Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 773
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 12, 499-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 8-берененин экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-берененин экинчи бөлүгүндөгү ", ошондой эле транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы же анын тапшыруусу боюнча темир жол тарабынан бекитилген жоболор тарабынан аныкталат" деген сөздөр алып салынсын;
- 15-берененин бешинчи бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыймылдын коопсуздугунун бузулушун кызматтык текшерүүнүн, классификациялоонун жана эсепке алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.";
- 16-беренеде:
биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жана көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө милдеттүү түрдө сертификацияланууга" деген сөздөр алынып салынсын;
экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Темир жол транспортунда шайкештикти тастыктоо боюнча иш жүргүзүү техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.";
үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи бөлүгүндөгү "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан ички иштер жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-берененин биринчи бөлүгүндө:
биринчи абзацында "Аскерлештирилген жана өрткө каршы күзөт жөнүндө жоболор транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан бекитилет." деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү абзацында "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-беренеде:
үчүнчү бөлүгүндөгү "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи бөлүгүндөгү "темир жол транспорту жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-берененин биринчи бөлүгүндөгү "транспорт жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|