Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 783
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөр болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-беренеде:
биринчи бөлүгүндөгү "үч" деген сөз "төрт" деген сөзгө алмаштырылсын;
биринчи жана экинчи бөлүктөрүндөгү "айлык" деген сөз алып салынсын;
- 7-беренеде "райондук коэффициент жана айлык акыга карата проценттик кошумча акы төлөө" деген сөздөр "эмгек акыга райондук коэффициент жана кызматтык маянага пайыздык үстөк акы төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-берене күчүн жоготту деп табылсын;
- 11-беренеде:
аталышындагы "айлык акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
биринчи бөлүгүндөгү "айлык акыга" деген сөз "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи бөлүгүндөгү "30" деген сан "28" деген санга алмаштырылсын;
экинчи бөлүгүндөгү "айлык акыга" деген сөз "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-берененин аталышында жана текстинде "айлык акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 13-беренеде "24 жумушчу" деген сөздөр "28 календардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Кошумча өргүүгө чыгуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдөн башка, акы төлөнүүчү кошумча өргүү берилет, анын узактыгы эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленген. Өргүүнүн жалпы узактыгы негизги жана кошумча өргүүлөрдүн суммасын кошуу жолу менен аныкталат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|