Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры № 766
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
Бул Мыйзам салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрына чейин киреше жана мүлк алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
1-берене. Бул Мыйзамдын максаты
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын жеке жактарына жана мамлекеттик кызматчыларына аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана милдеттүү башка төлөмдөрдү төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрына чейин алган кирешелерине жана мүлкүнө карата салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча билдирилбеген милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул мыйзамдын максаты болуп эсептелет, буга жалпы алганда ушул Мыйзамда белгиленген декларациялоо чегинен ашкан кирешелердин суммасы жана мүлктүн наркы кирбейт.
2-берене. Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
Кирешени жана мүлктү декларациялоо (мындан ары - декларациялоо) декларация объекттерине укуктарды ыктыярдуу түрдө декларациялоо менен байланышкан иш-аракеттер.
Билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү аткаруу салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрына чейин алынган кирешелерге жана мүлккө карата салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелердин тындырылгандыгын таануу. Декларациялоо чегинен ашкан кирешелер жана мүлктөр боюнча милдеттенмелер декларациялык төлөмдү төлөө менен тындырылат.
Декларациялоо субъекттери - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын жеке жактары жана мамлекеттик кызматчылары (мындан ары - "Кыргыз Республикасынын жарандары"), алар ушул Мыйзамга ылайык кирешелерин жана мүлкүн декларациялашат, милдеттенмелерин тындырышат. Бул адамдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кирешелерди жана мүлктү декларациялоо жөнүндө декларацияны алган күндөн баштап декларациялоо субъекттеринин статусуна ээ болушат.
Декларациялоо объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте таризделбеген (декларацияланбаган), жана/же башка адамга таризделген, жашыруу максатында легалдуу экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагында алынган жана/же жайгашкан кирешелер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк.
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык аныкталуучу мүлк.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик нотариалдык конторалары, алар кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияларды ушул Мыйзамда каралган тартипте ырасташат.
Декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул убакта Кыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрыла алышат.
Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация - катуу отчеттуулук документи, анын жеке номери болот жана анда кирешелерди жана мүлктү декларациялоо фактысы ырасталат жана билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелеринин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн тындырылгандыгы таанылат. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, анда декларациялоо жөнүндө төмөнкүдөй гана маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын жеке катар номери, декларациялоо күнү, ушул декларацияны берген адамдын жеке маалыматтары, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын бузулгандыгы же жоголгондугу тууралуу маалымат.
Декларациялоо чеги - кирешелердин суммасынын жана мүлктөрдүн наркынын 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашкан жалпы суммасы.
Декларациялык төлөм - декларациялоо чегинен ашкан суммадан тышкары, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери бир жолу төлөөчү 450000 (төрт жүз элүү миң) сом.
3-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзам өздөрүнө тиешелүү болгон декларациялоо объекттерин декларациялаган декларациялоо субъекттерине карата колдонулат.
4-берене. Декларациялоо субъекттерине берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер
1. Декларациялоо мезгилинде жана андан кийин декларациялоо субъекттеринин 2009-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги финансылык-чарбалык иштерине карата кандайдыр бир текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынат.
2. Декларациялоо мезгили аяктагандан кийин ушул Мыйзамга ылайык декларациялоону жүргүзүү процессинде алынган маалыматтын негизинде декларациялоо субъектине карата процесстик иш-аракеттерди, анын ичинде кылмыш-жаза жазалоосу же администрациялык, эмгек жана тартип жазалоо чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
3. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация кылмыш-жаза, администрациялык, тартип же башка процесстери боюнча далил катары каралбайт.
2009-жылдын 31-декабрына чейин алынган кирешелерге жана мүлктөргө карата салык, бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелердин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн тындырылгандыгынын фактысын таанууну кошпогондо, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ болуп эсептелбейт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ырастаган кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" жана "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын мүлктөрү жана кирешелери жөнүндө декларацияларды түзүүсүнө жана берүүсүнө негиз болуп эсептелет.
4. Декларациялоо процессинде алынган маалыматтарды декларациялоо субъектине карыш, ошондой эле мүлктү декларациялоо процессин жүргүзүүнүн мүмкүндүгүн жокко чыгаруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
5. Мамлекет декларациялоо субъекттерине төмөнкүлөргө кепилдик берет:
1) ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык декларацияланып жаткан кирешелер жана мүлктөр алынган булактар жөнүндө маалыматты берүүдөн бошотот;
2) декларациялоо субъекттерине карата купуялуулукту (сырды сактоону) камсыз кылат;
3) кийин декларациялоо субъекттеринин салык, бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөсүнө карата басмырлоочу чараларды колдонбойт.
6. Бул Мыйзамды колдонууда пайда болгон бардык карама-каршылыктар декларациялоо субъекттеринин пайдасына чечмеленет.
5-берене. Декларациялоо мөөнөтү
Декларациялоо мөөнөтү болуп 2010-жылдын 1-февралынан баштап 2010-жылдын 1-июнуна чейинки мезгил эсептелет.
6-берене. Кирешелерди жана мүлктөрдү декларациялоону уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
1. Декларациялоо чегинен ашпаган суммадагы декларациялоо объекттерин декларациялаганда декларациялык төлөм алынбайт. Декларациялоо субъекти нотариалдык иш-аракеттери үчүн мамлекеттик алымды, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын бланкынын наркын гана төлөйт.
2. Декларациялоо чегинен ашкан суммадагы легалдаштыруу объекттерин декларациялагандыгы үчүн декларациялоо субъекттери декларациялык төлөмдү кошумча төлөшөт.
3. Декларациялоо объектинин наркын баалоону декларациялоо субъектти өзү жүргүзөт.
4. Кирешелерди жана мүлктү декларациялоо тартиби төмөнкүдөй:
1) декларациялоо объекттерин декларациялоону каалаган декларациялоо субъектти кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияны алуу жана толтуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат;
2) декларациялар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, эгерде легалдаштыруу объектисинин наркы декларациялоо чегинен ашып кетсе, декларацияга ыйгарым укуктуу коммерциялык банкта мамлекеттик бюджеттин пайдасына бир жолку декларациялык төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция тиркелет;
3) декларация бир нускада толтурулат жана ырастоо үчүн аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга декларациялоо субъекти жеке өзү же анын мыйзамдуу өкүлү берет, декларация декларациялоо субъектинде сакталат;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган декларациялоо субъектинин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда декларациядагы декларациялоо субъекти жөнүндө маалыматтардын анын өзүн күбөлөндүргөн документтерине шайкеш келүүсүн текшерет, ошондой эле декларациядагы коюлган колдун тууралыгын күбөлөндүрүп, Декларациялар реестрине кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын жеке катар номерин, декларациялоо күнүн, ушул декларацияны берген адамдын жеке маалыматтарын киргизет.
Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациянын мазмунуна тиешелүү маалыматтар Декларациялар реестрине киргизилбейт жана эч бир жерде белгиленбейт. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациялардан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарын, башка бардык мамлекеттик органдарын жана кызмат адамдарынын көчүрмөлөрдү алуусуна тыюу салынат.
Декларацияны толтурууда так эместиктер табылган учурда же өзүн күбөлөндүргөн документтер көрсөтүлбөсө гана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган декларацияны алуудан баш тартууга укуктуу. Декларациялоо субъектти жаңы декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө укуктуу.
Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларацияны текшерүүнүн жүрүшүндө так эместиктер табылса, ошондой эле декларация жоголсо же бузулса декларациялоо субъекти декларациялоо мөөнөтүндө жаңы декларацияны толтурууга жана ыйгарым укуктуу органга берүүгө укуктуу. Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө бузулган декларация декларациялоо субъектисинин катышуусунда ыйгарым укуктуу орган тарабынан жок кылынат, бул жөнүндө Кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациялардын реестринде көрсөтүлөт;
5) ушул бөлүктүн 4) пунктунда каралган жол жоболорду аткаруунун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү жана жооптуу адамынын койгон колу менен ырасталган декларация жана декларацияга тиркелген документтер декларациялоо субъектине декларация берилген күнү берилет.
5. Декларацияда берилген маалыматтардын тактыгын, ошондой эле декларацияны сактоону декларациялоо субъекти камсыз кылат.
6. Декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларация жоголсо же бузулса дубликаты же кайта жаңы декларация берилбейт.
7-берене. Декларацияланбаган салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү тындыруунун тартиби
1. Декларациялоонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын жаранынын 2009-жылдын 31-декабрына чейин пайда болгон декларациялоо субъекттерине карата билдирилбеген бардык салык жана бажы милдеттенмелери, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрү, башка милдеттүү төлөмдөрү, ошондой эле ушул милдеттенмелер боюнча айыптары, проценттери жана туумдары тындырылган деп таанылат. Бул милдеттенмелерге карата эч кандай кылмыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилге кылынбайт.
2. Бул берене 2009-жылдын 31-декабрына чейин салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү декларациялабаган салык төлөөчүлөрүнө, ошондой эле салык төлөө максаттарында агенттик функцияларды аткаруучу адамдарга карата колдонулат.
3. Бул берене Мурда декларацияланган, бирок тындырылбаган салык, бажы милдеттенмелерине жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөргө карата колдонулбайт.
8-берене. Декларациялоо жол жобосунун аякташы
Декларациялоо субъекти ушул Мыйзамдын жоболору сакталып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү жана жооптуу адамынын койгон колу менен ырасталган кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декларациясын алган учурдан баштап декларациялоо жол жобосу аяктады деп эсептелет.
9-берене. Бул Мыйзамдын колдонулушу
1. Кыргыз Республикасынын салык, бажы мыйзамдары, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары ушул Мыйзамда жөнгө салынуучу иш-аракеттерге жана окуяларга карата колдонулбайт.
2. Бул Мыйзам менен башка мыйзамдардын нормаларынын ортосунда карама-каршылыктар пайда болгондо ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат.
10-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чечимдерди даярдасын жана кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык төлөөчүлөрдүн чыгымдарын контролдоонун негизинде салыктык башкарууну жүргүзүүгө багытталган жол жоболорду 6 айлык мөөнөттө иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|