Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 125 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-декабры №757
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №258, 2012-жылдын 15-февралындагы №96 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча функциялардан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 139 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 585 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги №139 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №170 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун 11-пункту.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 757 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы №258, 2012-жылдын 15-февралындагы №96 токтомунун редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────────┐ ┌─────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │ │ │
│ караштуу Дене тарбия жана спорт ├──>│ Коллегия │
│ мамлекеттик агенттиги │ │ │
└────────────────┬────────────────┘ └─────────────┘
V
┌───────────────────────┐
│ Борбордук аппарат │
└───────────┬───────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Дене тарбия жана спорттун │<──┼──>│ "Спорттук курулмалар жана │
│ аймактык бөлүмдөрү │ │ │спорттук камсыздоо башкармалы-│
│ │ │ │ гы" мамлекеттик ишканасы │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын │ │ │ 1. Республикалык │
│ тандалма командаларын │<──┼──>│адистештирилген спорттук күрөш│
│ олимпиялык даярдоо борбору │ │ │ (дзюдо, эркин күрөш, грек-рим│
└──────────────────────────────┘ │ │ күрөшү, самбо, аялдар күрөшү)│
│ │ боюнча олимпиялык резервдеги │
│ │ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ │ 2. Республикалык │
│ │ адистештирилген оор атлетика,│
│ │ жеңил атлетика жана бокс │
V │ боюнча балдар-өспүрүмдөр │
┌──────────────────────────────┐│ мектеби │
│ Ш.Сыдыков атындагы ││ 3. Республикалык │
│ республикалык олимпиялык ││адистештирилген ат спорту жана│
│ резервдеги окуу жайы ││ азыркы беш таймаш боюнча │
└──────────────────────────────┘│ олимпиялык резервдеги │
│ │ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ │ 4. Республикалык │
V │ адистештирилген спорттун │
┌──────────────────────────────┐│ суудагы түрлөрү боюнча │
│ Кыргыз Республикасында ││ олимпиялык резервдеги │
│ Спорттун улуттук түрлөрүн ││ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│өнүктүрүү боюнча республикалык││ 5. Республикалык │
│ борбор ││ адистештирилген футбол боюнча│
└──────────────────────────────┘│ олимпиялык резервдеги │
│ балдар-өспүрүмдөр мектеби │
│ 6. Кыргыз Республикасынын │
│ Түштүк региону боюнча дене │
│ тарбия даярдыгынын │
│ балдар-өспүрүмдөр клубу │
│ 7. Кыргыз Республикасынын │
│ Түштүк региону боюнча │
│ олимпиялык резервдеги │
│ балдар-өспүрүмдөр │
│ адистештирилген мектеби │
│ 8. А.Момунов атындагы Футбол │
│ боюнча облустук │
│ балдар-өспүрүмдөр спорт │
│ мектеби │
└──────────────────────────────┘