Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2009-жылдын 8-декабры № 745
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык социалдык жеңилдиктерди берүүнүн колдонуудагы системасынын өзгөргөндүгүнө, ошондой эле электр жана жылуулук энергияларына тарифтердин жогорулашына байланыштуу калктын жашоо деңгээлинин төмөндөп кетишине жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директору, Кыргыз Республикасынын финансы министри, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрайымы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|
Долбоор
1-берене.
1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 10-берененин 7-бөлүгүндө "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын;
16-беренеде:
- 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-бөлүктөгү "жеңилдиктердин" деген сөз "социалдык гарантиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-берененин 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Курман (каза) болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация төлөнөт."
2. "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 6, 184-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 34-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка жеңилдиктер белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөнөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 40-берененин аталышындагы "жана алар үчүн жеңилдиктер" деген сөздөр алып салынсын;
- 40-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 19-берененин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктер белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация төлөнөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 87-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 21-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана жеңилдиктер" деген сөздөр алып салынсын.
5. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 104-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-беренедеги "жеңилдиктерден" деген сөз "социалдык гарантиялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 12, 554-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 24-берененин 5-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 33-берененин 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Курман (каза) болгон адамдын үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсация төлөнөт.";
- 34-берененин 8- жана 9-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
7. Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-берененин 5-абзацындагы "жеңилдиктерди" деген сөз "жөлөкпулдарды, компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-берененин 1-бөлүгүндөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "жөлөкпулдарды, компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын";
- 7-берененин 2-абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 8-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8-берене. Социалдык гарантиялар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;
- протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";
- 14-беренедеги "жеңилдиктерди жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 7-9, 665-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана жана толуктоолор киргизилсин:
6-берененин 2-бөлүгүндөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "артыкчылыктарды" деген сөзгө алмаштырылсын;
- II главанын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-берененин 3-бөлүгүндөгү "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган," деген сөздөр менен толукталсын, "жеңилдиктерден жана" деген сөздөр "социалдык гарантиялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-берененин 1-бөлүгүндөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-берененин аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-берененин аталышындагы жана 2-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер" жана "жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" жана "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15-беренеде:
- берененин аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктөгү "донорлор," деген сөз "Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген," деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
- "1) протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";
- 1-бөлүктүн 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 1-бөлүктүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияга.";
- 2-бөлүктөгү "жеңилдиктерден" деген сөз "укуктар жана гарантиялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуланын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарактуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдарга таркатылат.";
- 2-беренедеги "жеңилдиктерди" деген сөз "компенсацияларды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи, сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- алган пенсиясынын түрүнө карабастан, экинчи ирет никеге турбаган каза болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын күйөөсү (аялы);
- каза болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын ата-энеси.";
8-беренеде:
- 1- жана 4-бөлүктөрдөгү "жеңилдиктер жана гарантиялар" деген сөздөр тийешелүү жөндөмөдө "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "нормалардын чектеринде" деген сөздөр "өлчөмдөрүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 9-беренедеги "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13-беренеде:
- биринчи абзацтагы "кошумча жеңилдиктер жана гарантиялар" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы ", санаторий-курорттук дарыланууга, дары-дармектер жана медициналык арналыштагы буюмдар менен камсыз болууга" деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацтагы "коммуналдык-тиричилик кызматтары жана" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25-беренелердин аталыштарындагы "Жеңилдиктер жана" деген сөздөр "Социалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
14-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";
- 9, 13, 19, 20, 21, 22, 26-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 25-пункттагы "25 процент жеңилдик берүү менен" деген сөздөр алып салынсын;
15-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8. Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";
- 10, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29, 30, 31, 36-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 35-пункттагы "акысыз" деген сөз алып салынсын;
16-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "жеңилдиктер жана гарантиялар" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
17-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, аскер адистерин, аскер кеңешчилерин, согуш аракеттерине катышкандарды кошо алганда, бул Мыйзамдын 14-беренесинде каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар 15-беренеде каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат.";
- I бөлүктүн экинчи абзацындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- I бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- II бөлүктөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- II бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";
- III бөлүктөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
18-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";
- 6, 8, 10, 11-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14. Жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка себептерден улам майып деп таанылган ооруктун эмгекчилерине компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүзөгө ашырылат.";
19-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";
- 5, 8, 10, 12, 14, 15, 16-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";
20-берененин 1-бөлүгүндө:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";
- 2, 6, 8, 9-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 21-беренедеги "жеңилдиктерден жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 22-беренедеги "жеңилдиктерден жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 23-берененин биринчи абзацындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
24-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";
- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
25-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер" деген сөз "компенсациялар" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";
- 11, 12, 14, 17, 18, 19, 20-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- 26-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"26-берене. Улуу Ата-Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын
жана катышуучуларынын аялдарына (күйөөлөрүнө), Кыргыз
Республикасынын Баатырларына, Советтер Союзунун
Баатырларына жана бардык үч даражадагы Даңк ордени
менен сыйланган адамдарга, ошондой эле каза болгон
партизандарга жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө,
1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына
чейин курчоо мезгилинде Ленинград шаарынын
ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген
адамдарга жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы
жана "Курчоодо калган Ленинграддын жашоочусу" төш
белгиси менен сыйланган, жалпы оорудан, эмгектен
мертинген жана башка себептерден улам (башка укукка
каршы аракеттердин натыйжасында майыптыкка дуушар
болгон адамдардан башкалар) майыптар деп табылган
жана башка никеге турбаган адамдарга социалдык
гарантиялар жана компенсациялар
Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө белгиленет."
- 27-берене күчүн жоготту деп табылсын;
30-беренеде:
- биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
- 32-беренедеги "жеңилдиктерин жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
33-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "жеңилдик укугу берилгендиги жөнүндө" деген сөздөр "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "жеңилдиктерин жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;
Мыйзамга Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен согуш аракеттерин киргизилген мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин тизмеси" деген тиркемеде:
- I бөлүмдүн он экинчи абзацы алып салынсын;
- III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Венгриядагы согуш аракеттери: 1956-жыл.".
10. Кыргыз Республикасынын "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., № 7, 220-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
11-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Эгерде реабилитацияланган адам репрессиянын натыйжасында майыптыкка дуушар болгон болсо же пенсионер болуп эсептелсе, ага төмөнкүлөргө да укуктар берилет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте компенсация алууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейленүүгө;
- кезексиз телефон койдурууга;
- өтө картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө кезексиз кабыл алуу, дайындалган пенсиясынын 25 проценттен кем эмес сакталган пенсия алып, толук мамлекеттин камсыздоосунда ал жерде жашоого.";
- 5-бөлүктөгү "жеңилдиктерге" деген сөз "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-бөлүктөгү "жеңилдиктерден" деген сөз "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамына ("Свободные горы" гезитине карата тиркеме, № 1, август, 1992-ж.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 12-берененин 9-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
20-беренеде:
- 3-бөлүктөгү "жеңилдиктерден" деген сөз "социалдык гарантиялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
12. Кыргыз Республикасынын "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-беренеде:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3-берене. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен жарандардын тарткан зыяндарынын ордун толтуруп алууга, социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга болгон укугу";
- 1-бөлүктөгү "акчалай жана башка материалдык компенсацияларды, жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана акчалай компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "жашаган" деген сөздөн мурда "туруктуу" деген сөз менен толукталсын, "башка компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-беренеде:
- аталышындагы "компенсацияны жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктөгү "жана жеңилдиктердин" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-бөлүктөгү "айкын өлчөмдөрү" деген сөздөрдөн мурда "тартиби жана" деген сөздөр менен толукталсын, "жана жеңилдиктер" деген сөздөр алып салынсын;
- 6, 7-беренелердин аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-беренеде:
- 1-бөлүктүн 1-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө;";
- 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;";
- 1-бөлүктүн 6), 11), 12), 26) пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул берененин 1-1, 14, 16, 17, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында каза болгон жарандардын, келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө таркатылат.";
7-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул мыйзамдын 5-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар бул Мыйзамдын 6-беренесинин 3, 7, 13, 14, 16, 19, 20, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантияларга жана компенсацияларга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:";
- 1-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөөгө;";
- 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөөгө;";
- 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3) Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;";
- 1-бөлүктүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6-беренин 7-пунктунда жана ушул берененин 1-1 жана 4-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөрүнө колдонулат.";
- 3-бөлүктөгү "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө, "1 жана 5-пункттарда" деген сөздөр "1-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөөгө;";
- 3-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) Протез-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";
- 3-бөлүктүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-бөлүктөгү "компенсациялар менен жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсацияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8, 9-беренелердин аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-беренеде:
- биринчи абзацтагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-беренеде:
9-берененин биринчи абзацындагы "компенсацияларга жана жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 10, 13-беренелердин аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-беренеде:
- "компенсацияларга жана жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацтагы "кийинки" деген сөздөн кийин "эки" деген сөз менен толукталсын, "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-бөлүктүн 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө;";
- 1-бөлүктүн 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;";
- 1-бөлүктүн 1-пунктунун төртүнчү, бешинчи, жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
- 3-бөлүктөгү "ыйгарым укук берилген органдар тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында ден соолугуна зыян келтирген адамдарга берилүүчү компенсациялар" деген III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын;
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамында пайдаланылган терминдер жана түшүнүктөр" тиркемесинде:
- 2-пункттагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "зонадан башка жерге барып жашоого чечим кылган жарандар көчүүгө байланыштуу жоголгон мүлкү үчүн жана ушул мыйзамда белгиленген башка компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|