Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 25-марты №167
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра алуу жөнүндө
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун айрым жоболорун кайра кароо зарылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 806 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуна ылайык киргизилген "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 806 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |