Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 774
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-ж., № 1, 17-берене) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-беренесинин бешинчи бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-беренесинин алтынчы бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү "жана баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр алынып салынсын;
- 18-беренесинин үчүнчү бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы жана төртүнчү бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздардын рыногунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-беренесинин биринчи бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-беренесинин төртүнчү бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 25-беренесинин биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-беренесинин тогузунчу жана онунчу бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-беренесинин үчүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-беренесинин бешинчи бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-беренесинин биринчи бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 30-беренесинин төртүнчү бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 31-беренесинде:
биринчи бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-беренесинде:
төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 33-беренесинин он алтынчы абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 34-беренесинде:
биринчи бөлүгү "мамлекеттик контролду" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен толуктансын;
үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 35-беренесинин бешинчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртууга байланышкан чараларды колдонуу тартибин, ошондой эле андай чаралардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|