикалык күчү сакталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|