Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-декабры № 821
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 211 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чарага даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө зарыл болгон каражаттарды 2010-жылга республикалык бюджетте карасын.
3. Планды жүзөгө ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды кабыл алышсын;
КР 2010-жылдын 26-январындагы № 30 "Бишкек шаарында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому
- Планды ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине беришсин;
- Планды жүзөгө ашыруу боюнча аткарылган иштер тууралуу отчетту 2010-жылдын 1-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине Планды жүзөгө ашыруу боюнча аткарылган иштер тууралуу топтомо отчетту Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине 2010-жылдын 15-июнуна карата берсин.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- согуш ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын жүргүзүү үчүн каражаттарды издеп табуу;
- жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине 2010-жылдын 1-июнуна карата берүү.
6. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук ишмердигин жүргүзүүчү менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына ар тараптуу жардам көрсөтүү сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына, облустук телерадио компанияларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүнүн жана аны өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдырууну уюштуруу сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 821 токтому менен бекитилген
|
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
┌───┬──────────────────────────────┬───────────┬──────────────────────┐
│ № │ Иш-чаралардын аталышы │ Мөөнөтү │ Жооптуу аткаруучу │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Президентинин │I кварталы │Өкмөтүнө караштуу │
│ │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │ │Социалдык камсыз кылуу│
│ │Мекендик согуштун │ │мамлекеттик агенттиги,│
│ │ардагерлерине бир ирет │ │Кыргыз Республикасынын│
│ │берилүүчү материалдык жардамды│ │Финансы министрлиги │
│ │төлөп берүү каралган жарлык │ │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу жана │ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│2. │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│май айы │Коргоо министрлиги, │
│ │жылдыгына арналган, Москва │ │Кыргыз Республикасынын│
│ │шаарындагы (Россия │ │Финансы министрлиги │
│ │Федерациясы) аскерлер парадына│ │ │
│ │катышуу үчүн Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынан Улуу Ата │ │ │
│ │Мекендик согуштун │ │ │
│ │ардагерлеринин барып келишин │ │ │
│ │уюштуруу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│3. │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылга │Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштун │чейин │Коргоо министрлиги, │
│ │ардагерлерине "1941-1945- │ │Кыргыз Республикасынын│
│ │жылдардагы Улуу Ата Мекендик │ │Финансы министрлиги │
│ │согуштагы Жеңишке 65 жыл" │ │ │
│ │деген бирдиктүү юбилейлик │ │ │
│ │медалды даярдоону жана │ │ │
│ │тапшырууну уюштуруу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│4. │"Ала Тоо" аянтында 1941-1945- │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │жылдардагы Улуу Ата Мекендик │9-майы │Коргоо министрлиги, │
│ │согуштагы Жеңиштин 65 │ │Бишкек шаарынын │
│ │жылдыгына арналган аскер │ │мэриясы (макулдугу │
│ │парадын даярдоо жана өткөрүү │ │боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│5. │Кыргыз мамлекеттик тарых │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │музейинде Кыргыз │1-апрелинен│Коргоо министрлиги │
│ │Республикасынын Куралдуу │10-майына │ │
│ │Күчтөрүнүн Музейинин музей │чейин │ │
│ │экспонаттарынын көргөзмөсүн │ │ │
│ │өткөрүү │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│6. │Республиканын бардык │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │шаарларында жана райондорунда │май айы │Өкмөтүнө караштуу │
│ │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │ │Маданият мамлекеттик │
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│ │агенттиги, жергиликтүү│
│ │жылдыгын майрамдоого арналган │ │мамлекеттик │
│ │салтанаттуу, маданий-массалык │ │администрациялар, │
│ │жана театрлаштырылган │ │жергиликтүү өз алдынча│
│ │иш-чараларды уюштуруу │ │башкаруу органдары │
│ │ │ │(макулдугу боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│7. │Майрамдык иш-чараларды өткөрүү│2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │мезгилинде тартипти камсыз │1-мартына │Ички иштер министрлиги│
│ │кылуу боюнча профилактикалык │чейин │ │
│ │иш-чаралар планын иштеп чыгып,│ │ │
│ │бекитүү жана анын аткарылышын │ │ │
│ │камсыз кылуу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│8. │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│I кварталы │Коргоо министрлиги, │
│ │жылдыгына арналган │ │Кыргыз Республикасынын│
│ │"Виват, Жеңиш!" армия │ │Өкмөтүнө караштуу │
│ │ырларынын Москвадагы эл аралык│ │Маданият мамлекеттик │
│ │XII фестивалында Кыргыз │ │агенттиги │
│ │Республикасынын Коргоо │ │ │
│ │министрлигинин командасынын │ │ │
│ │катышуусун уюштуруу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│9. │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│февраль - │Өкмөтүнө караштуу │
│ │жылдыгына арналган │июну │Маданият мамлекеттик │
│ │спектаклдерди, чыгармачылык │ │агенттиги, жергиликтүү│
│ │жолугушууларды, искусство │ │өз алдынча башкаруу │
│ │чеберлеринин концерттерин │ │органдары (макулдугу │
│ │уюштуруу, көркөм жана │ │боюнча), Кыргыз │
│ │документалдык фильмдерди │ │Республикасынын │
│ │көрсөтүү │ │Улуттук телерадио │
│ │ │ │корпорациясы │
│ │ │ │(макулдугу боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│10.│Бардык окуу жайларында Эрдик │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │сабактарын, Улуу Ата Мекендик │апрель-майы│Билим берүү жана илим │
│ │согуштун катышуучулары менен │ │министрлиги, Кыргыз │
│ │окуучу жаштардын жана │ │Республикасынын Эмгек,│
│ │студенттердин жолугушууларын │ │жумуш менен камсыз │
│ │өткөрүү │ │кылуу жана миграция │
│ │ │ │министрлиги │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│11.│Улуу Ата Мекендик согуштун │2010-жылдын│Министрликтер, │
│ │катышуучулары жана ооруктун │май айы │ведомстволор, │
│ │эмгекчилери менен Эмгек │ │жергиликтүү өз алдынча│
│ │жамааттарында кызматкерлердин │ │башкаруу органдары, │
│ │урматтаган майрамын уюштуруу │ │ишканалар жана │
│ │ │ │менчигинин түрүнө │
│ │ │ │карабастан уюмдар │
│ │ │ │(макулдугу боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│12.│Улуу Ата Мекендик согуштун │2009-2010- │Кыргыз Республикасынын│
│ │ардагерлеринин, ата-энелердин,│окуу жылы │Билим берүү жана илим │
│ │коомчулуктун, жаштар │ичинде │министрлиги, Кыргыз │
│ │кыймылынын лидерлеринин, согуш│ │Республикасынын Эмгек,│
│ │катышуучуларынын, аскер │ │жумуш менен камсыз │
│ │кызматчыларынын катышуусу │ │кылуу жана миграция │
│ │менен патриоттук темадагы │ │министрлиги │
│ │"Тегерек столдорду" өткөрүүнү │ │ │
│ │уюштуруу │ │ │
│ │"Чоң атам менен сыймыктанам!, │ │ │
│ │Атам менен сыймыктанам!" эл │ │ │
│ │аралык акциянын чегинде │ │ │
│ │төмөнкүлөрдү өткөрүүнү │ │ │
│ │уюштуруу: │ │ │
│ │- Кыргыз Республикасынын жалпы│ │ │
│ │билим берүүчү мектептериндеги,│ │ │
│ │жогорку жана орто окуу │ │ │
│ │жайларындагы окуучу жаштар │ │ │
│ │арасында чыгармачыл │ │ │
│ │конкурстарды; │ │ │
│ │- "Өлкөбүз алар менен │ │ │
│ │сыймыктанат" аттуу сыртынан │ │ │
│ │өткөрүлгөн республикалык │ │ │
│ │конкурс (Улуу Ата Мекендик │ │ │
│ │согуштун катышуучуларынын │ │ │
│ │баатырдык жеңишине арналган │ │ │
│ │мыкты конкурстук иштердин │ │ │
│ │көргөзмөсүн) уюштуруу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│13.│1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│февраль- │Билим берүү жана илим │
│ │жылдыгына арналган Аскердик │майы │министрлиги, Кыргыз │
│ │даңк музейлерин, бөлмөлөрдү, │ │Республикасынын │
│ │залдарды көрүүнү уюштуруу │ │Финансы министрлиги │
│ │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │ │ │
│ │Мекендик согуштун │ │ │
│ │катышуучуларына арналган │ │ │
│ │фото-стенддерди жана башка │ │ │
│ │көрсөтмө агитациялык │ │ │
│ │материалдарды жаңыртуу │ │ │
│ │1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │ │Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы жеңиштин 65│ │Өкмөтүнө караштуу │
│ │жылдыгына арналган согуш │ │Маданият мамлекеттик │
│ │мезгилиндеги көркөм искусство │ │агенттиги │
│ │чыгармаларынын, плакаттарынын │ │ │
│ │көргөзмөсүн өткөрүү │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│14.│1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │Окуу жылы │Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│ичинде │Билим берүү жана илим │
│ │жылдыгына арналган "Эскерүү │ │министрлиги │
│ │Вахтасын" уюштуруу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│15.│"1941-1945-жылдарда Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекенди коргогондорго түбөлүк │апрель-майы│Билим берүү жана илим │
│ │эстелик" аттуу Улуу Ата │ │министрлиги, Кыргыз │
│ │Мекендик согуштун 65 жылдыгына│ │Республикасынын Ички │
│ │карата кайрымдуулук акциясын │ │иштер министрлиги │
│ │өткөрүү │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│16.│1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жыл │Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштун бардык │ │Саламаттык сактоо │
│ │ардагерлерин жана аларга │ │министрлиги │
│ │теңештирилген адамдарды │ │ │
│ │диспансердик текшерүү жана ден│ │ │
│ │соолуктарын оңдоо боюнча │ │ │
│ │иш-чараларды көрүү, аларды │ │ │
│ │акысыз дары-дармектер менен │ │ │
│ │камсыз кылуу маселесин чечүү │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│17.│1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштун │25-апрели- │Транспорт жана │
│ │катышуучуларына Жеңиштин 65 │нен │коммуникациялар │
│ │жылдыгын майрамдоо мезгилинде │10-майына │министрлиги │
│ │эл аралык жана шаар аралык │чейин │ │
│ │телефон байланыштарынан акысыз│ │ │
│ │пайдаланууга укук берүү. Улуу │ │ │
│ │Ата Мекендик согуштагы │ │ │
│ │Жеңиштин 65 жылдыгына арналган│ │ │
│ │марка, почталык конверттерди │ │ │
│ │жана карточкаларды басып │ │ │
│ │чыгарууну ишке ашыруу │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│18.│1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│10-апрели- │Өкмөтүнө караштуу Дене│
│ │жылдыгына арналган │нен │тарбия жана спорт │
│ │спартакиаданы өткөрүү │10-майына │мамлекеттик агенттиги,│
│ │ │чейин │жергиликтүү өз алдынча│
│ │ │ │башкаруу органдары │
│ │ │ │(макулдугу боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│19.│Аскердик спорт оюндарын, │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │"Жеңиш" республикалык аскердик│апрель-май │Билим берүү жана илим │
│ │спорт оюнун билим берүү │айлары │министрлиги, Кыргыз │
│ │уюмдарында өткөрүүнү уюштуруу │ │Республикасынын Коргоо│
│ │ │ │министрлиги │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│20.│Ата Мекенди коргоочулардын │Дайыма │Кыргыз Республикасынын│
│ │эстеликтерин ремонттоо жана │ │Өкмөтүнө караштуу │
│ │реставрациялоо. │ │Маданият мамлекеттик │
│ │Эстеликтер тургузулган │ │агенттиги, жергиликтүү│
│ │аймактарды тазалоо, көчөт │ │өз алдынча башкаруу │
│ │отургузуу, жашылдандыруу жана │ │органдары (макулдугу │
│ │иретке келтирүү боюнча иштерди│ │боюнча) │
│ │жасоо │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│21.│1941-1945-жылдардагы Улуу Ата │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │Мекендик согуштагы Жеңиштин 65│1-9-майында│Улуттук телерадио │
│ │жылдыгына арналган │ │корпорациясы │
│ │телеберүүлөрдү уюштуруу │ │(макулдугу боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│22.│Жалпыга маалымдоо │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │каражаттарында салтанаттуу │апрель-май │Улуттук телерадио │
│ │иш-чаралардын даярдалышын жана│айлары │корпорациясы │
│ │өткөрүлүшүн кеңири │ │(макулдугу боюнча), │
│ │чагылдырууну уюштуруу │ │Кыргыз Республикасынын│
│ │ │ │Өкмөтүнүн Аппаратынын │
│ │ │ │Басма сөз кызматы │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│23.│"Кыргыз Республикасынын │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │ардагерлери жана майыптары" │апрель-май │Социалдык фонду │
│ │коомдук бирикмелерине │айлары │ │
│ │кайрымдуулук жардамдарды │ │ │
│ │көрсөтүү │ │ │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│24.│Кварталына бир жолу азык-түлүк│Дайыма │Бишкек шаарынын │
│ │продуктуларын же материалдык │ │мэриясы, жергиликтүү │
│ │жардамды алуу үчүн "Народный" │ │мамлекеттик │
│ │дүкөндөрүнө жана Улуу Ата │ │администрациялар, │
│ │Мекендик согуштун │ │жергиликтүү өз │
│ │ардагерлеринин бизнес │ │алдынча башкаруу │
│ │түзүмдөрүнө бекитүү │ │органдары (макулдугу │
│ │ │ │боюнча) │
├───┼──────────────────────────────┼───────────┼──────────────────────┤
│25.│Бишкек шаарында автотранспорт │2010-жылдын│Кыргыз Республикасынын│
│ │ишканалары арасында (менчиктин│апрель-июнь│Транспорт жана │
│ │түрүнө карабастан) согуштун │айлары │коммуникациялар │
│ │жана эмгектин ардагерлерин │ │министрлиги, Бишкек │
│ │жана ден соолугунун │ │шаарынын мэриясы, │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелген │ │Ардагерлер жана эмгек │
│ │адамдарды сапаттуу жана жөндүү│ │кеңештери (макулдугу │
│ │тейлөө боюнча конкурс өткөрүү │ │боюнча) │
└───┴──────────────────────────────┴───────────┴──────────────────────┘