Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 789
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
(2009-жылдын 18-декабры)
1-берене. «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2008-жылдын 13-майы, № 33) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
33-берененин 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Агенттик төмөнкүдөй баалуу кагаздарга инвестиция кыла алат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чыгарган жана/же сөзсүз түрдө кепилдик берген;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка баалуу кагаздарга.
Инвестиция кылуунун тартибин жана параметрлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин баалуу кагаздарга инвестиция кылуусунун тартибин жана параметрлерин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|