Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-майындагы N 276 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Министрликтин негизги милдеттери
III. Министрликтин функциялары
IV. Министрликтин укуктары
V. Министрликтин ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Министрлик маданият, маалымат, искусство, кинематография жана архив иштери чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп эсептелет.
3. Министрлик өзүнүн карамагындагы ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жана маданият, искусство, кинематография мекемелеринин, маданият жана искусство, маалымат жана архив иши окуу жайларынын ишине координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат.
4. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Министрлик өзүнүн ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
6. Министрлик мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, штампы жана бланктары, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык органдарында алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет.
II. Министрликтин негизги милдеттери
7. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргызстандын тарыхый-маданий жана рухий мурастарын сактоо;
- маданияттын, искусствонун жетишкендиктерин жарандарга жеткиликтүү кылуу, элдин кеңири массасына ата мекендик жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарын жайылтуу;
- маданият, искусство, маалымат, адабият, кинематография жана архив иштери чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу;
- кыргыз улуттук маданиятынын жана Кыргыз Республикасында жашаган элдердин улуттук маданиятынын кайра жаралуусуна жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
- маданият, искусство, кинематография, архив иштери жана тармактык билим берүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу.
III. Министрликтин функциялары
8. Коюлган милдеттерди аткаруу максатында Министрлик төмөндөгү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана тармактык программаларды, стратегияларды, концепцияларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мыйзамдардын практика жүзүндө колдонулушун жалпылаштырат, мыйзамдык базаларын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын ишке ашырылуусуна талдоо, мониторинг жана контролдоо жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматты жыйноону жана маалыматтык-талдоо материалдарды, эксперттик жана божомолдук баалоону даярдайт;
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөрдө стандарттарды жана нормативдерди белгилейт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгууга катышат жана иштеп чыгат;
- Министрликтин карамагындагы маселелер боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет;
- эл чыгармачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт;
- мамлекетте жана жеке менчикте турган маданият жана искусство объекттеринин жана чыгармалардын эсебин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын музейдик фондусунун, ошондой эле тарыхый-маданий мурастын объекттерине кирген китепкана фонддорунун мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бөлүгүн сактоонун абалына жана шарттарына мамлекеттик каттоо жана контролдоо жүргүзөт;
- маданият, искусство, маалымат, архив иштери жааттарындагы илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын жыйынтыктарын практикада ишке киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, илимий жана окуу адабияттарын чыгарууну камсыз кылат;
- эл аралык жана республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурастардын объекттерин каржылоонун, эсебин жүргүзүүнүн, табуунун, изилдөөнүн, кармоонун, консервациялоонун, реставрациялоонун, регенерациялоонун, музейлештирүүнүн, пропагандалоонун тартибин белгилейт;
- маданий баалуулуктарды алып чыгууга (жөнөтүүгө, убактылуу алып чыгууга) уруксат берет;
- тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө боюнча атайын иштерди жүргүзүүгө уруксаттарды каттайт, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун Талаа комитети тарабынан берилүүчү Ачык барактарды каттоону жүргүзөт;
- тарыхтын жана маданияттын эстеликтеринин жайгашуусун, шаарлардын жана калктуу конуштардын тарыхый-архитектуралык таяныч пландарын, карта-схемаларды макулдашууну жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында тарыхтын жана маданияттын республикалык маанидеги эстеликтерин коргоонун зоналарын макулдашат;
- тарыхтын жана маданияттын эстеликтери бар шаарларды жана калктуу конуштарды пландоо, куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашууну жүргүзөт;
- эстеликтерди колдонууга жана кармоонун тартибине, эстеликтерди консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин аткарылышына мамлекеттик контролдоо жүргүзөт;
- табигый эстеликтерди жана курчап турган чөйрөнүн тарыхтын жана маданияттын эстеликтери менен байланышкан башка объекттеринин колдонулуусуна жана сакталуусуна контролдук жүргүзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт;
- маданият жана искусствонун мамлекеттик мекемелеринде репертуарларды түзүү, жаңы спектаклдерди, концерттик программаларды даярдоо боюнча иштерди контролдойт, мамлекеттик кинотеатрлардын репертуарын иштеп чыгат;
- жаңы курулуштарды жайгаштыруу, маданият, искусство, архив иштери, тармактык билим берүү жана кинематография объекттерин капиталдык жана кезектеги оңдоодон өткөрүүнү долбоорлоо жөнүндө маселелерди чечүү боюнча аймактык органдардын ишин координациялайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволук маданият, искусство, кинематография, тармактык билим берүү, кинематография, архив ишинин мекемелеринин ишин координациялайт жана контролдойт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын маданият, искусство, маалымат жана архив иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышына контролдук жүргүзөт;
- маданият, искусство, кинематография, маалымат, архив иши мекемелеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт;
- улуттук библиографиянын өнүгүшүнө, чыгарылган китептердин жана мезгилдүү басмалардын эсебин камсыз кылууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- кыргыздардын жана республикада жашаган элдердин улуттук маданиятынын кайрадан жаралуусуна багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- маданияттын жана искусствонун жаңы чыгармаларын жаратууга дем берет жана чыгармачылык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- тармакты маданият жана искусство чөйрөсүндөгү адис кадрлар менен камсыз кылат;
- маданият, искусство, кинематография, маалымат жана архив иштери мекемелерин модернизациялоого, техникалык жана технологиялык деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген чөйрөлөргө инвестицияларды тартуу боюнча иштерди уюштурат;
- тармакты жогорку квалификациялуу мамлекеттик кызматкерлер менен камсыз кылат, маданият чөйрөсүндө мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзөт;
- эл аралык жана республикалык иш-чараларды, фестивалдарды, акцияларды, конкурстарды, семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- Министрликтин борбордук аппаратын кармоо үчүн чыгымдар сметасын бекитет, ошондой эле белгиленген тартипте Министрликтин ведомстволук уюмдарын каржылайт;
- жарандардын жана юридикалык жактардын оозеки жана жазуу жүзүндөгү кайрылууларын, суроо-талаптарын жана арыздарын өз убагында кароону камсыз кылат.
- ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт, баалоонун жыйынтыктарына ылайык Министрликтин компетенциясынын чегинде рекомендацияларды иштеп чыгат
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Министрликтин укуктары
9. Министрлик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
- Министрликтин бардык ведомстволук бөлүкчөлөрү, мекемелери жана аймактык органдары үчүн аткарууга милдеттүү болгон ведомстволук ченемдик укуктук актыларды бекитет;
- Министрликке жана анын ведомстволук уюмдарына тиешелүү маселелер боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- Министрликтин шаардык, райондук маданият жана маалымат бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн жана мекемелеринин актыларын жокко чыгарат;
- ведомстволук бөлүкчөлөр жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитүүгө киргизет;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча нускамалык-жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде ведомстволук мекемелердин жана аймактык органдардын уставдарын, жоболорун, түзүмдөрүн жана штаттык расписаниесин иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде маданиятты, искусствону, кинематографияны, маалыматты жана архив иштерин өнүктүрүү жаатындагы эл аралык келишимдерди түзөт;
- Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарын тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде ведомстволук бөлүкчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын ишине контролдук жүргүзөт;
- шаардык жана райондук маданият жана маалымат бөлүмдөрүнөн, ведомстволук бөлүкчөлөрдөн, мекемелерден Министрликтин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча отчетторду, статистикалык маалыматтарды алат;
- Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте сурайт;
- координациялык жана кеңешүүчү, анын ичинде белгиленген иш чөйрөсүндө ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду) түзөт;
- республикалык бюджеттен каржылануучу ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жана мекемелердин чыгымдар сметаларын карайт жана бекитет, алардын аткарылышын камсыз кылат;
- Министрликтин иш-чараларын өткөрүүнүн сметаларын иштеп чыгат жана бекитет;
- республикалык бюджетте турган ведомстволук бөлүкчөлөрдү белгиленген тартипте каржылайт, алардын финансылык-чарбалык ишине, финансылык, материалдык жана эмгек ресурстарынын пайдаланылышына контролдук жүргүзөт;
- сыйлоонун тармактык системасын иштеп чыгат, бекитет жана колдонуудагы эмгек акы төлөө, материалдык сыйлоо шарттарынын колдонулушуна, эмгек акы төлөөнүн жана сыйлык фонддорунун сарпталышына, маданият, искусство, тармактык билим берүү, архив иштери жана кинематография кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын схемасынын сакталышына контролдук жүргүзөт;
- Министрликтин ведомстволук бөлүкчөлөрүндө, мекемелеринде жана аймактык органдарында кадрдык курамдын жана анын резервинин түзүлүшүнө контролдук жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук бөлүкчөлөрдүн, мекемелердин жана аймактык органдардын кызматкерлеринин конкурстарын, аттестацияларын жана квалификациялык экзамендерин өткөрөт;
- белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге "Улуттук", "Академиялык" деген статустарды ыйгаруу боюнча сунуштарды киргизет;
- маданият, искусство, кинематография жана архив иштери чөйрөсүндө бюджеттен бөлүнгөн акчалардын чыгымдалышына контролдоону жана эсепке алууну жүргүзөт;
- ведомстволук мекемелерди, ведомстволук бөлүкчөлөрдү түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин белгиленген чөйрөсүндө башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
- ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана анын Министрликтин максаттарына ылайыктуулугун баалайт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы N 564 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Министрликтин ишин уюштуруу
10. Министрликти министр жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан сунушталып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Министрликтин түзүмүндө статс-катчынын жогорку мамлекеттик администрациялык кызмат орду, ошондой эле министрдин эки орун басарынын кызмат орду каралган.
12. Статс-катчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу жана министрдин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш бекиткен Статс-катчы жөнүндө жобо менен аныкталат. Статс-катчыга министр тарабынан башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу тапшырылышы мүмкүн.
13. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, алар түздөн-түз министрге баш ийишет жана өздөрүнүн ишин аларга тапшырылган милдеттердин чегинде жүзөгө ашырышат.
14. Министр:
- бир башчылык кылуунун принциптеринде Министрликтин ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен мамиле түзүүдө Министрликтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтык жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Министрликтин системасында милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, колдонмолорду, эрежелерди жана башка ченемдик актыларды чыгарат;
- статс-катчынын, министрдин орун басарларынын, Министрликтин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт;
- Министрликтин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарга сунуш кылат, моралдык жана материалдык жактан сыйлоолордун башка чараларын колдонот, анын ичинде ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статс-катчынын сунушу боюнча мамлекеттик кызматкерлерге кенже, орто жана жогорку класстык чиндерди ыйгарат;
- ведомстволук мекемелердин жетекчилерин белгиленген тартипте кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле белгиленген тартипте мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен макулдашуу боюнча Министрликтин аймактык органдарынын жетекчилерин жана облустук телерадиокомпаниялардын жетекчилерин кызмат орундарына дайындайт жана кызматтан бошотот;
- мамлекеттик кинематография уюмдарынын жетекчилерин кызмат орундарына дайындайт жана кызматтан бошотот;
- ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жана мекемелердин кызматтык номенклатурасын аныктайт жана бекитет, алардын функционалдык милдеттерин аныктайт;
- аймактык органдардын, ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жана мекемелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана нускамаларын жокко чыгарат;
- эмгек акы төлөө фондунун белгиленген чегинде ведомстволук мекемелердин жана аймактык органдардын түзүмдөрүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү, ведомстволук мекемелери жана аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- маданият, искусство, маалымат, кинематография жана архив иштерин өнүктүрүү жаатындагы эл аралык макулдашууларга белгиленген тартипте кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
15. Министрликте саны 17 адамдан турган коллегия түзүлөт, анын курамына министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, маданияттын, искусствонун, архив ишинин, кинематографиянын ишмерлери, ошондой эле ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жетекчилери кирет.
16. Министр, статс-катчы, министрдин орун басарлары коллегиянын курамына кызмат орундары боюнча киришет. Министрликтин коллегиясынын жеке курамы министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
17. Коллегия өзүнүн заседаниелеринде маданият, искусство, кинематография жана архив иштерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин карайт, Министрликтин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, ведомстволук бөлүкчөлөрдүн жана мекемелердин жетекчилеринин ишти уюштуруу, коллегиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоо маселелери боюнча отчетторун угат.
18. Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Кабыл алынган чечимге макул болбогон коллегиянын мүчөлөрү өздөрүнүн оюн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жазуу жүзүндө билдире алат. Коллегиянын чечими министрдин буйругу менен жүзөгө ашырылат.
|
|
|
|