Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-декабры № 748
"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Өкмөттүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 748 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28 жана 29-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Сунушталган Мыйзам долбоорунда колдонуудагы "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "же эки жылдан кем эмес эмгек стажысы бар" деген сөздөрдү алып салуу каралган.
Демек, Мыйзамдын колдонуудагы нормасы Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесине ылайык келтирилет, бул беренеде "Биринчи жолу мамлекеттик кызматка кирген жана иш стажысы жок адистин зарыл тажрыйба топтошу жана анын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси ээлеген мамлекеттик кызмат орду боюнча эмгек акы төлөп берүү менен аны 3 айга чейинки сыноо мөөнөтү менен мамлекеттик кызмат ордуна дайындашы мүмкүн." деп белгиленген.
Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сын-пикири жана сунушу жок.
Баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.