Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 732 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
IV. Мамлекеттик агенттиктин ыйгарым укуктары
V. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
VI. Мамлекеттик агенттиктин финансысы жана чарбалык иши
VII. Корутунду жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) экономиканын бардык тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы, бааны жөнгө салууну жүргүзгөн мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөргө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылык системасында жана банк-агенттеринде алыш-бериш эсептерге ээ.
4. Мамлекеттик агенттик өз ишин өзүнүн аймактык органдары аркылуу да түздөн-түз башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана башка уюмдар менен эриш-аркак жүргүзөт.
5. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- товардык рыноктордун, жумуштардын жана кызматтардын натыйжалуу иштеши үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо;
- монополияга каршы, бааны жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого натыйжалуу мамлекеттик контролду ишке ашырууга;
- монополизмдин жана кара ниет атаандаштыктын таасиринен керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын коргоо;
- жарнак жөнүндө мыйзамдын аткарылышы үчүн мамлекеттик контролду жүргүзүү.
6. Мамлекеттик агенттик өзүнө ыйгарылган милдеттерге ылайык төмөнкү иштерди жүргүзөт:
- жөнгө салынган чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын сакталышы үчүн мамлекеттик контролду жүргүзөт;
- экономиканын тармактарында бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы, баа саясатын ишке ашырат;
- мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жөнгө салынган чөйрөдөгү мыйзамды жүзөгө ашыруу боюнча сунушту киргизет;
- Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнак жөнүндө мыйзамдарын жана монополияга каршы мыйзамын сактоо, анын ичинде мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын мыйзамга ылайыксыздуулугу маселелери боюнча жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык тараптардын даттануусун жана арыздарын карап чыгат;
- жөнгө салынган чөйрөдөгү мыйзамдын бузулушу тууралуу иштерди карап чыгат;
- мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттер аралык макулдашууларды түзүү жол-жобосунда, эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын мамлекеттик органдары жана коомдук уюмдары менен анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматташууну жүргүзөт;
- өзүнүн иши жана кабыл алынган чечимдери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка маалымдап туруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Мамлекеттик агенттиктин иш процессинде пайда болгон архивдик документтерди комплектөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү;
- монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак чөйрөсүндөгү маселелер боюнча консультация берүү;
- монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарды пайдалануу боюнча практикалык курстарды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
- Мамлекеттик агенттиктин чарбалык ишинин бухгалтердик эсебин жана финансылык отчеттуулугун жүргүзөт;
- атаандаштыкты өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктары, жарнак, бааны жөнгө салуу тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна корутундуну берет;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык тараптарга Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча тартип бузууларды токтотуу тууралуу милдеттүү болгон жазма буйруктарды аткаруу үчүн берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкармалыктарга жана алардын кызматтагы жооптуу тараптарына, чарбакер субъекттерге, уюмдарга жана мекемелерге жана алардын жетекчилерине, жеке тараптарга айып жана экономикалык санкция салуу тууралуу чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте кабыл алат;
- Мамлекеттик агенттиктин ишин жүргүзүүгө ылайык монополияга каршы, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын бузуу менен байланышкан иштерди карап чыгууда сот отурумдарына катышат, ошондой эле доо арыздары жана арыздар менен сотторго кайрылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мыйзамдардын бузулушу боюнча иштерди козгоо тууралуу маселелерди чечүү үчүн материалдарды укук коргоо органдарына жиберет;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден маалыматты, статистикалык маалыматты, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды, анын ичинде купуя жана/же коммерциялык сырды түзгөн маалыматты сурайт;
- жүктөлгөн милдеттерди тиешелүү түрдө аткаруу үчүн керек болгон башка милдеттерди жүзөгө ашырат:
а) товар, жумуш жана кызмат рыногунун натыйжалуу иштеши үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо боюнча:
- экономиканын монополдук чөйрөсүн монополиядан чыгаруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууну;
- Кыргыз Республикасынын ички рыногунда атайын коргоочу, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүдө монополияга каршы мыйзамдын талаптарын сактоо тууралуу эксперттик корутундуну даярдоого;
- товарлардын жана кызматтардын (жумуштардын) тиешелүү рыногунда атаандаштык чөйрөсүнүн абалына талдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- монополиялык иштин жана кара ниет атаандаштыктын таасиринен жана атаандаштыкты чектөөгө багытталган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш аракетинен чарбакер субъекттердин жана жарандардын укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу;
- рыноктук мамилелердин болушуна, атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана ишкердүүлүк иш-аракетин жөнгө салууга, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана жарнакка тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо;
- мыйзам тарабынан белгиленген тартипте аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилген уруксаат берүү документтеринин наркын макулдашат;
- уруксат берүү документтерин берген аткаруу бийлик органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн маалымат базасын жүргүзөт;
- эгерде монополияга каршы мыйзам алар тарабынан бузулган учурда чарбакер субъекттердин экспорттук-импорттук операцияларын лицензиялаштырууга, тыюу салууга же ишин токтотууга тиешелүү болгон иш түрүнүн тизмеси боюнча, каттоочу жана уруксаат берүүчү процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- чарбакер субъекттердин биригиши, кайрадан түзүлүшү, ишинин токтотулушу, коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы акцияларга (үлүштөргө) ээ болуу, монополияга каршы мыйзам тарабынан каралган башка бүтүмдөрдү ишке ашыруу тууралуу өтүнүч каттарын/кабарламасын карап чыгуу жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууга;
- рынокто үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген жана монополиялык ишкердикти жүргүзгөн чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүштүрүү тууралуу чечимди кабыл алууга;
- чарбакер субъекттердин кайра түзүлүшү жана жоюлушу маселелери боюнча, табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин бүтүмдөрү жана инвестициялары, чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы акцияларга (үлүштөргө) ээ болуу үчүн жана мыйзамдарында каралган башка учурда мамлекеттик монополияга каршы экспертизаны жүзөгө ашырууга жана алар боюнча тиешелүү корутундуларды берүүгө;
б) монополияга каршы, бааны жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн натыйжалуу мамлекеттик контролду жүргүзүү боюнча:
- табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин иш чөйрөсүндө мыйзамдын сакталышы үчүн мамлекеттик жөнгө салууга жана контролго катышууга;
- керектөөчүлөр үчүн алардын саткан товарларынын жана көрсөтүлгөн иштеринин жана кызматтарынын жетиштүүлүгүн камсыздаган алардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо аркылуу керектөөчүлөрдүн жана табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин кызыкчылык балансын камсыз кылат;
- табигый жана уруксаат берилген монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестрин жөнгө салат жана жүргүзөт;
- товарлардын, жумуштардын жана кызматтардын тиешелүү рыногунда чарбакер субъекттердин үстөмдүгүнүн чектүү деңгээлин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табигый жана уруксаат берилген монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салган ыкмаларды аныктайт;
- монополияга каршы мыйзамдын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө, жарнак жөнүндө мыйзамдарынын сакталыш маселеси, ошондой эле чарбакер субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, базарлардын бааларды (тарифтерди) жөнгө салуу жана колдонуу тууралыгын сактоо маселеси боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана жазуу түрүндө же оозеки керек болгон документтерди, маалыматты жана түшүндүрмөнү алууга;
в) монополизмдин жана кара ниет атаандаштыктын таасиринен керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча:
- мамлекеттик органдар жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, мекемелер, уюмдар, анын ичинде билим берүү жана медицина мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн акысыз жана акы төлөнүүчү кызматтарга маалыматтар базасын жүргүзөт;
- соода аянттарын берген субъекттердин маалымат базасын жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга (иштерге) бааны (тарифтерди) макулдашат;
- менчигинин түрүнө карабастан билим берүү жана медицина мекемелери, уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарга (иштерге) бааларды (тарифтерди) макулдашат;
- соода аянттарын берген субъекттердин кызматтарына (жумуштарына) бааларды (тарифтерди) макулдашат;
г) жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таркатуучулардын жарнак ишкердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча:
- өз компетенциясынын чегинде жарнак жөнүндө мыйзамдын сакталышы үчүн мамлекеттик контролдоону жүргүзөт;
- жарнак чөйрөсүндөгү кара ниет атаандаштыктан коргойт;
- жарнакты керектөөчүлөрдү баш аламандыкка алып барган же жеке же юридикалык жактардын, ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө зыян алып келе турган же көрсөтүлгөн жактардын аброюна же иш зоболосуна, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарга, гумандуулук принциптерине жана моралына зыян келтирген туура эмес жарнакты болтурбайт жана алдын-алат;
- ишкердүүлүктүн тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясынын ишин токтотуу же мөөнөтүнөн эрте жокко чыгаруу тууралуу маселелерди чечүү үчүн лицензияны берген органга жарнак жөнүндө мыйзамдын бузулушу тууралуу материалдарды жиберет.
7. Мамлекеттик агенттик өзүнө ыйгарылган милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
- Мамлекеттик агенттик өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарынын бузулушу тууралуу сунуштарды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте киргизүү;
- мыйзамдын бузулушу боюнча иштерди карап чыгуу, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүү, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн керектүү консалтингдик, баалоочу, аудиторлук, юридикалык жана башка уюмдарды, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде белгилүү бир иштер жана кызматтар менен иштөөгө укугу бар чет элдик уюмдарды тартуу;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин кесиптик даярдалышын уюштурууга, аларды кайрадан даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана мыйзам тарабынан бекитилген тартипте стажировкага жиберүү;
- Мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын отурумунда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча угуу;
- Мамлекеттик агенттиктин деңгээлин күчөтүү максатында эл аралык, коомдук уюмдарынын финансы каражаттарынан мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте тартуу;
- конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу;
- товарлар, иштер жана кызматтар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнак иштери рынокторунда атаандаштык чөйрөсүн баалоо үчүн сатуучулардын жана сатып алуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүү;
- кеңешүү органдарын түзүүгө (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде бекитилген иш чөйрөсүндөгү, курамы жана жобосу Мамлекеттик агенттиктин директору тарабынан бекитилген белгиленген иш чөйрөсүндөгү ведомстволук органдарды түзүү;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын белгиленген тартипте түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасын эл аралык уюмдарда көрсөтүү;
- ведомстволук сыйлыктарды түзүүгө жана ведомстволук сыйлыкты берүү жана сыйлоо тартибин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашыруу.
8. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөрдөн турат:
- борбордук аппараттан;
- аймактык органдардан.
9. Мамлекеттик агенттикти директор жетектейт, ал мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
10. Мамлекеттик агенттиктин директору:
- Мамлекеттик агенттиктин ишине бирдиктүүлүктүн негизинде жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына карата жана чет мамлекеттерге карата Мамлекеттик агенттиктин атынан көрсөтүлөт жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара иш алып барат жана кызматташуу тууралуу эл аралык келишимдерге кол коет;
- статс-катчынын жана директордун орун басарынын милдеттерин бөлүштүрөт, ошондой эле Мамлекеттик агенттиктин уюштуруучулук, кадрлык, финансы-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча башка кызматтагы жооптуу жактардын укуктарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген чектерде борбордук аппараттын жана аймактык органдардын структурасын, штаттык расписаниесин, айлык акы төлөө фондун жана Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин чектүү санын бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана аймактык органдар тууралуу жобону бекитет;
- өз компетенциясынын чегинде чечимдерде кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин чектүү саны боюнча сунушту киргизет;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин өкүл органы менен жамааттык келишимге кол коет;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине тартиптик жоопкерчиликтин чараларын белгиленген тартипте колдонот;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана борбордук аппараттын кызматкерлерин, аймактык органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин мыйзам тарабынан белгиленген тартипте кызматына дайындайт жана кызматынан бошотот;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин сыйлоо тууралуу маселелерди чечет;
- Мамлекеттик агенттиктин каражаттарын жана мүлкүн мыйзам тарабынан белгиленген тартипте башкарат;
- мыйзамдарга карама-каршы келген Мамлекеттик агенттиктин аймактык органдарынын чечимдерин жокко чыгарат;
- Мамлекеттик агенттиктин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамын ыйгарууга белгиленген тартипте көрсөтөт;
- Мамлекеттик агенттиктин иш регламентин бекитет;
- мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
11. Мамлекеттик агенттиктин штатында статс-катчы жана директордун орун басары кызматы түзүлгөн.
Статс-катчыны кызматына дайындоо, бошотуу тартиби, статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамы менен аныкталат.
Директордун орун басары Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат.
Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары түздөн-түз директорго баш ийет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштурат.
12. Мамлекеттик агенттикте 7 мүчөдөн турган коллегия түзүлөт, анын курамына кызматы боюнча директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана директордун орун басары, Мамлекеттик агенттиктин башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын жекече курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Коллегиянын иш тартиби Мамлекеттик агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилген Жобо менен аныкталат.
VI. Мамлекеттик агенттиктин финансысы жана чарбалык иши
13. Мамлекеттик агенттиктин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны камсыздоо жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражатынан;
- мыйзамдарга ылайык жөнгө салынган атайын каражаттардан;
- эл аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн кредиттеринин жана гранттарынын жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каражаттардан.
14. Төмөндөгүлөр Мамлекеттик агенттик тарабынан атайын каражаттан каржыланат:
- өзүнүн функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон шаймандарды, приборлорду, өлчөө техникасын сатып алууну кошкондо материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү;
- программалык продуктыларды алуу;
- монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында дүйнөлүк жана аймактык конференцияларга, семинарларга катышуу;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык кызматташуулар;
- Кыргыз Республикасы же Мамлекеттик агенттик мүчө болуп эсептелген эл аралык уюмдардын ишине катышуу;
- Мамлекеттик агенттиктин жумуш берүүчүлөрү жана кызматчыларынын өкүлчүлүк органынын ортосунда түзүлгөн жамааттык келишим боюнча милдеттерди аткаруу;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча мониторинг өткөрүү.
15. Мамлекеттик агенттикти кайра түзүү жана ишин токтотуу мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.