ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы №803 «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 25-декабры № 803

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №162 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 661 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-мартындагы № 184 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 598 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо эл аралык кызматташуу кызматына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин секретариатынын протоколуна жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

Д. Үсөнов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 803 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмеси

 

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы №162 токтомунун редакциясына ылайык)

 

┌───────────────────────────────────────────┬─────────────────────────┐

│               ӨАКтын аталышы              │ ӨАКтын кыргыз бөлүгүнүн │

│                                           │         төрагасы        │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │Кыргыз Республикасынын   │

│гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр  │биринчи вице-премьер-ми- │

│аралык кыргыз-россия биргелешкен комиссиясы│нистри                   │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык│  энергетика министри    │

│кыргыз-украина биргелешкен комиссиясы      │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык│  айыл чарба министри    │

│кыргыз-беларус биргелешкен комиссиясы      │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан        │- Кыргыз Республикасынын │

│Республикасынын ортосундагы эки тараптуу   │  Премьер-министри       │

│кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык        │                         │

│биргелешкен комиссиясы                     │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо │- Кыргыз Республикасынын │

│боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-тажик        │  Премьер-министри       │

│комиссиясы                                 │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча   │  айыл чарба министри    │

│өкмөттөр аралык кыргыз-молдова комиссиясы  │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча   │  биринчи                │

│өкмөттөр аралык кыргыз-азербайжан          │  вице-премьер-министри  │

│комиссиясы                                 │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча   │  вице-премьер-министри  │

│өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясы    │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча   │  өзгөчө кырдаалдар      │

│өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясы   │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык│  транспорт жана         │

│кыргыз-москва биргелешкен комиссиясы       │  коммуникациялар        │

│                                           │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия │- Кыргыз Республикасынын │

│Федерациясынын Москва облусунун өкмөтүнүн  │  транспорт жана         │

│ортосунда соода-экономикалык,              │  коммуникациялар        │

│илимий-техникалык жана маданий кызматташтык│  министри               │

│жөнүндө 2004-жылдын 20-январында Москва    │                         │

│шаарында кол коюлган Макулдашууну          │                         │

│аткаруунун жүрүшүн координациялоо боюнча   │                         │

│кызматташтыкты өнүктүрүү тобу              │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык│  транспорт жана байланыш│

│кыргыз - санкт-петербург биргелешкен       │  министри               │

│комиссиясы                                 │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия │- Кыргыз Республикасынын │

│Федерациясынын Свердлов облусунун өкмөтүнүн│  эмгек, ишке орноштуруу │

│ортосунда соода-экономикалык,              │  жана миграция министри │

│илимий-техникалык жана гуманитардык        │                         │

│кызматташтыкты координациялоо боюнча       │                         │

│биргелешкен комиссиясы                     │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча     │- Кыргыз Республикасынын │

│өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясы    │  Өнүктүрүү,             │

│                                           │  инвестициялар жана     │

│                                           │  инновациялар боюнча    │

│                                           │  борбордук агенттигинин │

│                                           │  жетекчиси              │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык│  экономикалык тескөө    │

│кыргыз-иран комиссиясы                     │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Эки тараптуу экономикалык байланыш боюнча  │- Кыргыз Республикасынын │

│кыргыз-австрия аралаш комиссиясы           │  финансы министри       │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча     │- Кыргыз Республикасынын │

│өкмөттөр аралык кыргыз-болгар биргелешкен  │  билим берүү жана илим  │

│комиссиясы                                 │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык      │- Кыргыз Республикасынын │

│кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык        │  жаратылыш ресурстар    │

│кыргыз-индия комиссиясы                    │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча     │- Кыргыз Республикасынын │

│өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын │  экономикалык тескөө    │

│алдындагы "Кыргызстан-СУАР КЭР"            │  министри               │

│координациялык тобу                        │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана │- Кыргыз Республикасынын │

│маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча   │  жаратылыш ресурстар    │

│өкмөттөр аралык кыргыз-монгол комиссиясы   │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык жана илимий-техникалык  │- Кыргыз Республикасынын │

│кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык        │  энергетика министри    │

│кыргыз-пакистан комиссиясы                 │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча     │- Кыргыз Республикасынын │

│өкмөттөр аралык кыргыз-польша биргелешкен  │  ички иштер министри    │

│комиссиясы                                 │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык кызматташтык боюнча     │- Кыргыз Республикасынын │

│өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы     │  вице-премьер-министри -│

│                                           │  Өкмөттүн Аппарат       │

│                                           │  жетекчиси              │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода жана инвестициялар боюнча            │- Кыргыз Республикасынын │

│кыргыз-герман жумушчу тобу                 │  финансы министри       │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Соода-экономикалык кызматташтык өкмөттөр   │- Кыргыз Республикасынын │

│аралык кыргыз-швейцария комиссиясы         │  финансы министри       │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен         │- Кыргыз Республикасынын │

│комиссиясы                                 │  мамлекеттик мүлк       │

│                                           │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Экономикалык жана өнөр жайлык кызматташтык │- Кыргыз Республикасынын │

│жана алмашуу боюнча өкмөттөр аралык        │  экономикалык тескөө    │

│кыргыз-италия жумушчу тобу                 │  министри               │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Экономикалык, өнөр жайлык жана             │- Кыргыз Республикасынын │

│илимий-техникалык кызматташтык боюнча      │  юстиция министри       │

│өкмөттөр аралык кыргыз-латвия комиссиясы   │                         │

├───────────────────────────────────────────┼─────────────────────────┤

│Экономикалык кызматташтык боюнча           │- Кыргыз Республикасынын │

│биргелешкен кыргыз-корея комиссиясы        │  эмгек, ишке орноштуруу │

│                                           │  жана миграция министри │

└───────────────────────────────────────────┴─────────────────────────┘