Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №167 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры №806
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Сот адилеттигин сапаттуу аткарууну камсыз кылуу үчүн соттук-экспертизаны жүргүзүүнү мыйзамдык жактан жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Соттук-эксперттик иш жөнүндө
1-берене. Бул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин укуктук негизин, уюштуруучулук принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт, ошондой эле соттук экспертизаларды уюштурууда жана жүргүзүүдө келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Жалпы түшүнүктөр
Соттук эксперттин тыянагы (ыктымалдуу/бир беткей) - атайын таанып-билүүнүн базасында изилдөөнүн натыйжалары боюнча түзүлгөн, анын ички ишенимине негизделген, экспертиза объекттерине жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү талдоонун натыйжасында алынган ачык-айкын маселе боюнча соттук эксперттин жазуу жүзүндөгү ой корутундусу.
Соттук эксперттин ыктымалдуу тыянагы - аныкталып жаткан факт жөнүндө соттук эксперттин негиздүү божомолу (гипотезасы).
Соттук эксперттин бир беткей тыянагы - факт жөнүндө соттук эксперттин ачык-айкын, бир беткей тыянагы.
Соттук эксперттин адилеттүү жаңылышуусу - изилдөө үчүн ага берилген анык эмес материалдар боюнча же болбосо аз таралган объекттерди эксперттик практикада текшерүүдөн жетишсиз өткөрүлгөн усулдар менен изилдөөнүн натыйжасынын негизинде илимий негиздүү, калыс корутунду берүү.
Кошумча экспертиза - мурдагы соттук экспертизанын натыйжасы боюнча соттук эксперт алдына коюлган суроолордун бардыгын чечпеген же болбосо кошумча суроолорду чечүү же мурдагы изилдөө менен байланышкан объекттерди изилдөө зарыл болгон учурларда өткөрүлүүчү, ошол эле же башка соттук экспертке тапшырылуучу соттук экспертиза.
Соттук эксперттин корутундусу - коюлган маселелер боюнча илимий негизделген тыянактар жазылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте таризделген процесстик документ жана далилдин өзгөчө түрү.
Соттук эксперттин көз көрүнөө жалган корутундусу - соттук эксперт анык эмес тыянактарды атайын негиздеген жана тариздеген корутунду.
Соттук эксперттин квалификациясы - соттук экспертизалардын белгилүү бир түрүн жүргүзүү үчүн соттук эксперттин зарыл болгон билиминин, билгичтиктеринин, кесиптик көндүмдөрүнүн жана тажрыйбасынын бар экендиги.
Комиссиялык экспертиза - бир адистиктеги бир нече соттук эксперттер тарабынан өткөрүлүүчү соттук экспертиза.
Комплекстүү экспертиза - билимдин бир эле тармагынын (экспертизанын түрүнүн) негизинде чечүүгө мүмкүн болбогон, соттук экспертизанын ар башка түрлөрү үчүн чектеш, аралаш маселелерди чечүү үчүн өткөрүлүүчү эксперттик изилдөө. Мындай соттук экспертиза ар башка адистиктеги бир канча соттук эксперттер тарабынан, өзүлөрүнүн компетенцияларынын чегинде жүргүзүлөт.
Биринчи экспертиза - маселени чечүү үчүн иш боюнча биринчи жолу жүргүзүлгөн соттук экспертиза.
Кайталанма экспертиза - мурдагы соттук экспертизанын натыйжасы боюнча соттук эксперттин корутундусу соттук эксперттин тыянактарынын аныктыгына негиздүү шек туудурган же болбосо биринчи соттук экспертизаны жүргүзүүнүн процесстик ченемдери бузулган учурларда өткөрүлүүчү соттук экспертиза. Кайталанма экспертиза корутунду берүүгө мүмкүн эместик жөнүндө кабар берилгенден кийин да дайындалышы мүмкүн.
Корутунду берүүгө мүмкүн эместик жөнүндө кабар берүү - соттук эксперттин алдына коюлган маселелердин бирин дагы чечүүгө мүмкүн болбогон учурда гана түзүлүүчү, соттук эксперттин корутундусунун түзүмү жана мазмуну бар, жазуу түрүндөгү документ.
Соттук экспертиза - иш боюнча чындыкты белгилөө үчүн багытталган, соттук далил каражаты катары соттук эксперттин корутундусу формасында кызмат өтөөчү, иш жүзүндөгү маалыматтарды белгилөө үчүн илим, техника, искусство же кол өнөрчүлүк тармагындагы атайын билимге ээ болгон адамдар тарабынан мыйзамдарда каралган тартипте өткөрүлүүчү, маани-маңызы иштин жагдайларын изилдөөнү туюнткан процесстик аракет.
Соттук-эксперттик иш - жазыктык, жарандык же администрациялык процесстин катышуучулары болгон адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш.
Соттук эксперт - атайын билимдерге ээ болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон жак.
Атайын билимдер - сот өндүрүшү маселелерин чечүү үчүн колдонулган кесиптик окутуунун же болбосо белгилүү адистик боюнча иштөөнүн натыйжасында адам үйрөнгөн, сот өндүрүшүндө жалпыга маалым болбогон билим.
Соттук эксперттин өтүнүч каты - соттук экспертке берилген тапшырманы тактоо жөнүндө, соттук экспертизанын жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүү, мындай материалдарды турган жеринде изилдөө үчүн шарттар түзүү жөнүндө соттук эксперттин соттук экспертизаны дайындаган органга же адамга кат жүзүндө кайрылуусу (өтүнүчү).
3-берене. Соттук экспертиза жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын соттук экспертиза жөнүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, соттук экспертизаларды уюштурууну, дайындоону жана жүргүзүүнү регламенттеген башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Соттук экспертизанын принциптери
Соттук экспертиза төмөндөгү принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук;
- жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоо;
- соттук эксперттин көз карансыздыгы;
- калыстык;
- изилдөөлөрдүн ар тараптуулугу жана толуктугу.
5-берене. Соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту сактоо
Соттук-эксперттик иш Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул иштин укуктук негизин түзгөн башка ченемдик, укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда ченемдик, укуктук актыларды бузууга жол берилбейт жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.
6-берене. Соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо
Соттук-эксперттик иш жарандардын тең укуктуулугун, алардын эркиндикке жана жеке кол тийбестикке, жекече жашоосуна кол тийбестигине, жеке жана үй-бүлөлүк жашыруун сырга, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого карата конституциялык укуктарын, ошондой эле адамдын жана жарандын башка мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
7-берене. Соттук эксперттин көз каранды эместиги
Соттук экспертизаны жүргүзүүдө соттук эксперт соттук экспертизаны дайындаган органга же адамга, иштин жыйынтыгына кызыкдар тараптарга жана башка жактарга көз каранды болбойт. Соттук эксперт өзүнүн атайын билимдерине ылайык жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизденүү менен өзүнүн ички ишеними боюнча корутунду берет.
Соттук экспертке соттук-тергөө органдары, ошондой эле башка мамлекеттик органдар, жеке, юридикалык жактар жана кызмат адамдары тарабынан таасир көрсөтүүгө жол берилбейт.
8-берене. Изилдөөлөрдүн калыстыгы, ар тараптуулугу жана толуктугу
Соттук эксперт изилдөөнү азыркы илимий жана тажрыйбалык негизде, тийиштүү адистиктин чегинде ар тараптуу жана толук көлөмдө жүргүзүүгө милдеттүү.
Соттук эксперттин корутундусу, кабыл алынган илимий жана тажрыйбалык маалыматтардын базасында текшерүүгө мүмкүндүк берген жоболорго негизделиши керек.
9-статья. Соттук-эксперттик иштин мазмуну
Соттук-эксперттик иш төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- жазык, жарандык жана администрациялык иштер боюнча соттук экспертизаларды жүргүзүүнү;
- соттук экспертиза тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана илимий-усулдук камсыздоону;
- соттук экспертизанын теориясынын жана тажрыйбасынын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын калыптандырууну;
- соттук эксперттин ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан эксперттик изилдөөлөрдүн сапатына бирдиктүү усулдук контролду жүзөгө ашырууну.
10-берене. Соттук эксперттин укугу
Соттук эксперт төмөндөгүлөргө укуктуу:
- соттук экспертизага тийиштүү болгон иштин материалдары менен таанышууга;
- тапшырманын маани-маңызын өзгөртпөстөн соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) жазылган маселенин түзүлүшүн өзгөртүүгө. Маселе адепки түшүндүрмөсүндө кайталангандан кийин, бул маселе компетенциясына жана атайын билимдерине ылайык соттук эксперт тарабынан кандай түшүнгөндүгү көрсөтүлөт;
- эксперттик изилдөөнүн усулун өз алдынча тандоого жана зарыл болгон учурда бул соттук экспертизаны талаптагыдай жүргүзүү максатында илимий изилдөөлөрдү жана эксперименттерди жүргүзүүгө;
- корутунду берүү үчүн маанилүү болгон далилдерди изилдөө үчүн анын соттук заседаниеге катышуу убагынын зарыл болгон чегин чектөө жөнүндө соттон суранууга же соттук-эксперттик мекеменин шарттарында мындай изилдөөнү өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө билдирүүгө;
- сурак убагында өзүнүн жоопторун өз колу менен жазып берүүгө;
- сурак убагында же башка тергөө аракеттеринде, эгерде ал сот өндүрүшү жүрүп жаткан тилди билбесе, корутундуларды жана жоопторду өз тилинде берүүгө жана алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адам, тергөөчү, прокурор же сот дайындаган котормочунун кызматынан пайдаланууга;
- аны суракка алуу протоколу менен таанышууга жана протоколго киргизүүгө тийиштүү сын-пикирлерин айтууга;
- эгерде соттук экспертиза комиссиялык түрдө өткөрүлүп жатса, башка соттук эксперттер менен кеңешүүгө;
- соттук экспертиза жүргүзүүдө бөтөнчө ой-пикирин айтууга;
- өзүнүн корутундусунда соттук экспертиза жүргүзүүдө аныкталган иш үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, алар боюнча ага суроо коюлбаган жагдайларды көрсөтүүгө, анын ичинде өзүнүн демилгеси боюнча кошумча суроолорду коюу менен көрсөтүүгө;
- эгерде алар соттук эксперттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн адамдын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун аракеттерине жана чечимдерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
- соттук экспертизаларды жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды төлөтүп алууга;
- соттук экспертизаны жүргүзүүдөн баш тартууга, эгерде:
соттук экспертизаны дайындоонун процесстик тартиби бузулса жана ал аны жүргүзүүсүн татаалдатса, же мүмкүн бербесе;
коюлган суроолор соттук эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыгып кетсе;
изилдөөнүн объекттери жана иштин материалдары корутунду берүү үчүн жарабаса же жетиштүү болбосо жана соттук экспертке аларды толуктоодон жазуу түрүндө баш тартылса;
изилдөөлөрдү жүргүзүү жана корутундуну берүү үчүн зарыл болгон шарттар, усулдук каражаттар жана жабдуулар жок болсо;
соттук эксперттин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе;
соттук эксперттин көз карандысыздыгынын принциби бузулса.
Соттук эксперт төмөндөгүлөргө укуктуу эмес:
- соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) көрсөтүлбөгөн буюм далилдерин жана иштин материалдарын изилдөөгө;
- соттук экспертиза жүргүзүлүп жаткан жазыктык, жарандык жана администрациялык иштин материалдарын кызматтык бөлмөдөн сырткары сактоого;
- өзүнө тапшырылган соттук экспертиза жүргүзүүгө башка соттук эксперттерди өз алдынча тартууга;
- эгерде ал иштин аягына кызыкдар эместигине шек келтирсе, экспертизаны дайындаган адамдын макулдугусуз процесстин катышуучулары менен жеке байланыш түзүүгө;
- ишке тиешелүү, бирок ага белгиленген мыйзамдык тартипте берилбеген материалдарды өз алдынча топтоого жана алып коюуга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинен тышкары чечилүүчү маселелер боюнча корутундулар, түшүндүрмөлөр, сунуштарды берүүгө;
- соттук экспертизанын натыйжалары жөнүндө, аны дайындаган орган же адамдан башка кимдир бирөөгө кабарлоого.
11-берене. Соттук эксперттин милдеттери
Соттук эксперт төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- белгиленген мыйзамдык тартипте өзүнө тапшырылган соттук экспертизаларды жүргүзүүнү кабыл алууга, ар тараптуу, толук изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өзүнүн компетенциясына кирген суроолор боюнча илимий негиздүү корутунду берүүгө, же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө кабар берүүгө;
- процесстик мыйзамдарда көрсөтүлгөн негиздер болсо өзүнүн баш тартуусун билдирүүгө;
- изилдөөгө таасирин тийгизе турган, соттук экспертизага берилген материалдардын каттоо эрежелеринин соттук эксперт тарабынан табылган олуттуу кемчиликтери жөнүндө соттук экспертизаны дайындаган органга же адамга кабарлоого;
- изилдөөнүн көлөмүн кеңейтүүнүн, анын ичинде жаңы соттук эксперттерди тартуу, ошондой эле башка экспертизаларды жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен да кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө айгинелеген, өздөрү белгилеген бардык фактылар жөнүндө соттук экспертизаны дайындаган органга же адамга кабарлоого;
- буюм далилдеринин бузулушуна жана аларга зыян келтирилишине, алар изилдөөнүн мүнөзүнөн улам пайда болгон учурларда алардын мүмкүн болушунча сакталышын камсыздоо менен жол бербөөгө;
- иштин материалдарынын маалыматтарын таратпоого.
12-берене. Соттук эксперттин жоопкерчилиги
Соттук эксперт өзүнүн атайын билимдерине ылайык өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларына баа берүүнүн негизинде өзүнүн атынан корутунду берет жана ал үчүн жекече жоопкерчиликте болот.
Корутунду берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жана билип туруп жалган корутунду бергендиги үчүн соттук эксперт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке тартылат.
Жазыктык жоопкерчиликке алып келбеген, соттук экспертиза жүргүзүүнүн тартибин, мөөнөтүн бузгандыгы жана кызматтык милдеттерине жүрнары мамиле кылгандыгы үчүн соттук эксперт тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Сотто, же болбосо укук коргоо органынын алдында жалган билдирүүсү үчүн, кесиптик милдеттерин аткаруудагы айтылган ой-пикири үчүн, ошондой эле кесиптик милдеттерине жана этикалык ченемдерге ылайык жүзөгө ашырылган бардык аракеттери үчүн соттук эксперт тартиптик, жарандык-укуктук, администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.
13-берене. Соттук эксперткеёкоюлуучу кесиптик жана квалификациялык талаптар
Жогорку билими бар, Кыргыз Республикасынын ченемдик, укуктук актыларында белгиленген тартипте айкын-ачык эксперттик адистик боюнча даярдыктан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны соттук эксперттик статуска ээ болушу мүмкүн.
Соттук-эксперттик ишке төмөндөгү адамдарга жол берилбейт:
- мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылгандарга;
- атайын жасаган кылмышы үчүн соттуулугу барларга;
- жаманатты кылган жагдайлар боюнча соттук-эксперттик мекемелерден, укук коргоочу жана башка мамлекеттик органдардан бошотулгандарга.
14-берене. Соттук экспертизаны дайындоо жана жүргүзүү үчүн негиздер
Соттук экспертизаны дайындоо үчүн материалдарды же иштин материалдарын атайын билимдердин базасында изилдөө жолу менен иштин жагдайларын белгилөөнүн зарылдыгы негиз болуп эсептелет. Процесстик мыйзамдарда каралган соттук экспертизаны сөзсүз түрдө дайындоо учурларын эсепке албаганда, соттук экспертизаны дайындоо зарылдыгы ачык-айкын материалдардын же иштин материалдарынын бардыгына жана тийиштүү соттук экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө жараша тергөөчүнүн, прокурордун демилгеси боюнча, же болбосо кызыкдар адамдардын өтүнүчтөрү боюнча аныкталат. Соттук экспертизаны мыйзамда белгиленген процесстик формадан тышкары жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен алмаштырууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык чыгарылган соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) жана аны жүргүзүүнү ачык-айкын соттук экспертке же соттук эксперттик мекемеге тапшыруу соттук экспертиза жүргүзүүнүн негизи болуп саналат.
Соттук эксперттин чечүүсүнө коюлган маселелер дайындалып жаткан соттук экспертизанын түрүнүн компетенциясына жараша түзүлөт жана соттук экспертизаны дайындоо учурундагы ачык-айкын, иштин маалым болгон жагдайларына негизделет. Суроолор ачык-айкын жана жалпысынан толук мүнөздө болууга тийиш.
Соттук эксперт Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте ага берилген материалдарда чагылдырылган жана ишке тиркелген объектилерди гана изилдөөгө укуктуу. Эталондук үлгүлөрдөн башка материалдар соттук экспертизаны дайындаган адам тарабынан гана берилет.
Соттук экспертизанын жүргүзүү үчүн материалдар жетишпеген учурда соттук эксперт аларды өз алдынча чогултууга укуксуз. Мындай учурларда соттук эксперт изилдөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирет.
Соттук экспертизаны дайындаган орган же адам салыштырма изилдөө үчүн үлгүлөрдү берүүгө милдеттүү. Өткөрүп жаткан изилдөөсүнүн чегинде, соттук эксперттин катышуусу менен ишке кошуунун процесстик ченемдерин сактоо аркылуу үлгүлөрдү алууга жол берилет. Соттук экспертизаны жүргүзүү өзүнө тапшырылган учурга чейин соттук эксперттин изилдөө үчүн үлгүлөрдү жана салыштырма үлгүлөрдү өз алдынча тандоосуна тыюу салынат.
Соттук экспертиза белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимге же макулдашууга ылайык чет мамлекеттин мамлекеттик органынын кайрылуусу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде эл аралык келишимде же макулдашууда башкача каралбаса, мындай учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.
15-берене. Кайталанма жана комплекстүү соттук экспертизалардын дайындалышы жана жүргүзүлүшү
Кайталанма соттук экспертизаны дайындоодо биринчи корутундунун тууралыгына шектенүү төмөндөгүлөрдөн улам келип чыгышы мүмкүн:
- иштин материалдарынын корутундусундагы карама-каршылыктан;
- бир нече соттук экспертизалардын корутундуларынын ортосундагы карама-каршылыктардан;
- биринчи соттук экспертизаны жүргүзүүдөгү процесстик мыйзам бузулгандыктан;
- корутундунун (кабардын) ички карама-каршылыктарынан;
- объекттин толук эмес изилденишинен;
- зарыл болгон учурларда эксперттик изилдөөнүн азыркы натыйжалуураак ыкмаларын, усулдарын колдонбогондуктан.
Башка негиздер боюнча кайталанма соттук экспертизаны дайындоого жол берилбейт.
Кайталанма соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо тергөөчүгө, прокурорго кайталанма эксперттик изилдөөгө кайрылууга түрткү берген негиз да, себептер да сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек. Соттук экспертизага жиберилип жаткан материалдардын ичинде сөзсүз түрдө биринчи соттук экспертизанын корутундусу болуш керек.
Комплекстүү соттук экспертизаны дайындоонун негиздери болуп, бир эле чектеш (байланыштуу) маселелерди чечүү үчүн ар түрдүү эксперттик адистиктерге тийиштүү болгон атайын билимдерди, алардын биринин базасында толук чечүүгө мүмкүн болбогондуктан пайдалануунун зарылдыгы эсептелет.
Комплекстүү соттук экспертизаны жүргүзүүдө соттук эксперттер бардык соттук эксперттер тарабынан алынган, өздөрүнүн өз алдынча изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча ар бир өзүнчө соттук эксперттин компетенциясынын чегине кирген, коюлган чектеш маселелер боюнча тыянак чыгарышат.
Эгерде маселенин чечилиши талап кылынса, комплекстүү соттук экспертизаны жүргүзүү тергөөчүнүн, прокурордун (соттун) да, соттук-эксперттик мекеменин да демилгеси боюнча уюштурулушу мүмкүн. Эгерде маселени комплекстүү соттук экспертиза жолу менен чечүү үчүн ар кандай соттук-эксперттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусу зарыл болсо, ишти уюштуруу комплекстүү соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтомдо экспертиза жүргүзүүнү уюштурууну жүргүзүүчү жана бардык изилденүүчү материалдарды жибере турган негизги мекемени милдеттүү түрдө дайындаган тергөөчү, прокурор (сот) аркылуу жүргүзүлөт. Комплекстүү соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө токтом соттук экспертиза жүргүзүүнүн бардык катышуучуларына жөнөтүлөт.
16-берене. Соттук эксперттин корутундусу
Зарыл болгон изилдөөлөр аякталгандан кийин соттук эксперт (эксперттер) алынган натыйжаларды эске алуу менен өзүнүн атынан кат жүзүндө жүйө-себептүү корутунду түзөт.
Корутунду эки нускада түзүлөт. Биринчи нуска соттук экспертизаны дайындаган органга (адамга) жиберилет, экинчи нуска соттук-эксперттик мекемеде же соттук экспертте калат жана 5 жыл сакталат.
Корутундунун ар бир барагына соттук эксперттин (эксперттердин) колу коюлат. Эгерде соттук эксперт соттук-эксперттик мекеменин кызматкери болсо, анын колу тыянактардан кийин соттук-эксперттик мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Соттук эксперттин корутундусу үч бөлүктөн: киришүү, изилдөөчүлүк жана тыянактар бөлүктөрүнөн, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергендиги жана корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн жазыктык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү жөнүндө тил каттан ага Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттук эксперттин укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүдөн турат.
Соттук эксперттин корутундусунун киришүү бөлүгүндө сөзсүз түрдө төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
соттук экспертиза жүргүзүү үчүн негиз;
соттук экспертизага келип түшкөн материалдар жөнүндө маалыматтар;
соттук эксперт жөнүндө маалыматтар;
корутунду берүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жана соттук эксперт баштапкы маалымат катарында кабыл алган иштин жагдайлары;
соттук эксперттин чечүүсүнө коюлган маселелер;
соттук эксперттин демилгеси боюнча коюлгандыгы жөнүндөгү сөзсүз түрдө белги коюлган өзүнүн демилгеси боюнча соттук эксперт тарабынан чечиле турган маселелер;
билдирилген өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары.
Изилдөөчүлүк бөлүк эксперттик билими жок адамдар үчүн түшүнүктүү тилде баяндалат. Пайдаланылуучу атайын терминдер түшүндүрүлүп берилиши керек.
Изилдөөчүлүк бөлүктө төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
эксперттик изилдөө объекттеринин абалы;
эксперттик изилдөөнүн методдору, аларды колдонуунун техникалык шарттары жана алынган натыйжалар;
соттук экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылган маалымкаттык ченемдик материалдарга шилтемелер;
тийиштүү тыянактар чыгаруу үчүн негиз катарында изилдөөнүн өзүнчө этаптарына жана алынган бардык натыйжаларга эксперттик баа берүү.
Эгерде соттук эксперт изилдөөнүн бир бөлүгүн гана өткөрсө, анда ал аны баяндоону жана натыйжаларга баа берүүнү изилдөөчүлүк бөлүктүн тийиштүү бөлүмү катарында түзөт жана ага кол коет.
Кайталанма соттук экспертизанын изилдөөчүлүк бөлүгүндө соттук эксперт мындай маселе коюлгандыгына же коюлбагандыгына карабастан, эгерде алар орун алса, биринчи соттук экспертизанын тыянактары менен кайчылаштыктардын себебин сөзсүз түрдө көргөзөт.
Соттук эксперттин тыянактары коюлган суроолорго жооп катарында жазылат.
Тыянактар башкача түшүндүрмөлөргө мүмкүндүк бербей турган так жана таасын тилде жазылат. Эгерде тыянакты изилдөөчүлүк бөлүктө баяндалган жана коюлган суроого толук жоопту камтыган изилдөөнүн натыйжаларын толук баяндабай туруп түзүүгө мүмкүн болбогон учурларда корутундунун изилдөөчүлүк бөлүгүнө шилтеме жасоого мүмкүндүк берилет.
Тыянактар так-даана жана ыктымалдуу болушу мүмкүн. Ыктымалдуу түрдөгү тыянак жарым-жартылай негизделет жана соттук эксперт коюлган суроонун башкача чечилүүсүнүн мүмкүндүгүн көрсөтүү менен белгиленген фактыны ыктымалдуулук негизде түзөт. Ыктымалдуу тыянак өз алдынча далилдик мааниге ээ болбойт.
17-берене. Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү
Корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү төмөнкү учурларда түзүлөт:
- эгерде коюлган маселе соттук эксперттин атайын билимдеринин чегинен ашса;
- соттук экспертке берилген материалдардын корутунду берүү үчүн жараксыз же жетишсиздигинен улам;
- изилдөөнүн методикаларын жана методдорун илимий иштеп чыгуулардын азыркы деңгээли коюлган маселени бир жаңсыл чечүүгө мүмкүндүк бербесе;
- коюлган маселени чечүүнүн илимий-иштелип чыккан методикасынын жоктугунан;
- эгерде айкындалган белгилердин жыйындысы маселени чечүү үчүн бири-бирине каршы келсе жана жетишсиз болсо.
Корутунду берүүгө мүмкүн эместик жөнүндө билдирүүнүн кат жүзүндөгү түрү киришүү, жүйөлөштүрүүчү жана корутунду бөлүктөрдөн турат.
Корутунду берүүгө мүмкүн эместик жөнүндө билдирүү материалдары боюнча кайталанма соттук экспертиза дайындалышы мүмкүн.
18-берене. Материалдардын аткарылбай кайтарылышы
Соттук экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн болсо, бирок бул учурда аны өткөрүүгө мүмкүн болбогон учурларда материалдарды аткарбай кайтарып берүү жүргүзүлөт. Кайтарып берүү үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- соттук экспертизага берилген материалдарды процесстик тариздөөдөгү кемчиликтер;
- тийиштүү адистердин, жабдуулардын, препараттардын жоктугу, ал жөнүндө соттук экспертизаны дайындаган адамга же болбосо органга дароо эскертилет;
- ар кандай жагдайлар боюнча соттук экспертизаны жүргүзүүнүн зарылдыгы токтотулган учурда тергөөчүнүн, прокурордун (соттун) кат жүзүндөгү талабы.
Соттук экспертизага жөнөтүлгөн материалдарды башка негиздер боюнча изилдөөнү өткөрбөстөн кайтарып берүүгө жол берилбейт.
Материалдарды кайтарып берүү процесстик тариздөөнү талап кылбайт.
19-берене. Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгынын жана калыстыгынын кепилдиктери
Соттук эксперттин корутундусунун тууралыгы жана калыстыгы төмөндөгүлөр менен кепилденет:
- тапшырманын маңызы боюнча толук жана ар тараптуу изилдөө жүргүзүүгө жана процесстин катышуучуларына изилдөөнүн жүрүшүн жана натыйжаларын түшүнүктүү түрдө баяндоо менен кат жүзүндө корутунду берүүгө соттук эксперттин милдеттүүлүгү менен;
- тыянактардын тууралыгы жана корутундунун мазмуну үчүн соттук эксперттин жекече жазыктык жоопкерчилиги менен;
- соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн берилген материалдардын жана маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы менен;
- баштапкы маалыматтар толук эмес же карама-каршылыктуу болгон учурда соттук эксперттин кошумча маалыматтарды жана кабарларды талап кылуу укугу менен жана мыйзамдарда каралган учурларда соттук эксперттин корутундуну берүүдөн баш тартуу укугу менен;
- соттук эксперттин соттук экспертизанын тапшырмаларынын суроолорун кайра түзүү жана анын демилгеси боюнча коюлган башка маселелерди чечүү укугу менен;
- соттук эксперттин корутундусуна тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун далил катарында акыркы баа берүү укугу менен;
- тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун соттук экспертти суракка алуу, кошумча жана кайталанма соттук экспертизаларды дайындоо укугу менен;
- иштин бүтүшүнө кызыкдар жактардын соттук эксперттерди дайындоо же четке кагуу, кайталанма жана кошумча соттук экспертизаларды дайындоо, жөнүндө өтүнүчтөрдү билдирүү укугу менен.
20-берене. Соттук экспертизанын жүргүзүүдө процесстин катышуучуларынын кошо катышуусу
Соттук экспертизаны жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында мындай укук берилген жана буга соттук экспертизаны дайындаган органдын же адамдын кат жүзүндөгү макулдугу берилген процесстин катышуучулары катыша алышат. Мындай учурда корутундунун киришүү бөлүгүндө процесстин катышуучусунун статусу жана анын катышуусу жөнүндө сөзсүз түрдө белги коюлат.
Соттук экспертизанын жүргүзүлүшүнө катышкан процесстин катышуучулары изилдөөнүн жүрүшүнө кийлигишүүгө укуксуз болушат, бирок соттук экспертке соттук экспертизага тиешелүү зарыл түшүндүрмөлөрдү жана суроолорду бере алышат.
Соттук эксперт корутундуну түзүүдө, ошондой эле соттук эксперттердин кеңешүү жана жыйынтыктарды түзүү стадиясында, эгерде соттук экспертиза комиссиялык түрдө өткөрүлүп жатса процесстин катышуучуларынын кошо катышуусуна жол берилбейт.
Соттук экспертиза жүргүзүүгө катышкан процесстин катышуучусу соттук эксперттин ишине кийлигишкен учурда, ал изилдөөнү токтото турууга жана соттук экспертизаны дайындаган органга же адамга соттук экспертизанын жүргүзүүдө катышууга процесстин аталган катышуучусуна берилген уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө өтүнүүгө укуктуу.
Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жаткан адамдын чечинүүсү менен коштолгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ошол жыныстагы адамдар гана катыша алышат. Көрсөтүлгөн чектөө көрсөтүлгөн изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышкан медициналык кызматкерлерге таралбайт.
21-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
22-берене. Бул мыйзамдын күчүнө кириши
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|