Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры № 802
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры № 78-81) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Субъектилердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндөгү чечим өзүнчө Мыйзам менен кабыл алынсын.".
2. 68-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: "6) Өзүнчө Мыйзам менен кабыл алынган субъектилердин карызын эсептен чыгаруу боюнча;".
3. 69-беренесинде "2-5" сандары "2-6" сандарына алмаштырылсын.
4. 188-берененин 1-бөлүгүнүн 16-пунктунун а) пунктчасы "кредитор тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "өзүнчө Мыйзам менен кабыл алынган карыздарды эсептен чыгаруудан башка" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|