Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII
Мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун жана прокуратура органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1396-VII, 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 1452-VII , 2023-жылдын 1-ноябрындагы № 1563-VII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Мекенчил» депутаттык тобунун 2023-жылдын 8-июнундагы № 50 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
А.А.Козуев - «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан;
М.М. Мураталиев – «Ишеним» парламенттик фракциясынан;
Б.Э. Тентишев – «Ынтымак» парламенттик фракциясынан;
Ж.К.Акаев - «Альянс» парламенттик фракциясынан;
Э.Т. Токтошев – «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан;
С.А. Айжигитов – «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан;
А.К. Малиев – «Элдик» депутаттык тобунан;
Ж. Коргонбай уулу – «Мекенчил» депутаттык тобунан.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 1452-VII токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын бардык тийиштүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1396-VII токтомунун редакциясына ылайык)
12. Комиссия өз ишине маалыматтарды жыйноо, талдоо, иликтөө жана жалпылоо, ушул токтомдун максаттарын ишке ашыруу боюнча материалдарды даярдоо үчүн Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерин, зарылчылыкка жараша Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 1396-VII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2024-жылдын 15-февралына чейин маалымдасын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-ноябрындагы № 1563-VII токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы N 1396-VII токтомунун редакциясына ылайык)
Төрага | Н.Т. Шакиев |