Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 223 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры № 790
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана объекттерди пайдалануу тармагында укуктук нормаларды жөнгө салуучу нормативдик-укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-статья.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору 2000-ж., N 1, 16-б.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Мыйзамдын преамбуласында:
- преамбула төмөндөгү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Маданий мурастардын объектилери Кыргыз Республикасынын көп улуттуу бүткүл эли үчүн уникалдуу байлык болуп эсептелет".
2. Биринчи абзацтын 8-статьясындагы "(мындан ары - жергиликтүү бийлик органдары)" деген сөздөр алынып ташталсын.
3. Бешинчи абзацтын 9-статьясындагы "эстеликтерди регенерациялоо боюнча" деген сөздөрдөн кийин төмөндөгү сөздөр менен толукталсын:
"текшерүү формасында:
пландаштырылган - алдын ала пландаштырылган жана бир жылда бир жолудан көп эмес өткөрүлүүчү;
пландаштырылбаган - белгиленген эмес, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объектилерине зыян келтирүү, же жок кылуучу коркунучу туулган учурда".
4. 10-статьядагы ар кандай жөндөмөдөгү "жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө жазылсын.
5. 11-статьянын экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"Юридикалык жактар уюштуруу-укуктук жана менчиктик формаларына карабастан жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастарды коргоодо жана пайдаланууда, популяризациялоодо мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына музейлерди, галереяларды, борборлорду жана башка тарыхый-маданий объектилерди түзүү жана иш чараларды өткөрүү жолу менен көмөк көрсөтүшөт".
6. 14-статьянын биринчи абзацындагы "кенчтин баасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 19-статьянын биринчи абзацындагы "мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. "20-статьянын экинчи абзацындагы "жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 21-статья төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"21-статья. Тарыхый-маданий мурастардын мамлекеттик эсебин
уюштуруу
Кыргыз Республикасынын кыймылсыз тарыхый-маданий мурас объектилери жөнүндөгү маалыматтар республикалык маанидеги Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилеринин тизмесине (мындан ары Тизме) киргизилет. Тизмени жүргүзүүнүн тартиби жана Тизмени жүргүзүүгө укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Тизме тарыхый-маданий мурас объектисинин атын, турган жерин, тизмеге киргизилген датасын, изилденген даражасын, абалын, ченемин, менчиктик формасын, аймактык чек арасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин коргоо зоналары жөнүндөгү маалымат тутумунан турат.
Тизмеде көрсөтүлгөн тарыхый-маданий мурас объектилеринин маалыматтары, шааркурулуш кадастрын жүргүзүүдө жана башка маалымат тутумун, же маалыматтык банкты пайдаланууда Тизмедеги маалыматтарды пайдаланууга керектелет.
Тарыхый-маданий мурас объектилеринин тизмесине кирген объектинин ээсине эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектисинин Паспорту (мындан ары - Паспорт) берилет.
Паспортко тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоого тиешелүү маалыматтар киргизилет (объектинин түрү, турган аймагынын чектери, фотокөрүнүшү, ээси жөнүндө маалыматтар, объектини пайдалануучулардын маалыматтары, жер аянтынын ээси жана жерди пайдалануучулар жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жерди пайдалануунун укуктук режими ж.б. маалыматтар). Паспорттун формасы жана аны берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объектилери, же суу объектилеринин аянтчалары менен сатуу-сатып алуу иштерин жүргүзүүдө, алардын чегинде археологиялык объектилер болсо, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилеринин Паспорту мамлекеттик каттоону жүргүзө турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сөзсүз түрдө көрсөтүлүүчү негизги документтердин бири болуп саналат.
10. 22-статья:
- төмөндөгү мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Эстеликтерди коргоо жана алардын эсебин эффективдүү уюштуруу максатында алар эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтер болуп бөлүнөт".
- "жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 23-статья төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"23-статья. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза
Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөндөгү максаттарда жүргүзүлөт:
- маданий мурастардын объектилерин тарыхый-маданий мурастардын тизмесине киргизүүгө негиздеме даярдоо;
- маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясынын аныктоо;
- маданий мурастардын объектилеринин тарыхый-маданий маанисинин категориясынын өзгөрүшүнө негиздеме;
- шаар курулуш, долбоорлоо документтеринин тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо зоналарынын, ошондой эле жер, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык курулуштардын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген талаптарына туура келишин аныктоо;
- маданий мурастардын объектилерин Кыргыз Республикасынын өзгөчө, же Бүткүл Дүйнөлүк маданий мурастардын объектилери деп белгилөө.
Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү үчүн эксперттик комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт, анын курамына окумуштуулар, адистер, маданияттын жана искусствонун ишмерлери, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл кошундардын жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
Тарыхый-маданий мурас объектилерине тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Тарыхый-маданий экспертиза шаар курулушунун регламенти бекитилгенге жана тарыхый-маданий эстеликтердин сакталышына түз жана кыйыр түрдө таасир этип, аларга зыян алып келүү коркунучун туудурган, же аларды коргоо эрежесин бузуучу жерди даярдоо, жер иштери, курулуш, мелиоративдик жана чарбалык иштер башталганга чейин жүргүзүлөт.
Тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүү иштери бул иштерди жүргүзүүнү заказ кылгандар тарабынан төлөнөт. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объектилерине тарыхый-маданий экспертизаларды жүргүзүү иштерине төлөөнүн ченемин аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Тарыхый-маданий экспертизанын объектилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- ушул Мыйзамга ылайык маданий мурас объектисинин белгилери бар объектилер;
- чарбалык жактан өздөштүрүүгө жата турган жер аянтчалары;
- маданий мурастардын объектилерин тизмеге киргизүүнүн негиздеген документтер жана материалдар;
- маданий мурастардын объектилерин категорияларынын өзгөрүшүн негиздеген документтер жана материалдар;
- маданий мурастардын объектилерин маданий коруктарга, Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий мурас объектилерине, же Бүткүл дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурастарына киргизүүнү негиздеген документтер жана материалдар.
12. Биринчи абзацтын 29-статьясындагы "эстеликтерди коргоо боюнча" деген сөздөр "5 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын.
13. 32-статья төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"32-статья. Чарбалык жумуштарды жүргүзүүдө жана аймакты
өздөштүрүүдө тарыхый-маданий мурас объектилеринин
сакталышын камсыз кылуу
Курулуш жана жол курулушунун бардык түрүн жүргүзгөн, дың жерлерди өздөштүргөн, карьерлерди алуучу, ландшафтарды басып калуучу, же өзгөрүүгө алып келүүчү плотиналарды тургузуучу уюмдар, инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүү стадиясында иш жүргүзүлүүчү территорияда тарыхый-маданий объектилердин бар, же жок экендиги тууралуу археологиялык изилдөөлөр жөнүндө бүтүм чыгартып алууга милдеттүү.
Археологиялык изилдөөлөр жөнүндө бүтүм Улуттук илимдер академиясы, же башка илим изилдөө фирмалары тарабынан жүргүзүлүп, курулуш уюмдары, же жер ээлеринин эсебинен төлөнүп берилет.
Чарбалык жана башка иштер тарыхый-маданий объектилердин сакталышына зыян алып келе турган жагдайда, же аларды сактоонун эрежеси бузулса ал иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте убактылуу токтотулат же аларга тыюу салынат.".
14. 33-статья:
- биринчи абзацдагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын" деген сөздөр "бир жылдан ашык эмес убакытка атайын белгиленген иштерди жүргүзүү укуктары үчүн" деген сөздөр менен толукталсын";
- "жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац менен төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:
"Жеке жана юридикалык жактар археологиялык талаачылык жумуштарын үч жыл бою жүргүзүп жаткан иштеринде табылган маданий байлыктарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондусуна түбөлүк сактоого өткөрүп берет".
- үчүнчү, төртүнчү, бешинчи абзацтар бешинчи, алтынчы жана жетинчи деп эсептелсин.
15. 34-статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөндөгүдөй мазмунда толукталсын:
Тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Тарыхый-маданий объектилерди сактоо боюнча долбоордук документтерди иштеп чыгууну алып баруучу жеке жана юридикалык жактар бул объектилерде илимий жетекчиликти, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүргүзүшөт.
Тарыхый-маданий эстеликтердин объектилерин сактоо боюнча иштерди аяктагандан кийин илимий жетекчиликти алып барган жеке жана юридикалык жактар отчеттук документтерди, аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту кошо, үч айлык мөөнөттүн ичинде, эстеликтерди коргоо боюнча органга тапшырат.
16. 36-статья:
- статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"36-статья. Тарыхый-маданий мурастарды көчүрүү, өзгөртүү жана кайрадан түзүү жөнүндө";
- биринчи абзацтагы "Бузуу" деген сөз алынып ташталсын.
- төртүнчү абзац менен төмөндөгүдөй мазмундагы толуктоо киргизилсин:
"Жоюлуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан жасоо өзгөчө учурларда, өзгөчө тарыхый, илимий, көркөм, шаар курулушу, же башка коомдук баалуулуктар учурунда ишке ашырылат. Жоюлуп кеткен объектини мамлекеттик бюджеттин эсебинен кайрадан жасоону эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын тарыхый-маданий экспертизанын бүтүмүнүн негизинде, кызыктар жактардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен берген сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечет".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга туура келтирсин.
3-статья.
Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|