Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 747
"Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Т.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Т.Дербишева тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл жарым ай коому жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 747 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Т.Дербишеванын демилгеси менен киргизилген "Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай улуттук коому жөнүндө" (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй сын-пикирлерин жана сунуштарын белгилейт.
Мыйзам долбоорунун преамбуласынын редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык преамбулага нормативдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин алтынчы бөлүгүнө ылайык, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдардын беренелеринен тышкары учурларда берененин аталышы болууга тийиш. Беренелер араб сандары менен белгиленип, укуктун айрым нормаларын камтыган бөлүктөрдөн турат. Берененин бөлүктөрү чекит коюлган араб саны менен белгиленет жана кашаа менен жабылган араб сандары менен белгиленген пункттарга бөлүнүшөт. Буга байланыштуу мыйзам долбоорун "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай коому Кыргыз Республикасынын аймагында адамдар ортосундагы өз ара мамилелерде тынчтык, гуманизм, боорукердик жана мээрмандык идеяларын таратуу максатында иштеген ыктыярдуу коомдук көз каранды эмес жалгыз уюм болуп саналбагандыктан, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү "жалгыз" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин башка нормативдик укуктук актыга же анын түзүмдүк элементине шилтеме жасоону колдонууда нормативдик укуктук актынын түрү жана аталышы, кабыл алынган датасы, нормативдик укуктук актынын катталуу номери көрсөтүлө тургандыгын регламенттеген төртүнчү бөлүгүнө ылайык Мыйзам долбоорунун башка актыларга шилтемени камтыган айрым жоболорун толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн редакциясын укук нормасынын маани-маңызынын аякталбагандыгын эске алуу менен кайра караштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү "нормативдик-укуктук актылар" деген сөздөрдү "нормативдик укуктук актылар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин биринчи бөлүгүндө эмблеманы пайдалануу тартиби, "Кызыл жарым ай жана Кызыл крест эмблемасын пайдалануу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталгандыгын эске алып, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин экинчи бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунда жалпы кабыл алынган моралдык баалуулуктарды бекемдөөнүн зарылдыгы жоктугуна байланыштуу 5-берененин экинчи бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Жөнгө салуу предметинин окшоштугунан улам Мыйзам долбоорунун 9 жана 10-беренелерин бириктирүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесинин экинчи бөлүгүндө ыйгарым укук берилген органдардын коомго же болбосо Кыргыз Республикасына таандыктыгын тактоону сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин биринчи бөлүгү "компетенциясына" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин экинчи бөлүгүндөгү "мыйзам" деген сөздү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 4 жана 6-пункттары менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 3 жана 220-беренелерине карама-каршылыктуулугуна байланыштуу алып салууну сунуштайбыз. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары гана болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган учурлардан тышкары салык мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.
Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин предметин такташтыруу максатында "ишин" деген сөздөн мурда "коомдун" деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынган жана тийиштүү чөйрөдө эң маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар мыйзам катары түшүнүлөт.
Мыйзам долбоорунун регламенттик мүнөзүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Кызыл жарым ай улуттук коомунун статусунун жана ишинин маселелерин мыйзам сыяктуу нормативдик укуктук актынын түрү менен жөнгө салуу максатка ылайыктуу эмес деп эсептейбиз.