Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 25-декабры №812
"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент
1-берене. Жалпы техникалык регламенттин максаттары
Бул Мыйзам "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жалпы техникалык регламенти болуп эсептелет (мындан ары - техникалык регламент).
Бул техникалык регламенттин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- адамдар пайдаланууга арналган суудагы булгоочу заттардын зыяндуу таасиринен адамдардын ден соолугун өмүрүн коргоо;
- ичүүчү сууну пайдаланууда керектөөчүлөрдү адашууга алып келүүчү аракеттерден алдын алуу.
2-берене. Жалпы техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү
1. Бул техникалык регламент калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган ичүүчү сууга жайылтылат жана ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча принциптерди, жоопкерчиликти, жол-жоболорду жана уюштуруу чараларын жөнгө салат.
2. Бул техникалык регламенттин колдонулушу чарбалык иштерди жүргүзүүчү (өнөр жай, айыл чарба жана башка ишканалары), суу менен жабдуу системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.
3. Техникалык регламент колдонуу жана аткаруу үчүн техникалык жөнгө салуу объекттерине милдеттүү болгон талаптарды белгилейт.
3-берене. Техникалык жөнгө салуу объекттери
1. Ушул техникалык регламенттин техникалык жөнгө салуу объекттерине төмөнкүлөр кирет:
- ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасындагы ичүүчү суу (борбордоштурулган, борбордоштурулбаган, автономдуу, транспортто суу менен камсыз кылуу системасы, жалпы жана үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалар);
- адамдар ичүү үчүн жана тамак-аш өндүрүшүндө колдонулууга багытталган ичүүчү суу;
- адамдар ичүү үчүн пайдалануучу цистерналарга, диспенсерлерге "жана башка идиштерге (челектерге, чакаларга, флягаларга) куюлган ичүүчү суу.
2. Ушул техникалык регламенттин аракети төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- минералдык ичүүчү, дарылык жана дарылык-ашканалык сууларга;
- табигый ичүүчү ашкана сууларына;
- медициналык азык болуп эсептелинүүчү сууларга;
- техникалык максаттар үчүн арналган сууларга;
- геотермалдык сууларга;
- ысык суу менен камсыздоо системасындагы сууларга;
- суу даярдоого чейинки булак сууларына;
- суу бөлүү объекттерин куруу жана пайдалануу боюнча техникалык талаптарга.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул техникалык регламентти аткарууну камсыздоо үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылбайт.
Авария - суу менен камсыз кылуу системасынын, ичүүчү сууну, ыплас сууларды тазалоо боюнча курулмалардын иштешинин санкцияланбаган түрдө токтошу же болбосо мүлккө зыян келтирилиши же жок кылышы же болбосо адамдардын ден соолугу менен бакубаттыгы үчүн коркунуч түзүшү мүмкүн болгон алардын компоненттеринин бузулушу.
Ичүүчү суу менен камсыздоонун автономдуу системасы - жеке, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин пайдалануусундагы жана жалпы калк пайдалануу үчүн арналбаган ичүүчү сууну топтоо, даярдоо (же даярдоосуз), аны пайдалануучу жерге берүү (же бербөө) үчүн орнотулмалар жана курулмалар.
Коркунучтарды талдоо жана критикалык контролдук чекиттер - сапатты контролдоо системасы, ал бир түргө келтирүүнү, баалоону карайт жана ичүүчү суунун коопсуздугуна таасир этүүчү коркунучтуу факторлорду башкарат.
Коопсуз ичүүчү суу - алынган жерине же келип түшкөнүнө карабастан, микроорганизмдерди жана мителерди, ошондой эле адамдардын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген ар кандай заттарды кармабаган жана ичүү, тамак-аш даярдоо, тамак-аш азыктарын же заттарды өндүрүүдө адамдар пайдалануучу жана гигиеналык процедуралар үчүн арналган жаратылыш же кайра иштетилген суу.
Суу топтоочу курулма - ичүүчү суу менен камсыз кылуу булагынан сууну топтоо үчүн гидротехникалык курулма.
Суу менен камсыздоо - жер үстүндөгү же жер астындагы сууларды пайдалануучуларга коопсуздук боюнча талаптарга ылайык талап кылынган өлчөмдө берүү.
Суу түтүк тармагы (суу түтүгү) - сууну керектөөчү жерлерге берүү жана бөлүштүрүү үчүн арналган суу түтүктөрү жана анын курулмаларынын системасы.
Мамлекеттик көзөмөл - калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо жаатында ушул регламенттин талаптарын бузуунун алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу боюнча аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органынын иши.
Санитардык коргоо зонасы - аймак жана (же) акватория, анын чектеринде ичүүчү суу менен камсыз кылуу булагын, суу түтүктөр курулмаларын жана ичүүчү сууну булгануудан коргоо максатында чарбалык жана башка иштердин өзгөчө режими белгиленет.
Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы - суусу коопсуздук боюнча белгиленген талаптарга жооп берген жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасына топтоо үчүн пайдаланылуучу же пайдаланылышы мүмкүн болгон жер үстүндөгү же жер астындагы суу объектисин (же анын бөлүгү).
Контролдоо - тиешелүү сыноолор жана өлчөөлөр менен коштолуучу байкоо жүргүзүү жана жыйынтык чыгаруу жолу менен ишке ашырылуучу шайкештикти баалоо формасы.
Мониторинг - суунун коопсуздугун баалоо жана өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн белгилүү программа боюнча жүргүзүлүүчү регулярдуу байкоолордун жана контролдоонун системасы.
Учурдагы эң жакшы технология - экономикалык жана социалдык факторлорду эске алуу менен белгиленген мөөнөттүн ичинде колдонулуучу, суу пайдалануунун коопсуздугу боюнча талаптарды илим менен техниканын жетишкен деңгээлинде кармап туруучу өндүрүштүк иштердин, анын ичинде ичүүчү суу өндүрүшүнүн кыйла натыйжалуу технологиясы.
Ичүүчү суунун олуттуу эмес кемчилиги - ичүүчү суунун сапатынын кемчилиги, ал ичүүчү сууну анын максаттык арналышына ылайык пайдаланууга жолтоо болбойт.
Борбордоштурулбаган суу менен камсыздоо - бөлүүчү тармагы жок (шахталык же түтүкчө түрүндөгү кудуктар жана булактардын каптаждары) суу топтоочу түзүлүштөрдүн жардамы менен сууну жер астындагы булактардан берүүчү ичүүчү суу менен камсыздоо системасы.
Ичүүчү суунун коопсуздугунун нормативдери - эпидемиялык жана радиациялык жагдайда адам үчүн коопсуздукту, пайдалануунун узактыгына карабастан химиялык курамы боюнча зыяндуу эместигин кепилдикке алуучу ичүүчү суунун көрсөткүчтөрү.
Сууну зыянсыздандыруу (дезинфекциялоо) - суудагы микроорганизмдерди ичүүчү суунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуучу чекке чейин жок кылуу процесси.
Ичүүчү суу менен камсыздоонун жалпы үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системасы - ичүүчү сууну борбордоштурулган жана автономдуу суу менен камсыз кылуу системасынан керектөөчүлөргө берүүнү камсыздоочу, имараттагы түзүлүштөрдүн, курулмалардын жана суу түтүктөрүнүн комплекси.
Ичүүчү сууну пайдалануучу - өзүнүн муктаждыктарын камсыздоо үчүн ичүүчү сууну белгиленген тартипте алуучу жеке же юридикалык жак, жеке ишкер.
Ичүүчү суу менен камсыздоо - керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер.
Ичүүчү сууну даярдоо (суу даярдоо) - сууну ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптарга ылайык келтирүү үчүн аны иштетүүнүн технологиялык процесси.
Чектик жол берилүүчү концентрация (ЧЖК) - суудагы заттардын максималдуу концентрациясы, анда зат өмүр бою организмге күн сайын кирүүдө учурдагы жана кийинки муундагы калктын ден соолугуна тикелей же ортомчулук таасир көрсөтө албайт, ошондой эле суу пайдалануунун гигиеналык шарттарын начарлатпайт.
Өндүрүштүк контролдоо - юридикалык жана жеке жактар иш жүргүзүү процессинде, иштерди аткарууда жана адам үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген кызматтарды көрсөтүүдө адамдардын өмүрүн жана ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында уюштурулуучу жана жүргүзүлүүчү санитардык-эпидемияга каршы (алдын алуучу) иш-чараларды камсыз кылуу боюнча контролдоо системасы.
Ден соолук үчүн коркунуч - кооптуу эмес ичүүчү сууну пайдалануу менен байланышкан жагымсыз факторлордун таасири менен шартталган, адамдардын жана келечек муундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч ыктымалдыгы.
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы - сууну топтоо, ошондой эле зарыл учурда аны тазалоо, сактоо жана суу пайдалануучу жерге жеткирүү үчүн арналган курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси.
Борбордоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы ичүүчү сууну топтоо, даярдоо, ташуу жана керектөөчүгө берүү үчүн жалпы пайдаланууга жеткиликтүү инженердик курулмалардын комплекси.
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - белгилүү функцияларды аткаруучу орган, анын компетенциясына колдонулуудагы мыйзамдарга жана башка нормативдик укуктук актыларга ылайык анын милдеттери жана укуктары кирет.
Ичүүчү суунун олуттуу жетишсиздиги - анын максаттуу арналышына ылайык ичүүчү сууну пайдаланууну мүмкүн эмес же жеткиликтүү эмес кылуучу кемчилик.
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо - чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык-тиричилик максаттары үчүн адамдардын сууга болгон керектөөлөрүн камсыздоого багытталган тиешелүү ишканалардын жана уюмдардын иш чөйрөсү.
5-берене. Кыргыз Республикасынын ушул жалпы техникалык регламенттин колдонулуу жаатындагы мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын ушул жалпы техникалык регламенттин талаптарын колдонуу жаатындагы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына таянат жана ушул техникалык регламенттин, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынан, ошондой эле аларга ылайык колдонулуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка нормативдик укуктук актыларынан турат.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоону ишке ашырууда, ушул техникалык регламент менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жарандардын өмүрүн же ден соолугун коргоо жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" жана "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Ичүүчү суунун пайдалануучулары менен берүүчүлөрүнүн ортосундагы мамилелер ичүүчү сууну берүү (алуу) жагдайы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жайгаштыруу, куруу жана пайдаланууга байланыштуу келип чыккан суу объекттерин, жерлерди, кен байлыктарды, токойлорду жана жаратылыш чөйрөсүнүн башка компоненттерин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелер Кыргыз Республикасынын кен байлыктар жөнүндө мыйзамы, ошондой эле суу, жер, токой, шаар куруу мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу принциптери
1. Ичүүчү суунун коопсуздугу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу төмөнкү принциптерге ылайык ишке ашырат:
- калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана берүүчүлөрдүн жоопкерчиликтери;
- ичүүчү сууну чыгарууга, ташууга, сактоого жана сатууга коопсуздук талаптарын милдеттүү түрдө сактоо жана колдонуу;
- белгиленген тартипте шайкештикти баалоону жүргүзүү;
- чыгарууда, ташууда, сактоодо жана сатууда ичүүчү суунун коопсуздугунун мониторингин уюштуруу;
- чыгарууда, ташууда, сактоодо жана сатууда мамлекеттик жөнгө салуу чараларын колдонуу;
- ичүүчү суунун коопсуздугун камсыздоо боюнча нормативдик документтердин талаптарын ичүүчү сууну чыгаруучулардын жана берүүчүлөрдүн аткарышы;
- сууну чыгаруунун бардык этаптарында коркунучка жана критикалык контролдук чекиттерге талдоо жүргүзүү менен ичүүчү суунун коопсуздугун башкаруу системасын киргизүү жана ичүүчү сууну эл аралык стандарттардын негизинде берүү;
- өндүрүштүк контролдоо программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу.
2. Ичүүчү сууда нормативдер белгиленбеген заттар болгон учурда даярдоочу (берүүчү) чектик жол берилүүчү концентрацияларды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүнү камсыздоого милдеттүү.
7-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жалпы талаптар
1. Суу менен камсыздоонун борбордоштурулган жана автономдуу системасынан, транспорттогу суу менен камсыздоо системасынан, үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалардан, борбордоштурулбаган суу булактарынан алынган суулар эпидемиялык жана радиациялык жагдайда коопсуз, химиялык курамы боюнча зыянсыз болушу керек жана ушул техникалык регламенттин минималдуу талаптарына ылайык жагымдуу органолептикалык касиетке ээ болууга тийиш.
Борбордоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо системалары, үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системалар, ичүүчү суу менен камсыздоонун автономиялуу системалары аркылуу керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү суу ушул техникалык регламенттин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
Борбордоштурулган суу булактарынан алынган суу ушул техникалык регламенттин 1- (В, С бөлүктөрү), 2-тиркемелеринде аныкталган минималдуу талаптарына шайкеш келиши керек.
2. Ушул техникалык регламент менен белгиленген ичүүчү суунун коопсуздугунун нормативдик көрсөткүчтөрү төмөнкү жерлерде текшерилет:
- бөлүштүрүүчү системанын кранынын чоргоосунан (үй ичиндеги кран, көчөдөгү колонка):
- идиштин (цистернанын) чоргоосунан;
- суунун идишке (цистернага) куюлган жеринен;
- тамак-аш азыктарын чыгаруу боюнча ишканаларда суу пайдаланган жерлерден.
3. Суу менен камсыздоонун борбордоштурулган жана борбордоштурулбаган системаларындагы ичүүчү суунун коопсуздугу төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын тандоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын булгануудан коргоону уюштуруу жана камсыздоо;
- ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо максатында пайдалануу үчүн жарактуу болгон абалда кармап туруу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- адам үчүн коопсуздук талаптарына жооп берген жабдууларды, материалдарды жана реагенттерди ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында колдонуу;
- ичүүчү суунун коопсуздук талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуучу ичүүчү сууну даярдоонун эң мыкты колдонулуп жаткан технологияларын колдонуу;
- ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын техникалык пайдаланууга коюлуучу талаптарды аткаруу;
- ичүүчү сууда химиялык заттардын концентрацияларынын, микроорганизмдердин, мите агенттердин жана радиациялык фонунун көбөйүшүнө жол бербөө;
- өндүрүштүк контролдоо программаларын иш жүзүнө ашыруу;
- ичүүчү сууга, ичүүчү суу менен камсыздоо булактарына жана системаларына, бирдей методикаларды жана өлчөө каражаттарын пайдаланууга коюлуучу талаптарды сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу.
8-берене. Ичүүчү суу менен камсыздоо чөйрөсүндө пайдаланылуучу материалдарга, реагенттерге, жабдууларга жана технологияларга талаптар
1. Суу даярдоо жана ичүүчү сууну бөлүштүрүү үчүн пайдаланылуучу материалдар, реагенттер жана жабдуулар алар менен тийишүүдө ушул техникалык регламентте белгиленген нормативден ашуучу өлчөмдө адамдын ден соолугу үчүн зыяндуу кошундуларды бөлүп чыгарбашы керек.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларында колдонулуучу жана ичүүчү сууну ташуу үчүн идиштерди даярдоо процессинде пайдаланылуучу материалдар, реагенттер, жабдуулар адамдардын ден соолугуна мүмкүн болгон терс таасирдин алдын алуу үчүн аларды пайдалануунун белгиленген талаптарына жана эрежелерине шайкеш келүүгө тийиш.
3. Ичүүчү суу менен камсыздоо системасында колдонулуучу технологиялык жабдуулар гигиеналык талаптарга, ошондой эле жарылуу, өрт чыгуу жана экологиялык коопсуздук талаптарына жооп берүүгө жана кызматкерге зыяндуу жана кооптуу факторлордун аракетин жокко чыгарууга тийиш.
4. Ичүүчү сууда аны иштетүү процессинде келген жана түзүлгөн химиялык заттар ушул техникалык регламенттин 1-тиркемесинде (D бөлүгү) белгиленген коопсуздуктун нормативдик көрсөткүчтөрүнөн ашпашы керек.
5. Ушул техникалык регламенттин 1-тиркемесинде (D бөлүгүндө) айтылбаган, кайсы болбосун башка бир химиялык заттарды коопсуздукка зарыл болгон сыноолордон өткөзмөйүн колдонууга тыюу салынат.
6. Юридикалык жана жеке жактар ичүүчү суунун көрсөткүчтөрүн башка бир жугушсуздандыруучу кошумча заттар менен начарлатпастан, аны натыйжалуу дезинфекциялоону камсыз кылышат.
9-берене. Транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын коопсуздугу боюнча талаптар
1. Үч сааттан ашык жолдо жүргөн транспорт каражаттарында (темир жол поезддеринде жана аба кемелеринде, алыска баруучу автобустарда ж.б. транспорт каражаттарында) ичүүчү суу менен камсыздоо ичүүчү суу менен камсыздоонун системасын уюштуруу аркылуу ишке ашырылат.
2. Транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоонун системасы аркылуу берилүүчү ичүүчү суу ушул техникалык регламентке 1-тиркемеде белгиленген ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптарга шайкеш келиши керек.
3. Транспорт каражаттарында ичүүчү сууну сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген, шайкештигин тастыктоо жөнүндө документтери бар материалдан даярдалган идиштерде болушу керек.
4. Транспорт каражатын пайдаланууну ишке ашыруучу адамдар транспорт каражаттарында ичүүчү суу менен камсыздоонун системасын тиешелүү түрдө пайдаланууну камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сынамыктарды (пробаларды) алуу жыштыгы менен коопсуздук боюнча талаптарга ичүүчү суунун шайкеш келишине өндүрүштүк контролдоону камсыздайт.
10-берене. Суу менен камсыздоонун борбордоштурулбаган системаларында ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптар
1. Борбордоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасы жокто, алардын иштөө режими бузулган учурларда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда борбордоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоолор колдонулат.
2. Борбордоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн жер астындагы суу объекттери (булактар, жер катмарындагы суулар жана артезиан суулары) гана пайдаланылат.
3. Борбордоштурулбаган системалардан алынуучу суу ушул техникалык регламенттин 2-тиркемесинде белгиленген ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча нормативдерге туура келүүгө тийиш.
4. Борбордоштурулбаган ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- аларды тиешелүү абалда кармап турууга;
- ичүүчү суунун сапатынын коопсуздуктун белгиленген нормативдерине шайкеш келишине контролдоо жүргүзүүгө;
- ичүүчү сууну анын көрсөткүчтөрүн башка дезинфекциялоо продуктулары менен начарлатпастан натыйжалуу дезинфекциялоону камсыздоого;
- белгиленген тартипте уруксат берилген жана сертификатташтырылган материалдарды жана реагенттерди пайдаланууга;
- аймакты булгануу булагынан коргоону камсыз кылуу.
11-берене. Борбордоштурулган жана автономдуу суу менен камсыздоо булактарына, булактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо
системаларын санитардык коргоо зоналарына талаптар
1. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системалары үчүн булакты тандоо керектөөчүлөрдү жетишээрлик өлчөмдөгү коопсуз ичүүчү суу менен туруктуу камсыздоо, суу булактарын санитариялык коргоо жана суу менен камсыздоо системаларынын технологиялык ишенимдүүлүгү принциптерине негизденет.
2. Борбордоштурулган жана автономдуу чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн булактардын жарактуулугу ушул техникалык регламенттин 3, 4-тиркемелерине ылайык аныкталат.
3. Ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын долбоорлоодо коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келүүчү ичүүчү сууну камылгалаган ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы колдонулуп жаткан технологиялардын эң мыктысы, прогрессивдүү техникалык чечимдер, технологиялык процесстерди автоматташтыруулары пайдаланылышы керек.
4. Ичүүчү сууну даярдоонун технологиялык схемаларын тандоого жана негиздөөгө талаптар суу түтүктөрүн пайдалануунун эсептелген мөөнөтүндө, суу булактарында суунун курамынын өзгөрүшүн болжолдуу баалоого жана салыштырылуучу технологиялардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жараша белгиленет.
5. Ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын жана системаларын булгануудан коргоо санитардык коргоо зоналарын уюштуруу менен камсыздалат. Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары суу объектисин пайдаланууга санитардык коргоо зонасын аныктамайынча жол берилбейт.
6. Ичүүчү суу менен камсыздоо булагы катары пайдаланылуучу суу объекттерин санитардык коргоо зоналары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
7. Суу менен камсыз кылуу булактарын жана чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарында режимдин чектери жана өзгөчөлүктөрү белгиленген тартипте бекитилген суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарынын долбооруна ылайык белгиленет.
8. Булактарды жана чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын санитардык коргоо зоналарында чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүчү адамдар суу булагынын булганышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12-берене. Үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системаларды пайдаланууда ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча талаптар
1. Үй ичиндеги бөлүштүрүүчү системаларды пайдалануучу юридикалык же жеке адамдар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- ушул техникалык регламенттин 1-тиркемесинде белгиленген нормативдерге шайкеш келүүчү коопсуз ичүүчү суу менен керектөөчүлөрдү камсыздоого;
- ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүгө;
- суу берүү режиминин өзгөрүүлөрү жөнүндө аларга өз учурунда маалымдоого;
- химиялык, радиологиялык, микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү суунун сапатынын начарлоо себептерин аныктоого;
- үйдөгү бөлүштүрүүчү системаларды тиешелүү абалда кармоо, аварияларды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө.
2. Үйдөгү бөлүштүрүүчү системаларда ичүүчү суу коопсуздук боюнча талаптарга шайкеш келбеген учурда шайкеш келбестиктин себептерин четтетүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
13-берене. Ичүүчү суунун коопсуздук нормативдеринин шайкеш эместиги аныкталган учурдагы жөнгө салуу чаралар
1. Жер алдындагы байлыктарды колдонуу, айлана-чөйрөнү коргоо, пестициддер жана агрохимикаттар менен коопсуз иштөө жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар чарбалык-ичүүчү суу объекттеринин булганышы жөнүндө жана ичүүчү суу менен камсыздоо булактарында суунун сапатынын болжолдонгон начарлашы жөнүндө маалыматты жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, ошондой эле саламаттыкты сактоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын пайдаланууну ишке ашыруучу юридикалык жана жеке адамдарга бериши керек.
2. Региондогу кырдаалды эске алуу менен жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда, белгиленген мезгил убактысына чейин ушул техникалык регламенттин 1-2-тиркемелерине кирбей калган ичүүчү суунун коопсуздугунун кошумча көрсөткүчтөрү киргизилет.
3. Коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча ичүүчү суунун шайкеш эместиги аныкталган учурда, суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар сууну кайталап изилдөөнү токтоосуз жүргүзүүгө, булгануу себептерин аныктоого жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана саламаттыкты сактоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат бериши керек.
4. Ичүүчү сууда коопсуздук боюнча нормативдик көрсөткүчтөр жогору болуп кеткени аныкталган учурда, аны пайдаланууга тыюу салуу/чектөө үчүн чаралар жана/же адамдардын ден соолугун коргоо боюнча башкача аракеттер көрүлөт. Чараларды көрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системаларынын иштеши бузулганда (же) ичүүчү суунун нормативдик көрсөткүчтөргө шайкеш келбестик себептерин четтетүү мүмкүн эмес болгон учурда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, юридикалык жана жеке адамдар керектөөчүлөрдү резервдеги булактардан суу менен камсыз кылуу же сууну ташып жеткирип берүү боюнча чараларды көрүшөт.
6. Керектөөчүлөр ичүүчү суунун сапатынын начарлап кеткенине даттануу менен кайрылган учурда, чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар, суунун сапатынын начарлашынын себебин аныкташат жана зарыл учурда арыз ээсине маалымат берүү менен бирге кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
14-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугунун шайкештигин баалоо
1. Борбордоштурулган, борбордоштурулбаган, автономдуу суу менен жабдуу системаларынан, транспорт каражаттарындагы ичүүчү суу менен жабдуу схемаларынан алынуучу ичүүчү суунун коопсуздугунун шайкештигин баалоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо;
- ичүүчү суунун пайдалануучуларын адашууга алып келүүчү аракеттерди болтурбоо;
- Кыргыз Республикасында товарларды эркин алып жүрүү;
- эл аралык экономикалык, илимий-техникалык кызматташууга, эл аралык соодага катышуу.
2. Ичүүчү суунун шайкештигин баалоо өндүрүштүк контролдоо жана мамлекеттик көзөмөл формаларында жүргүзүлөт.
15-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк (ички) контролдоо
1. Өндүрүштүк контролдоо өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү процессинде тобокелдикке баалоонун натыйжалары боюнча адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна мүмкүн болгон зыяндуу таасирдин алдын алуу максатында, чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Ичүүчү суунун коопсуздугунун өндүрүштүк контролдоо программасы жергиликтүү шарттарды эске алуу менен чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар тарабынан иштелип чыгат, ошону менен бирге өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, утилдештирүү этаптарында ишке ашырылат жана саламаттык сактоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылат.
3. Өндүрүштүк контролдоо программасы суунун сынамыгын алуучу жерлерди, мезгилдүүлүгүн жана талдоого алынуучу көрсөткүчтөрдүн түрлөрүн жана тизмесин белгилейт. Суунун сынамыгын алуунун көрсөткүчтөрүнүн түрү жана мезгилдүүлүгү ушул техникалык регламенттин 3, 4, 6, 7-тиркемелеринде аныкталган талаптарды эске алуу менен белгиленет.
4. Ичүүчү суунун коопсуздугунун контролдонуучу көрсөткүчтөрүнүн тизмеси суу даярдоонун технологиясын пайдалануучу ичүүчү суу менен камсыздоо булагынын санитардык ишенимдүүлүгүнө жараша белгиленет.
5. Ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдардын лабораториясы же башка аккредиттелген лабораториялар тарабынан камсыздалат.
16-берене. Мамлекеттик көзөмөл
1. Мамлекеттик көзөмөлдүн максаты ичүүчү суунун тиешелүү сыноолор жана өлчөөлөр менен коштолуучу байкоо жүргүзүү процессинде коопсуздугу боюнча белгиленген көрсөткүчтөргө шайкештигин баалоо, ошондой эле ушул техникалык регламенттин талаптарынын бузулушун алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу болуп эсептелет.
2. Ичүүчү суунун коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык техникалык жөнгө салуунун объектилеринде, аны чыгаруунун жана сатуунун бардык этаптарында жүргүзүлөт.
3. Ичүүчү суунун коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.
4. Мамлекеттик көзөмөл төмөнкүдөй текшерүүлөрдү камтыйт:
- суу топтолгон жердин, санитардык коргоо зоналарынын абалын, сууну даярдоо, ташуу жана сактоо процесстерин;
- ичүүчү суу менен байланышта болгон борбордоштурулган жана жекече техникалык каражаттарды, материалдарды жана реагенттерди;
- бөлүштүрүүчү тармактарда суунун коопсуздугу боюнча нормативдик көрсөткүчтөрдү, анын ичинде турак жай жана коомдук имараттарда, билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу жана тамак-аш өнөр жайы мекемелеринде, транспортто сактоону;
- ичүүчү сууга мониторинг жүргүзүүнүн планын ишке ашырууну.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- ичүүчү сууну берүүчү ишканалардын жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын аймактарына кирүүгө;
- суу менен камсыздоо ишканаларынын аймактарын жана өндүрүш жайларын инспекциялоого;
- изилдөөлөр үчүн ичүүчү суу менен түздөн-түз байланышта турган заттардын жана буюмдардын үлгүлөрүн жана суунун сынамыгын алууга;
- юридикалык жана жеке адамдардын ушул техникалык регламенттин талаптарын аткарууларына текшерүү жүргүзүүгө;
- ден соолук үчүн коркунуч келтирүүчү нормативдик көрсөткүчтөр олуттуу шайкеш келбеген учурда борбордоштурулган жана автономдуу суу менен жабдуу системаларын иштетүүнү токтотууга;
- ичүүчү суунун коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн аныктоочу санын кеңейтүү жана изилдөөлөрдүн кайталанышын көбөйтүү жөнүндө чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылган юридикалык жана жеке адамдарга жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү жиберүүгө.
6. Пландуу мамлекеттик көзөмөлдүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
7. Адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтун көбөйүү ыктымалдыгы болгон учурда мамлекеттик көзөмөл төмөнкүдөй учурларда ишке ашырылат жана жүргүзүлөт:
- форс-мажордук кырдаалдардан кийин;
- авариялык жагдайларды жойгондон кийин;
- ичүүчү сууну даярдоо боюнча суу түтүктөр курулуп же реконструкцияланып бүткөндөн кийин;
- калктан даттануу түшкөндө;
- суунун булганышы менен байланышы бар болгон инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулар, эпидемиялар пайда болгондо;
- башка өзгөчө кырдаалдарда.
17-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү
1. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар ичүүчү суунун коопсуздугу жана суу тазалоонун натыйжалуулугу жөнүндө маалымат алуу максатында керектөөчүлөргө берилүүчү ичүүчү сууга мониторинг жүргүзүшөт.
2. Ичүүчү суунун коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча изилдөөлөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулган системаларынан ушул техникалык регламенттин 5-тиркемесине ылайык;
- чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борбордоштурулбаган системаларынан ушул техникалык регламенттин 2-тиркемесине ылайык.
3. Ичүүчү суунун сынамыгын алуу жана изилдөө жыл ичинде системалуу түрдө жүргүзүлөт.
4. Ичүүчү сууга мониторинг жүргүзүү программасы чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар тарабынан 2, 5, 6-тиркемелерге ылайык саламаттык сактоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча иштелип чыгат.
5. Ичүүчү сууда нормативдик көрсөткүчтөрү белгиленбеген, адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунучтуу заттар же микроорганизмдер бар экени жөнүндө негиздүү күмөн пайда болгондо, сууну кошумча текшерүү жүргүзүлөт.
6. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган эрежелерге жана ыкмаларга ылайык ичүүчү сууга лабораториялык изилдөө жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого милдеттүү.
7. Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө талаш маселелерди чечүү үчүн чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар көз каранды эмес аккредиттелген лабораторияларда изилдөөлөрдү жүргүзөт.
18-берене. Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө маалымат
1. Ичүүчү суу ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык эместиги аныкталганда чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо системасын пайдалануучу юридикалык жана жеке адамдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жана ичүүчү сууну керектөөчүлөргө ылайык эместикти жоюу үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кабарлайт.
2. Ичүүчү суу жөнүндө кабар өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- ичүүчү суунун көрсөткүчтөрү ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө;
- чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булактарындагы суунун булганганы же булганаары болжолдонуп жатканы жөнүндө;
- айрым көрсөткүчтөрү боюнча ушул техникалык регламентке ылайык келбеген, ден соолукка коркунучу бар ичүүчү сууну пайдалануудагы сактык чаралары жөнүндө;
- ичүүчү сууну берүүнүн режими өзгөргөнү жөнүндө;
- өзгөчө кырдаалдарда жарандарга ичүүчү суу берүүчү жер жана убактысы жөнүндө;
- ичүүчү суунун коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн ылайык эместигин жараткан себептерди жоюу мөөнөтү жөнүндө.
3. Өндүрүштүк контролдун, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжасында алынган ичүүчү суу жөнүндө маалымат керектөөчүлөргө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык башка жол менен берилет.
4. Ичүүчү сууну керектөөчүлөр суунун коопсуздугу жөнүндө туура маалыматты алууга укуктуу.
19-берене. Бул техникалык регламенттин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Бул техникалык регламенттин талаптарын бузгандык үчүн айыптуу жарандар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөндөй тартипте жоопкерчиликке тартылат.
20-берене. Корутунду жана өтмө жоболор
1. Ушул техникалык регламент күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын мурда кабыл алынган нормативдик укуктук актылары менен белгиленген талаптар колдонулат.
2. Ушул техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн баштап бир жылдын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул техникалык регламентке ылайык келтириши зарыл.
3. Ушул техникалык регламент расмий жарыяланган күндөн бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 1-тиркеме |
Ичүүчү суунун коопсуздугунун НОРМАТИВДИК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиктери | Нормативдер ЧЖК |
Эшерихия коли (Escherichia coli) | 100 мл бактериялардын саны | жок
|
Энтерококтор (E№terococci)
| 100 мл бактериялардын саны | жок
|
Колифагдар (БОЕ) (1)
| 100 мл жапырак түзүүчү бирдиктердин саны | жок
|
Лямблий цисттер (1) | 50 л цисттердин саны | жок |
Криптоспоридийлер (1) | 50 л ооцисттердин саны | жок |
(*) 4-эскертүүгө ылайык кошумча көрсөткүчтөр | ||
Эскертүү (1): Аныктоо жер үстүндөгү булактардан суу менен камсыздоо системаларында жүргүзүлөт.
№ п/п | Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиктери | Нормативдер ЧЖК | Коркунучтуулук классы |
1. | Алюминий | мг/л | 0,5 | 2 |
2.
| Аммиак (азот боюнча) | мг/л
| 2,0
| 4
|
3. | Бенз(а)пирен | мкг/л | 0,01 | 1 |
4. | Бензол | мг/л | 0,01 | 1 |
5. | Бериллий | мг/л | 0,0002 | 1 |
6.
| Бикарбонаттар (НСО3) | мг/л
| 400,0
| 3
|
7. | Бор | мг/л | 0,1 | 2 |
8. | Винилхлорид | мг/л | 0,0001 | 1 |
9. | Темир | мг/л | 0,3 | 3 |
10.
| Катуулук (1)
| градус, Ж^(0) | 7,0 (10)
|
|
11. | Кадмий (суммалап) | мкг/л | 0,0005 | 2 |
12. | Кобальт | мг/л | 0,1 | 2 |
13. | Литий | мг/л | 0,03 | 2 |
14. | Марганец | мг/л | 0,05 | 3 |
15. | Мышьяк | мг/л | 0,01 | 2 |
16. | Жез | мг/л | 1,0 | 3 |
17. | Молибден | мг/л | 0,25 | 2 |
18. | Натрий | мг/л | 200,0 | 2 |
19.
| Нефтепродуктулар (суммалап) | мг/л
| 0,1
|
|
20. | Никель (суммалап) | мг/л | 0,02 | 3 |
21. | Нитрат-ион | мг/л | 45,0 | 3 |
22. | Нитрит-ион | мг/л | 0,5 | 2 |
23. | Озон калдыгы | мг/л | 0,3 |
|
24.
| Үстүрт-активдүү заттар (ҮАЗ) | мг/л
| 0,1
|
|
25. | Сымап (суммалык) | мг/л | 0,0005 | 1 |
26.
| Коргошун (суммалык) | мг/л
| 0,01
| 2
|
27. | Селен | мг/л | 0,01 | 2 |
28. | Күмүш | мг/л | 0,05 | 2 |
29. | Стронций | мг/л | 7,0 | 2 |
30. | Стирол | мг/л | 0,1 | 1 |
31. | Сульфаттар | мг/л | 250,0 | 4 |
32. | Сурьма | мг/л | 0,005 | 2 |
33.
| Тригалометандар - жалпы курамы (2) | мг/л
| 0,1
| 2
|
34. | Уран | мг/л | 0,015 | 1 |
35. | Фенольдук индекс | мг/л | 0,25 |
|
36. | Формальдегид | мг/л | 0,05 | 2 |
37. | Фторид | мг/л | 1,2 | 2 |
38. | Хлориддер | мг/л | 250,0 | 4 |
39. | Хлороформ | мг/л | 0,2 | 1 |
40.
| Калдыктуу эркин хлор | мг/л
| 0,3-0,5
| 3
|
41. | Хром (Сr^(+3)) | мг/л | 0,05 | 2 |
42. | Цианид | мг/л | 0,035 | 2 |
43. | Цинк | мг/л | 5,0 | 3 |
44. | Пестициддер: |
|
|
|
45.
| Гамма ГХЦГ (линдан) | мг/л
| 0,002
| 1
|
46.
| ДДТ (изомерлерлдин суммасы) | мг/л
| 0,002
| 2
|
47. | 2,4-Д | мг/л | 0,03 | 2 |
(*) кошумча көрсөткүчтөр 4-тиркемеге ылайык. | ||||
1-эскертүү. Катуулуктун кашаада көрсөтүлгөн көрсөткүчү сууну даярдоонун колдонулчу технологиясын баалоонун негизинде конкреттүү система үчүн белгилениши мүмкүн.
2-эскертүү. Аныкталган заттардын концентрациясынын суммасы.
3-эскертүү. Бензолдун, темирдин, мышьяктын, никелдин, нитрит-иондун, коргошундун, сульфаттардын, сурьманын. хлориддердин, винилхлориддин, тригалометандардын нормативдери 98/83/ЕС Директивасына ылайык алынды.
4-эскертүү. Жергиликтүү жаратылыштык жана санитардык шарттарга, ошондой эле эпидемиологиялык абалга жараша тийиштүү аймакта контролдончу көрсөткүчтөрдүн тизмеси кошумча микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөрдү кошуу менен кеңейтилиши мүмкүн.
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиктери | Нормативдер ЧЖК |
Суммалык альфа-активдүүлүк | Бк/л | 0,1 |
Суммалык бета-активдүүлүк | Бк/л | 1,0 |
Эскертүү: Салыштырма суммалык альфа жана бета активдүүлүктүн көрсөтүлгөн маанилери сууну ичүү максатына пайдаланууга болуусунун баштапкы берилген баасы болуп эсептелет. Бул маанилер ашык болгондо суудагы радионуклиддерге идентификация жүргүзүлөт жана алардын жекече салыштырма активдүүлүгү өлчөнөт. Суунун радиациялык коопсуздугунун критерийи болуп радионуклиддердин салыштырма активдүүлүктөрүнүн өлчөнгөн маанилеринин радиациялык коопсуздуктун нормаларына ылайыктыгы эсептелет.
Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиктери
| Нормативдер ЧЖК | Эскертүү
|
Хлор |
|
| 1 |
Калдыгы, эркин | мг/л | 0,3-0,5 |
|
Калдыгы, байланыштуу | мг/л | 08,8-1,2 |
|
Хлороформ (сууну хлордогондо) | мг/л
| 0,2
| 2
|
Озон калдык | мг/л | 0,3 | 3 |
Формальдегид (сууну озондогондо) | мг/л
| 0,05
|
|
Полиакриламид | мг/л | 2,0 |
|
Активдештирилген кремнекислота (по Si) | мг/л
| 10,0
|
|
Полифосфаттар (РО4^(-3) боюнча) | мг/л
| 3,5
|
|
Алюминийдин жана темирлүү коагулянттардын калдык саны | мг/л
| алюминий жана темир. 1-тиркемени кара, В бөлүк
|
|
1-эскертүү. Ичүүчү суунун микробиологиялык көрсөткүчтөр боюнча коопсуздугу толук дезинфекциялоо менен камсыздалат.
Сууну эркин хлор менен зыянсыздандырганда анын суу менен контактынын убактысы 30 мүнөттөн кем эмес, сууга байлаштырылган хлор менен зыянсыздандырганда - 60 мүнөттөн кем эмес болууга тийиш.
Эркин хлордун калдык концентрациясы 30 мүнөттүк контактта суутектин көрсөткүчү (рН) 8,0 ашык эмес болгондо 0,5 мг/литр ашпоого тийиш.
Сууда эркин жана байлаштырылган хлор бир убакта болгондо алардын жалпы концентрациясы 1,2 мг/л ашпоого тийиш.
Айрым учурларда, атайын ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ичүүчү сууда хлордун көбүрөөк концентрациясына уруксат берилиши мүмкүн.
Калдык хлордун канча экени сууну бөлүштүрүүчү тармакка берердин алдында контролдонот.
2-эскертүү. Норматив ДСУнун рекомендацияларына ылайык кабыл алынган.
3-эскертүү. Калдык озондун канча экени контакт убактысы 12 мүнөттөн кем эмес болушу камсыздалганда аралаштырчу камерадан кийин контролдонот.
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 2-тиркеме |
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиктери | Нормативдер ЧЖК |
Жалпы колиформалуу бактериялар | 100 мл. дагы саны
| Жок
|
Микробдордун жалпы саны
| 1мл. да колония түзүүчү микробдордун саны | 100
|
Ысыкка чыдамдуу колиформалуу бактериялар | 100 мл. дагы бактериялардын саны | Жок
|
Колифагдар(*)
| 1 мл. да жапырак түзүүчү бирдиктердин саны | Жок
|
Гельминттердин жумурткалары жана ичегидеги патогендүү жөнөкөй жандуулардын цисттери | 50 л. деги саны
| Жок
|
Тунуктук | см | 30 см кем эмес |
Түстүүлүк | град. | 30 град. кем эмес |
Даамы жана жыты
| 20 град. С температурадагы балл | 2-3 ашык эмес
|
Перманганаттуу кычкылдануу | мг/л | 7,0 |
Аммиак (азот боюнча) |
| 2,0 |
Нитрат-иондор | мг/л | 45 ашык эмес |
Нитрит-ион | мг/л | 0,5 ашык эмес |
суутек көрсөткүчү (рН) | Рн бирдиктер | 6,0-9,0 |
Жалпы минералдашуу (кургак калдык) | мг/л
| 1000 ашык эмес
|
Сульфаттар | мг/л | 250 |
Хлориддер | мг/л | 250 |
(*) - кошумча көрсөткүчтөр 4-тиркемеге ылайык. | ||
1-эскертүү. Ичүүчү сууда куралсыз көзгө көрүнгөн суу организмдери болушуна жана үстү каймакташына жол берилбейт.
2-эскертүү. Башка химиялык заттар 1-тиркеме, В бөлүктөгү нормативдерден ашык санда болбоого тийиш.
3-эскертүү. Радиоактивдүүлүктүн нормативдик көрсөткүчтөрү 1-тиркеме, D бөлүккө ылайык алынат.
4-эскертүү. Жергиликтүү жаратылыштык жана санитардык шарттарга, ошондой эле калктуу конуштагы эпидемиологиялык абалга жараша суунун коопсуздугунун контролдончу көрсөткүчтөрүнүн тизмеси кошумча микробиологиялык жана (же) химиялык көрсөткүчтөрдү кошуу менен кеңейтилиши мүмкүн.
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 3-тиркеме |
Көрсөткүчтөрдүн түрлөрү
| Жыл ичинде алуунун саны, ашык эмес | ||
Суу менен борбордоштурулган камсыздоо үчүн
| Суу менен борбордоштурулба- ган камсыздоо үчүн
| ||
| Жер астындагы булактар үчүн | Жер үстүндөгү булактар үчүн | |
Микробиологиялык
| 4 (жыл мезгилдери боюнча) | 12 (ай сайын)
| 4 (жыл мезгилдери боюнча)
|
Паразитологиялык | Жылыга 1 жолу | 12 (ай сайын) | Жылыга 1 жолу |
Органолептикалык
| 4 (жыл мезгилдери боюнча) | 12 (ай сайын)
| 4 (жыл мезгилдери боюнча)
|
Жалпыланган көрсөткүчтөр
| 4 (жыл мезгилдери боюнча) | 12 (ай сайын)
| Жылыга 1 жолу
|
Органикалык эмес жана органикалык заттар | Жылыга 1 жолу
| 4 (жыл мезгилдери боюнча) | (*)
|
Радиологиялык | Жылыга 1 жолу | Жылыга 1 жолу |
|
Эскертүү: Сууну хлор менен зыянсыздандырганда суу ташкындаган кездердеги галогендүү бирикмелерди контролдоо жыштыгы 2-3 эсе көбөйтүлөт.
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 4-тиркеме |
Көрсөткүчтөрдүн түрлөрү
| Бир жыл ичиндеги пробалардын саны, кем эмес | |||||
Жер астындагы булактар
| Жер үстүндөгү үчүн булактар үчүн | |||||
Суу берүүнүн ошол тармагынан камсыздалчу калктын саны, миң адам | ||||||
20 чейин | 20-100 | 100 ашык | 100 чейин | 100 ашык | ||
Микробиологиялык | 50(2) | 150(3) | 365(1) | 365(1) | 365(1) | |
Паразитологиялык | 12(4) | 12(4) | 12(4) | 24(5) | 24(5) | |
Жалпысынан (жыты, даамы, өңү, киргилттиги) | 50(2)
| 150(3)
| 365(1)
| 365(1)
| 365(1)
| |
Жалпысынан (рН, катуулугу, жалпысынан туздар, кычкылдануусу, нефти продуктулар, ПАВ) | 4(7)
| 6(6)
| 12(4)
| 12(4)
| 24(5)
| |
Органикалык эмес жана органикалык заттар | 1
| 1
| 1
| 4(7)(*)
| 12(4)(*)
| |
Сууну даярдоо Калдык хлор, калдык озон - саатына 1 жолудан кем технологиясына эмес, калган реагенттер - нөөмөттө 1 жолудан кем байланыштуу эмес. көрсөткүчтөр | ||||||
Радиологиялык | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | |
|
|
|
|
|
|
|
Суудан проба алуунун төмөнкүдөй мезгилдүүлүгү алынат.
А. 1) күн сайын, 2) апта сайын, 3) аптада үч жолу, 4) ай сайын, 5) айына эки жолу, 6) айына бир жолу, 7) жыл мезгилинде бир жолу.
Б. Жер астындагы булактардан суу алып, 20 миң адамга чейинки калкты камсыздачу суу түтүктө сууну зыянсыздандыруу болбосо, микробиологиялык жана органолептикапык көрсөткүчтөр боюнча изилдөө үчүн проба айына бир жолудан кем эмес алынат.
В. Ташкындардын жана өзгөчө кырдаалдардын учурунда санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ичүүчү суунун сапатын контролдоонун күчөтүлгөн режими белгиленет.
(*) Сууну хлор менен зыянсыздандырганда суу ташкындаган кездердеги галогендүү бирикмелерди контролдоо жыштыгы 2-3 эсе көбөйтүлөт.
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 5-тиркеме |
Көрсөткүчтөр
| Өлчөө бирдиги
| Нормативдер ЧЖК | Эскертүү
|
Өңү | градус | 30дан ашык эмес |
|
Жыты | балл | 2ден ашык эмес |
|
Даамы | балл | 2ден ашык эмес |
|
Киргилттиги
| КФБ (киргилттиктин формазин боюнча бирдиктери) же мг/л (каолин боюнча) | 2,6 1,5
| 1
|
Суутек көрсөткүчү (рН) | рН бирдиктер | 6,0-9,0 |
|
Кычкылдануусу перманганаттуу | мгО/л
| 5,0 (7,0)
| 2
|
Аммиак (азот боюнча) | мг/л | 2,0 |
|
Нитрат-ион | мг/л | не более 45 |
|
Нитрит-ион | мг/л | 0,5 |
|
Хлориддер | мг/л | 250,0 |
|
Сульфаттар (SO4) | мг/л | 250,0 |
|
Алюминий | мг/л | 0,5 |
|
Натрий | мг/л | 200,0 |
|
Темир, суммасы | мг/л | 0,3 (1,0) | 3 |
Марганец, суммасы | мг/л | 0,05 | 2 |
Үстүрт активдүү заттар | мг/л | 0,1 |
|
Жалпы колиформалуу бактериялар (колиформалар) | 100 мл. деги саны
| жок
|
|
Клостридиум Перфрингенс (Сlostridium perfri№ge№s), споралар менен кошо | 20 мл. деги споралардын саны
| жок
| 3
|
1-эскертүү. Жер үстүндөгү сууларды иштеткенде киргилттиктин нормативдик көрсөткүчтөрү зыянсыздандырганга чейин 1,0 ЕМФ (киргилттиктин нефелометриялык бирдигинен) ашпоого тийиш.
2-эскертүү. Кашаадагы маани суу менен камсыздоонун борбордоштурулбаган булактарынын суусу үчүн көрсөтүлгөн.
3-эскертүү. Кашаада көрсөтүлгөн маанилер сууну даярдоонун колдонулчу технологиясын баалоонун негизинде тийиштүү аймак үчүн суу менен камсыздоонун конкреттүү системасы үчүн белгилениши мүмкүн.
4-эскертүү. Бул көрсөткүч жер үстүндө жаралган же жер үстүндөгү суулардын таасири тийген сууда текшерилет.
Белгиленген нормативден четтөө бар болсо суунун пробасында патогендүү микроорганизмдер бар экендиги изилденет.
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 6-тиркеме |
Тейленчү калктын саны, миң адам | Бир айдагы пробалардын саны |
10го чейин | 2 |
10-20 | 10 |
20-50 | 30 |
50-100 | 100 |
100ден ашык
| 100 миң адамдан ашканда ар бир 5 миң адамга 100 + 1 проба |
Эскертүү: Тейленчү калктын саны 50-100 миң адам болсо бир айдагы пробалардын санын интерполяциялоого (салыштырмалуу өзгөртүүгө) болот.
| Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" жалпы техникалык регламент" Мыйзамына 7-тиркеме |
1. Кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөрдү тандоо объектиге жараша дифференцияланат - булак, иштетилген суу, бөлүштүрүү тармагындагы суу.
2. Кеңири изилдөөлөрдүн программасын түзүү үчүн таблицада берилген информация пайдаланылат.
Информацияныи мүнөзү
| Булак | Бөлүштүрүлүшү тармагына түшөрдөн мурда | Бөлүштүрүү тармагын- дагы суу
| |
Жер астында | Жер үстүндө | |||
1. Суу алгычтын гидрогеологиялык мүнөзү | +
|
|
|
|
2. Суулуу горизонттун сакталышы | +
|
|
|
|
3. Суу алуучу пункттун жанындагы суулуу объекттин гидрологиялык мүнөзү |
| +
|
|
|
4. Суу топтоочу аймактагы жана суу чыгуучу зонадагы суу объектин булгоочу булактар (чекиттик жана диффузиялык) | +
| +
|
|
|
5. Санитардык коруу зонасы, биринчи жана экинчи тилкелер жана аларда режимдердин сакталышы барбы | +
| +
|
|
|
6. Суу булагынын чекиттик жана диффузиялык булганышынын курамы жана көлөмү, а.и. пестициддер жана агрохимикаттар | +
| +
| +
|
|
7. Сууну даярдоо технологиясы, пайдаланылган чыпкалагычтар, реагенттер, зыянсыздоо ыкмалары |
|
| +
| +
|
8. Суу түтүк тармагынын конструкциялык материалдары |
|
|
| +
|
9. Суу түтүк тармагынын узундугу |
|
|
| +
|
10. Суу түтүк тармагынын эскирүү проценти |
|
|
| +
|
11. Акыркы 3 жылдагы өндүрүштүк контролдун жыйынтыктары | +
| +
| +
| +
|
12. Кеңири изилдөө программасына киргизүү үчүн көрсөткүчтөрдүн тизмеси | +
| +
| +
| +
|
Эскертүү: «+» - тийиштүү рубрикага киргизүүгө сунушталчу информация.
3. Кеңири изилдөөлөр бир жыл бою жүргүзүлөт.
Суу менен камсыздоо булагынын тибине жараша суунун сапаты жөнүндө маалыматты жыл бою бир калыпта алып турууну камсыздоого мүмкүндүк берчү изилденчү пробалардын минимум саны төмөнкүдөй болот:
- жер астындагы булактар үчүн - жылыга 4 проба, ар бир жыл мезгилинде алынат;
- жер үстүндөгү булактар үчүн - жылыга 12 проба, ай сайын алынат.
4. Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булагынын коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо программасына 1-тиркемедеги көрсөткүчтөргө кошумча кеңейтилген изилдөө процессинде кошумча төмөнкүлөр да киргизилет:
- опурталдын 1 жана 2-классындагы заттар, эгер алардын концентрациясы >= 0,5 ЧЖК болсо;
- опурталдын 3-классындагы заттар, эгер алардын концентрациясы >= ЧЖК болсо;
- опурталдын 4-классындагы заттар, эгер алардын концентрациясы >= 2 ЧЖК болсо.
Мында кеңейтилген изилдөө процессинде табылган орто эле эмес, максимум концентрациялар да эске алынат.
5. Бөлүштүрүү тармагына берерден мурда жана бөлүштүрүү тармагындагы ичүүчү суунун коопсуздугун өндүрүштүк контролдоо программасына 1-тиркемедеги көрсөткүчтөргө кошумча кеңейтилген изилдөө процессинде табылган төмөнкүлөр да киргизилет:
- опурталдын 1- жана 2-классындагы заттар, эгер алардын концентрациясы >= 0,5 ЧЖК болсо;
- опурталдын 3 жана 4-классындагы заттар, эгер алардын концентрациясы >= ЧЖК болсо.
Тиркеменин текстинде пайдаланылган кыскартуулар:
рН - суутек көрсөткүчү;
л - литр;
мл - миллилитр;
мг - миллиграмм;
мкг - микрограмм;
КОЕ - колония түзүүчү бирдик;
БОЕ - жапырак түзүүчү бирдик.