Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 782
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-мартындагы № 149 "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "Үмүт" улуттук программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын пенитенциардык системасын реформалоонун "Үмүт" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын матрицасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-пункт алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-январындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 2, 24, 38, 40 жана 67-пункттарындагы "Мамтуризм" жана "Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги" деген сөздөр "Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 4-пунктундагы "ТИМ" аббревиатурасы "ТИММ (макулдашуу боюнча)" деген аббервиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Юстмин, МУКК (макулдашуу боюнча), Билиммин, МАК, Эмгекмин";
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 11, 12, 18, жана 23-пункттарындагы "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги", "Миграциямамком" жана "Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо мамагенттиги" деген сөздөр "Эмгекмин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 29, 30 жана 31-пункттарындагы "Айыл, суу чарба министрлиги" деген сөздөр "Айыл чарба министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"МКК, Мамкурулуш, Экономикалык тескөө министрлиги";
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 36 жана 37-пункттарындагы "Өнөржайэнерго" деген сөз "Энергиямин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 47-пунктундагы "Өнөржайэнерго", "Улуттук коопсуздук мамкому", "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Энергиямин", "МУКК (макулдашуу боюнча)", "Эмгекмин" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 48-пунктундагы "Өнөржайэнерго, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр "Энергиямин, Эмгекмин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 49-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"ӨКМ, Энергиямин, Айыл чарба министрлиги, Саламатмин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттиги, ИИМ, Эмгекмин";
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 55 жана 56-пункттарында "Маданиятмин" деген сөз "МАК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 59-пунктундагы "Улуттук коопсуздук мамкому" деген сөздөр "МУКК (макулдашуу боюнча)" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- "аткарылышына жооптуулар" графасынын 65-пунктундагы "Маммүлккомитети" деген сөз "Маммүлкминистрлиги" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3, 6, 7, 13, 14, 17, 28, 50, 51, 53, 63, 64, 66-пункттар алып салынсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |