Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 803 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Комиссиянын негизги максаттары
III. Комиссиянын ыйгарым укуктары
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиялар тиешелүү чет мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык түзүлөт.
Тигил же бул чет мамлекет менен макулдашууга жараша биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиялар ар кандай аталышта болушу мүмкүн, бирок иш-аракетинин мазмуну, түзүлүшүн жана иштешин уюштуруу принциптери бирдей болууга жана ушул Жобого дал келүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиялардын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу иштөөчү ведомстволор аралык жумушчу органы болуп саналып, өз иш-аракетин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен отурумун даярдоодо жана өткөрүүдө, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Комиссиянын отурумун өткөрүү күнүнө, убактысына, ордуна жана Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүнө визалык колдоо алууга байланыштуу маселелерди иштеп чыгууда саясий-дипломатиялык көмөктөшүүнү ишке ашырат.
3. Финансы-кредиттик, аскердик-техникалык, чегаралык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиялардын иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечимдери менен жөнгө салынат.
4. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү башчылык кылат. Комиссияга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министри жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси башчылык кыла алышат.
Комиссиялардын төрагаларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кызматы боюнча бекитилет.
5. Комиссиянын жеке курамы Комиссиянын кезектеги отурумуна чейин кеминде бир ай мурда Комиссиянын катчылыгынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Комиссиянын катчылыгынын функциясын Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги аткарат.
II. Комиссиянын негизги максаттары
7. Комиссиянын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн артыкчылыктуу милдеттерине жараша соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасы менен тийиштүү чет мамлекеттин ортосунда кызматташтыктын натыйжалуулугун, анын ичинде келечектүү багыттарды аныктоо жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын формаларын өркүндөтүү аркылуу жогорулатуу.
III. Комиссиянын ыйгарым укуктары
8. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, администрациялык ведомстволордон жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой ишкер чөйрөлөрдүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүн анын ишине катышууга белгиленген тартипте тартууга;
- ар кандай конкреттүү маселелерди жана кызматташуу долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой ишкер чөйрөлөрдүн, илимдин жана маданияттын өкүлдөрүнөн туруктуу же убактылуу негизде ведомстволор аралык эксперттик же жумушчу топторду түзүүгө;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүктөрү менен макулдашуу боюнча биргелешкен туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарын түзүүгө;
- Комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин талап кылуучу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө.
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
9. Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен отуруму зарылдыгына жараша тараптардын өз ара макулдугу боюнча өткөрүлөт.
Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен отурумунун күн тартибинин долбоору тараптардын сунуштарынын негизинде Комиссиянын Катчылыгы тарабынан түзүлүп, ал Комиссиялардын төрагаларына (тең төрагаларына) макулдашууга берилет.
10. Комиссиянын Төрагасы:
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен кезектеги отурумун даярдоо жана өткөрүү маселелерин координациялайт жана контролдойт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен кезектеги отурумунун маселелерин алдын ала иштеп чыгуу максатында Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн отурумун өткөрөт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен пландуу отурумун өткөрөт;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен отурумдун жыйынтык Протоколуна кол коет.
11. Комиссиянын катчылыгы:
- Комиссиянын Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги менен макулдашуу боюнча Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен отурумду өткөрүү мөөнөттөрү жана орду жөнүндө сунуш даярдайт;
- министрликтер, административдик ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары менен Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен отурумга суроолорду иштеп чыгат жана Комиссиянын чет өлкөлук бөлүгү менен кезектеги биргелешкен отурумдун күн тартибинин долбоорун жана протоколун даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана аткаруу бийликтин башка органдарынын, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын ишканаларынын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен алдын ала иштелген жана макул табылган маселелерин Комиссиянын боло турган жыйынын күн тартибине киргизет;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен отурумунун күн тартибин жана протоколун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги менен макулдашат;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен кезектеги биргелешкен отурумунда талкуулоого сунушталган маселелерди эске алуу менен министрликтер, администрациялык ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштарынын негизинде Комиссиянын жеке курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун даярдайт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн катчылыгы менен тыгыз жумушчу карым-катнаштарды жөнгө салат жана колдойт, ага түшкөн сунуштарды, суроо-талаптарды жана кайрылууларды иштеп чыгууда зарыл көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык тиешелүү министрликтер, администрациялык ведомстволор жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан Комиссиянын чечимдерин аткарылышын контролдойт;
- кезектеги отчеттук мезгил үчүн Комиссиянын протоколдук чечимдерин ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берет.
12. Өкмөттөр аралык комиссиянын катчысы болуп башкармалыктын начальниги, бөлүмдүн башчысы же башкы адис деңгээлиндеги Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин тышкы экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет.
13. Комиссия мүчөлөрү алмаштыруу укугусуз милдеттүү түрдө отурумдарга катышат.
14. Жетекчиси тиешелүү Комиссиянын Төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органы:
- Комиссиянын Төрагасы менен Комиссиянын Катчылыгынын оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана Комиссиянын отурумун өткөрүү боюнча уюштуруу иш-чараларды ишке ашырат;
- Комиссиянын өткөрүү Программасын жана делегациянын чет өлкөлүк бөлүгүнүн келүү Программасын иштеп чыгат, Комиссиянын жыйынын даярдоо боюнча иш-чараларды ишке ашырат: тозуп алуу жана жөнөтүү, автоунаа менен камсыздоо, Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгүн мүчөлөрү үчүн мейманкананы брондоо, фуршеттерди, кабыл алууларды уюштуруу, делегациянын Төрагасы үчүн сувенирлерди сатып алуу, Өкмөттөр аралык Комиссиянын жыйынын уюштуруу техникасы жана кеңсе буюмдары менен камсыздоо;
- көчмө жыйындарды өткөрүүдө Комиссиянын чет элдик бөлүгүнүн Катчылыгы менен Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн келүү программасын иштеп чыгат жана макулдашат, кыргыз делегациясынын келүү жана кетүү күндөрүн макулдашат, авиабилеттерди брондойт, кыргыз делегациясынын чет өлкөдө жайгаштыруу маселесин макулдашат, жана ошондой эле төрага менен Комиссиянын мүчөлөрүн Комиссияны өткөрүү үчүн керектүү таратып берме материалдары менен камсыздайт;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жыйынын өткөрүү зарылдыгы пайда болгондо, аны өткөрүү боюнча уюштуруучу иш-чараларды ишке ашырат (жыйынды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт жана төрага менен макулдашат, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрүн жыйынды өткөрүү күнү жана убактысы жөнүндө маалымдайт, ушул жыйынды өткөрүү үчүн керектүү таратып берме материалдар менен камсыз кылат);
- Жетекчиси тиешелүү Комиссиянын Төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органынын расмий сайтына Комиссиянын жумушу тууралуу толук маалыматты жайгаштырат.
Эгерде, Комиссиянын Төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри болсо, алардын Комиссиянын катчылыгы менен оперативдүү өз ара аракеттенүүсүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катчылыгынын эл аралык кызматташуу жана протокол кызматы камсыз кылат.
15. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана аткаруу бийликтин башка органдары:
- Комиссиянын жыйынын күн тартибине киргизилген маселелерди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин макулдашуу жана көмөктөшүүсү менен чет өлкөлүк өнөктөр менен өз алдынча иштешишет жана протоколдук чечимдердин натыйжалуу аткарылышы үчүн жоопкерчиликти тартышат;
- Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамына киргизүү үчүн адистин кандидатурасын квалификация жана компетенттүүлүк принциптерине негиздеп өз алдынча аныкташат;
- Комиссиянын жыйынында каралуучу өкмөттөр аралык макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинде макулдашат.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында Комиссиянын чет өлкөлүк бөлүгү менен биргелешкен отурумун өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо жетекчиси тиешелүү Комиссиянын Төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органына жүктөлөт.
Комиссия мүчөлөрүнүн жана эксперттердин чет өлкөлөргө барышына байланыштуу чыгымдар жиберүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
17. Комиссиянын чет элдик тарабына таандык болгон чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Комиссиянын отурумдарында кабыл алынган чечимдерди андан ары жылдырууга колдоо көрсөтөт.
|
|