Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 765
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
81-берененин (4) бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4) пункт менен толукталсын:
"4) Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларация".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
220-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6) пункт менен толукталсын:
"6) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленген учурларда".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
553-1-берене төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын ", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларацияларды кошпогондо.".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
8-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жеке жактардын жана мамлекеттик кызматчылардын - Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салык декларациясын салыктык контролдоо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эсепке алуу менен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик кызматкерлер менен жеке жактардын 2009-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-июнь 2010-жылга чейин деп белгиленсин".
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
35-беренеде:
экинчи абзац төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн декларация тактоого жатпайт.";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй мазмундагы г) пункт менен толукталсын:
"г) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматчынын жана анын үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрүнүн мүлктөрү жана кирешелери жөнүндө.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-берененин төртүнчү абзацы төмөнкүдөй сөздөр менен толукталсын:
", Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан тышкары;".
7-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|