Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 762
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 762 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Берилген Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамын "Ички иштер органдарынын экология боюнча адистештирилген бөлүмчөлөрү (экологиялык милиция)" деген 8-1-берене менен толуктоо каралган. Ушул эле учурда ички иштер органдарынын экология боюнча адистештирилген бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй функцияларды берүү божомолдонгон: 1) тиешелүү аймакта экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; 2) жаратылышты пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү; 3) жаратылыш объекттерин коргоо эрежелерин, сууну коргоонун санитардык зонасынын жана курорттук-ден соолукту чыңдоо объекттеринин режимдерин бузууларга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү; 4) мыйзамсыз балык уулоого, браконьерчиликке, аңчылыкка, бак дарактарды жана токойлорду кыюуга каршы күрөштү курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча тиешелүү органдар менен бирге жүргүзүү; 5) жарылуучу, күчтүү таасир берүүчү химиялык, уулуу, баңги зат камтыган жана башка заттарды, куралдарды жана ок-дарыларды сатып алуунун, сактоонун жана ташуунун эрежелерин сактоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылуу.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде берилгендей, мыйзам долбоорун демилге кылуучу азыркы мезгилде иштеп жаткан жаратылыш коргоо түзүмдөрү өздөрүнүн функционалдык милдеттерин толук түрдө аткарбай жатат, ошондуктан бул маселени чечүү үчүн экологиялык милицияны - экология боюнча адистештирилген бөлүмчөнү түзүү зарыл деп эсептейт.
Ошону менен бирге эле "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык нормативдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемеси нормативдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишиле турган же чечиле турган максаттар жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды, кабыл алынуучу нормативдик укуктук актыны колдонууда мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолун, нормативдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүн талдоону, аны каржылоонун булактарынын бар-жогу тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш.
Мыйзам долбоорунун 8-1-беренесинин сунуш кылынган редакциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин органдарынын колдонуудагы мыйзамдарда ("Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде ж.б.) бекитилген функцияларын, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын кайталайт.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында экологиялык милицияны түзүү менен байланышкан финансылык-экономикалык эсептөөлөр, тактап айтканда зарыл болгон кошумча штаттык бирдиктердин саны, эмгек акы фонду, жаңы түзүмдү материалдык-техникалык камсыздоого кеткен башка чыгымдар жана башкалар келтирилген эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик бюджеттин эсебинен тындырылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык Өкмөт каржылоо булактарын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилейт.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасы энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздукту камсыз кылуу, баалардын кескин түрдө өсүшү сыяктуу проблемаларга туш болду. Бул проблемалар соодадагы негизги өнөктөш болгон өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнүн начарлоосуна, өтүмдүүлүк деңгээлинин андан ары төмөндөп кетүүсүнүн коркунучуна, капиталдын чыгарылып кетүүсүнө, дүйнөлүк финансылык-банктык кризистин таасиринин айынан экономиканын тармактарын кредиттөөнүн көлөмүнүн азаюусуна байланыштуу курчуп жатат.
Бюджеттик каражаттардын чектелгендигин эске алып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында экологиялык милицияны түзүү үчүн кошумча каражаттарды бөлүп берүү мүмкүн эмес.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдобойт.