Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 761
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 761 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуну берет.
Көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, атап айтканда автоматтык режимде иштөөчү фото-, кино тартуу, видео жазуу функциясы бар же фото-, кино тартуу, видео жазуу атайын техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу администрациялык укук бузууларды аныктоо жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган. Ошондой эле аталган Кодекске Жол кыймылынын эрежелерин анын катышуучулары бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатууга, жол кыймылынын коопсуздук жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган адамдарга карата администрациялык өндүрүш жөнүндө иштер боюнча жоопкерчиликке тартуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде көрсөтүлгөндөй тартип бузууларды аныктоонун атайын техникалык каражаттарын ишке киргизүү, атап айтканда Бишкек шаарынын аймагында көчө жана жолдордогу коопсуздукту жогорулатууга, жол кыймылын кыйла жакшыраак башкарууга, шаардын негизги магистралдарын, кесилиштерин, коомдук иш-чараларды өткөрүү жерлерин видеокөзөмөл менен камтууга, жол-транспорттук кырсыктар болгон учурда талаш кырдаалдарды кыйла негиздүү жана оперативдүү чечүүгө, коррупциянын деңгээлин азайтууга, террористтик коркунучтарга каршы натыйжалуу күрөшүүгө өбөлгө түзмөкчү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Мыйзам долбоору боюнча эскертүүлөрүн жана сунуштарын берген эмес.
Ушуну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы юридикалык-техникалык мүнөздөгү эскертүүлөрүн жана сунуштарын беришкен.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мамлекеттик органдарынын эскертүүлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу шартында берилген мыйзам долбоорун кабыл алууну колдойт.
Тиркеме: 10 баракта.