Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 1396-VII
"Мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун жана прокуратура органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун жана прокуратура органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө".
2. Токтом төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 - 1-2-пункттары менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
1-2. Комиссия өз ишине маалыматтарды жыйноо, талдоо, иликтөө жана жалпылоо, ушул токтомдун максаттарын ишке ашыруу боюнча материалдарды даярдоо үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерин, зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.".
3. Токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.".
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Шакиев |