Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №124 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 758
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдасын жана киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 758 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
V
Борбордук аппарат (инженердик-техникалык борбор) |
V
Аймактар аралык башкармалыктар |