Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры № 801
Электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн жана электр бөлүштүрүүчү компаниялардын финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу жана колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн негизги карыздар, кошулган проценттер, үстөктөр, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча кайтарылгыс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
Ушул Мыйзамдын максаты электр энергиянын негизги берүүчүлөрүнүн жана электр бөлүштүрүүчү компанияларынын финансы-экономикалык абалын электр энергиянын керектөөчүлөрүнүн, электр бөлүштүрүүчү компанияларынын, электр энергиянын негизги берүүчүлөрүнүн негизги карыздар, кошулган проценттер, үстөктөр финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча кайтарылгыс карыздарын эсептен чыгаруу аркылуу турукташтыруу жана колдоо болуп саналат.
1-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу электр энергетиканын субъектилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна, ошондой эле электр энергиянын керектөөчүлөрүнө таркатылат.
2. Бул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
электр энергиянын негизги берүүчүлөрү - "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому;
электр бөлүштүрүүчү компаниялары - "Түндүкэлектр", "Ошэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдору (мындан ары - электр бөлүштүрүүчү компаниялары);
электр энергиясынын керектөөчүлөрү - электр энергиясын керектеген юридикалык жана жеке жактар;
пайыздар, туумдар, каржы, айыптык жана салыктык санкциялар - Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине, карыздык жана башка милдеттенмелердин шарттарына ылайык төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттүн ичинде өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан кошуп эсептелген суммалар;
кошуп эсептелген туум боюнча карыздар - электр энергиянын керектөөчүлөрүнө өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн электр бөлүштүрүүчү компаниялары тарабынан кошуп эсептелген туумдар, ошондой эле электр бөлүштүрүүчү компанияларга негизги берүүчүлөр тарабынан кошумчаланган туумдар боюнча карыздар;
мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карыздар - экономикалык мүнөздөгү себептерге байланыштуу кайтарып алууга мүмкүн болбогон электр энергиянын керектөөчүлөрүнөн электр бөлүштүрүүчү компанияларына, электр бөлүштүрүүчү компанияларынан электр энергиянын негизги берүүчүлөрүнө, электр энергиянын негизги берүүчүлөрүнөн мамлекеттик органдарына таандык болгон негизги карыздардын суммасы;
эсептен чыгаруу - кайтарылгыс карызды, ошондой эле кошумчаланган туумдарды, проценттерди, финансы, айыптык жана салыктык санкцияларды төлөөдөн бир жолку бошотуу.
2-берене. Эсептен чыгаруунун тартиби
1. Негизги карыздар, проценттер, туумдар, финансы, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча кайтарылгыс карыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген, туумдар боюнча карыздар эсептен чыгарылууга тийиш.
2. Проценттер, туумдар, финансы, айыптык жана салыктык санкциялар, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча төмөнкүлөрдүн карыздары эсептен чыгарылууга тийиш:
1) электр энергиянын негизги берүүчүлөрүнүн мамлекеттик органдардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген, проценттер, туумдар, финансы, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча;
2) электр бөлүштүрүүчү компанияларынын электр энергиянын негизги берүүчүлөрдүн алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча;
3) электр энергиянын керектөөчүлөрүнүн электр бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдар боюнча.
3. Негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карыздарды эсептен чыгаруунун тартиби:
1) мамлекеттик органдар электр энергиянын негизги берүүчүлөрүнө негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;
2) электр энергиянын негизги берүүчүлөрү электр бөлүштүрүүчү компанияларынын негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;
3) электр бөлүштүрүүчү компаниялары электр энергиянын керектөөчүлөрүнүн негизги карыздар боюнча кайтарылгыс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт.
4. Негизги карыздар, проценттер, туумдар, финансы, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча кайтарылгыс карыздарды, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен усулдун негизинде жүргүзүлөт.
3-берене. Күчүнө кириши
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
2. Бул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|