Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Мамлекеттик агенттиктин максаты
III. Мамлекеттик агенттиктин милдеттери
IV. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
V. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
VI. Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) аткаруу бийлигинин дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча функцияларды аткаруучу администрациялык ведомство болуп саналат.
2. Мамлекеттик агенттик өзүнүн ишин мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар башка мөөрү, штамптары болот.
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү.
Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- дене тарбия жана спорт жагында мамлекеттик саясатты турмушка ашыруу;
- дене тарбия жана спортту, өлкөнүн калкынын сергек жашоо ыңгайын жана ден соолугун бекемдөөгө шарттарды түзүү жана өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Институтунун органдары менен бирдикте өлкөнүн эл аралык спорттук кадыр-баркын калыптандыруу жана бекемдөө.
Мамлекеттик агенттик алдыга коюлган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын, концепциялардын, стратегиялардын, программалардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдайт;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна жана аны жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга талдоо жүргүзөт;
- таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республиканын коомдук уюмдары менен бирдикте дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча агенттик менен өз ара аракеттенүү аркылуу тикелей инвестицияларды жана гранттарды тартуу менен эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен бирдикте дене тарбия жана спорт жагында статистикалык отчеттуулуктун формаларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- спорттук-сыйлоо атрибуттарын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө кадрдык саясатты турмушка ашырат;
- спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу жыйындарын, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү менен байланышкан эл аралык, республикалык, дене-тарбия-ден-соолук чыңдоочу, спорттук-массалык иш-чараларды, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, башка иш-чараларды белгиленген тартипте уюштурат жана өткөрөт;
- эл аралык мелдештерге спортсмендердин жана расмий өкүлдөрдүн катышуусун камсыз кылат;
- спортсмендердин, машыктыруучулардын, мамлекеттик жана коомдук спорттук уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандары - спортсмендер менен машыктыруучулардын кесиптик кызыкчылыктарын укуктук жактан коргоого көмөк көрсөтөт;
- коомдук спорттук уюмдарды аккредитациялоону жүзөгө ашырат жана алардын реестрин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте республиканын чемпионаттарын, спорттун түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине мамлекеттик стипендияларды дайындоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте спортсмендерге бир жолку сый акылардын өлчөмдөрү жөнүндө тартиптин долбоорун иштеп чыгат;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы уюмдарга, ошондой эле аймактык органдарга уюштуруу-усулдук жардам көрсөтүүнү уюштурат;
- аймактык органдар аркылуу калкка дене тарбия-спорттук кызматтарды көрсөтөт;
- мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды жана калктын социалдык аялуу тобун дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу аркылуу социалдык реабилитациялайт жана коомго интеграциялайт;
- спорттун түрлөрү боюнча улуттук рекорддорду, дене тарбия жана спорт жагында ченемдерди жана стандарттарды белгиленген тартипте бекитет;
- мамлекеттик спорт мектептерине белгиленген тартипте тийиштүү категорияларды ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык дене тарбия-ден соолук чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыгуучу жыйындардын Бирдиктүү календарлык планын иштеп чыгат жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусунун, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чеберинин ардактуу наамдарын, квалификациялык машыктыруучу, судьялык категорияларды ыйгаруу жана ажыратуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет;
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен республиканын аймагында жана анын чегинен тышкары өткөрүлгөн дене тарбия-спорттук иш-чаралардын катышуучуларынын чыгымдарынын жана материалдык жактан камсыз кылуу ченемдерин белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;
- федерациялардын жана таламдаш спорттук уюмдардын сунуштары боюнча республикалык Бирдиктүү спорттук классификацияны иштеп чыгат жана бекитет;
- кароого жана экспертизалоого сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун макулдашат;
- спорттук шаймандарды жана жабдууларды стандартташтырууну жана сертификациялоону өркүндөтүүгө, дене тарбия жана спорт тармагындагы ченемдерди жана эрежелерди иштеп чыгууга катышат.
- калктын ар кандай категорияларынын, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарында, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окугандардын дене тарбиясынын даярдыгы боюнча ченемдерди жана талаптарды белгиленген тартипте иштеп чыгат жана бекитет;
- дене тарбия жана спорттун абалына мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
- спорттун түрлөрү боюнча спорттук резервди, улуттук курама командаларды Дүйнөнүн, Азиянын чемпионаттарына, Олимпиада, Параолимпиада жана Азия оюндарына жана башка эл аралык мелдештерге катышууга даярдоо боюнча иш жүргүзөт;
- ишмердиктин белгиленген чөйрөсүндө илимий-техникалык жана инновациялык программаларды мамлекеттик буюртмачынын функциясын жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте спортто допингдик каражаттарды пайдаланууга каршы координациялык ишти жүргүзөт;
- сергек жашоо ыңгайын пропагандалоону кошуп алганда дене тарбия жана спорт жагында маалыматтык камсыз кылуу системасын өркүндөтөт, жарнамалык-маалыматтык иш жүргүзөт;
- дене тарбия-спорттук илимди, дене тарбия жана спортту илимий-усулдук камсыз кылууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- белгиленген тартипте дене тарбия жана спорт жагында кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификацияларын жогорулатууну камсыз кылат;
- спорттун түрлөрү боюнча резервдерди жана келечектүү спортсмендерди ведомстволук спорт мектептерине жана спорттун түрлөрү боюнча республикалык өнүктүрүү борборлоруна кабыл алуунун жана даярдоонун планын аныктайт жана бекитет.
- бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен дене тарбия жана спорттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт;
- белгиленген тартипте спорттук уюмдарды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик агенттиктин системасында кадрларды эсепке алуу боюнча ишти уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка функцияларды аткарат.
Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка юридикалык жактардан дене тарбия жана спорт маселелери боюнча материалдар менен маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча эл аралык дене тарбиялык-спорттук уюмдарында Кыргыз Республикасынын таламдарын билдирүүгө;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы уюмдарды белгиленген тартипке ылайык өзгөртүп кайра түзүүгө жана жоюуга;
- спортсмендер, машыктыруучулар жана адистер, анын ичинде чет өлкөлүк адистер менен келишимдерди (контракттарды) түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте билим берүү иштерин жүргүзүүгө;
- коомдук спорттук уюмдар, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;
- мелдештердин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоого;
- белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө иштеген кызматкерлерди белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоого;
- таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана илимий мекемелер менен бирдикте дене тарбия жана спортту өнүктүрүү маселелери боюнча жумушчу топторду түзүүгө.
1. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөрдөн турган бирдиктүү системаны билдирет:
- борбордук аппарат;
- аймактык органдар;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагына кирген уюмдар;
- "Спорттук курулуштар жана спорттук камсыз кылуу башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы.
2. Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы аймактык органдар жана уюмдар өз иштерин Мамлекеттик агенттиктин директору бекиткен жоболорго ылайык жүргүзөт.
3. "Спорттук курулуштар жана спорттук камсыз кылуу башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен уставга ылайык жүргүзөт.
4. Мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган директор жетекчилик кылат.
5. Директор:
- Мамлекеттик агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- бекитилген жалпы сандын чегинде Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы аймактык органдардын жана уюмдардын жоболорун, түзүмүн жана штаттык сандарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин жана аймактык органдардын жетекчилерин дайындайт жана бошотот;
- номенклатурага ылайык берилген ыйгарым укуктардын чегинде Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы уюмдардын жетекчилерин дайындайт жана бошотот;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коллегиясынын жыйналышына катышат;
- Мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишкананын жана уюмдардын кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, нускамаларды, башка ведомстволук актыларды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана өз компетенциясынын чегинде алардын аткарылышын контролдойт;
- дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө каражат бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды берет, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоо үчүн "Спорттук курулуштар жана спорттук камсыз кылуу башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кызмат ордуна талапкерди сунуш кылат;
- Мамлекеттик агенттиктин "Спорттук курулуштар жана спорттук камсыз кылуу башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басарларын жана башкы бухгалтерди кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине, Мамлекеттик агенттиктин карамагындагы мамлекеттик ишкананын жана уюмдардын жетекчилерине карата сыйлоо жана жазалоо чараларын көрөт;
- ар кандай эл аралык спорттук иш-чараларда республикадан өкүл болот.
6. Мамлекеттик агенттикте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду уюштурулган.
Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам менен аныкталат.
7. Директордун Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалып жана бошотула турган орун басарлары болот.
Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Мамлекеттик агенттиктин ишин уюштурат.
8. Мамлекеттик агенттикте 9 кишиден турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын курамына Мамлекеттик агенттиктин директору (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
Мамлекеттик агенттиктин коллегия мүчөлөрү Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынын бекитилет.
|
|