Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 токтому менен бекитилген |
Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Исламдык камсыздандыруунун объекттери менен принциптери (такафул)
2-глава. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
3-глава. Такафул-компаниянын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби
4-глава. Такафул-фонддун такафул-компаниясынын аткарган функциялары менен милдеттери
5-глава. Такафул-компаниянын жетекчи кызмат адамдарына, башкы бухгалтерине, ички аудиторуна коюлуучу квалификациялык талаптар
6-глава. Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин уруксаттамалоо
7-глава. Уруксаттама алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
8-глава. Уруксаттама берүүдө баш тартуу жана колдонууну токтотуу, же уруксаттаманы кайтарып алуу үчүн негиздер
9-глава. Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу түрлөрү
10-глава. Такафулдун эрежелери
11-глава. Такафулга катышуу
12-глава. Такафул-фонддорун түзүү жана жайгаштыруу
13-глава. Такафул-фондунун чыгымдары
14-глава. Такафул-фондунун такафул-компаниясын сыйлоо
15-глава. Такафул-фондунун мүлкүн каттоо жана сактоо тартиби
16-глава. Такафул-компаниялардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
17-глава. Камсыздандыруу төлөмүн берүү тартиби жана мөөнөтү
18-глава. Такафулдун ишин токтотуу
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери боюнча камсыздандырууга (такафул) ылайык камсыздандыруу тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава Исламдык камсыздандыруунун объекттери менен принциптери (такафул)
1. Ислам принциптери боюнча камсыздандыруу объектиси болуп өмүргө, ден соолукка, камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу учурунда материалдык баалуулуктарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга болгон, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген камсыздандыруучунун милдеттери менен байланышкан камсыздандыруучулардын (катышуучулардын) мүлктүк кызыкчылыктары эсептелет.
2. Ислам принциптери боюнча камсыздандыруунун негизги максаты болуп камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздалуучу тобокелдеринин ордун толтуруу кепилдигин камсыздандыруучу камсыздоо эсептелет. Такафул камсыздандыруу келишиминин тараптары кепилдик берүүчү дагы, кепилдик берилүүчү катары дагы боло алышат.
3. Кыргыз Республикасында салтка айланган камсыздандыруу менен жанаша ислам принциптери боюнча камсыздандыруу (такафул) да колдонулат.
4. Камсыздандыруунун негизги ислам принциптери (такафул) болуп төмөнкүлөр саналат:
- бири бирине өз ара кепилдиктерди берүү;
- Шариатта тыюу салынбаган операцияларда гана төлөнгөн акыларды же алардын бөлүгүн пайдалануу;
- көрсөтүлгөн кредиттерден жана займдардан үстөктү жана пайыздык кирешелерди алууга мүмкүн болбогон пайдаларды бөлүштүрүү механизмин пайдалануу.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери боюнча камсыздандырууну (такафул) ушул Жобого ылайык иш жүргүзүүгө уруксаттамасы бар такафул-компаниялары (камсыздандыруучулар) жүргүзүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
6. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) взнос - такафул-компания менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн камсыздандыруу келишимдин негизинде такафул-компанияга камсыздандыруучу төлөгөн взнос;
2) пайда табуучу - камсыздандыруу келишими анын пайдасына түзүлгөн адам;
3) камсыздандыруу келишими - каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандырууну жүргүзүү үчүн жеке жак (камсыздалуучу) жана такафул-компания (камсыздандыруучу) ортосунда түзүлүүчү келишим;
4) инвестициялык иштен түшкөн киреше - Шариаттык кеңеш тарабынан жактырылган камсыздалуучунун активиндеги взносторду инвестициялоонун натыйжасында камсыздандыруучу алган акча каражаттары;
5) инвестициялык декларация - такафул-компаниянын каражаттарынын инвестициялоонун максаттарын көрсөтүүнү, инвестициялык саясатынын сүрөттөлүшүн, активдердин тизмесин, анда каражаттардын инвестицияланышы мүмкүн болуучу, ушундай инвестициялоо менен байланышкан тобокелдердин сүрөттөлүшүн камтыган документ;
6) камсыздандыруунун ислам принциптери - ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте эки тараптуу тобокелдерди, кирешелерди бөлүшүүгө жана зыян келген учурда өз ара кепилдиктерди берүүгө негизделген Шариаттын стандарттарына ылайык камсыздандыруу ишин жүргүзүүнүн эрежеси;
7) исламдык терезе - камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин жүргүзүүчү камсыздандыруу уюмунун бөлүкчөлөрүнүн бири;
8) мудараба модели - бүтүм, мындай учурда бир тарап (камсыздалуучу) капиталын (акча каражатын) берет, ошол эле учурда экинчи тарап (такафул-компания) капиталды кабыл алат жана киреше алуу максатында каражатты башкарат, алар келишимге ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт;
9) жалпы такафул - белгилүү бир окуялар келип чыккан жана камсыздалуучунун мүлктүк тобокелдиктерин камтыган төлөмдөрдү төлөөгө багытталган камсыздандыруу;
10) такафул эрежеси - камсыздандыруучу тарабынан кабыл алынган, жактырылган же бекитилген каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздоо эрежеси;
11) үй-бүлөлүк такафул - белгилүү бир окуялар келип чыккан жана камсыздалуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна карата тобокелдиктерди камтыган төлөмдөрдү төлөөгө багытталган камсыздандыруу;
12) камсыздалуучу (катышуучу) - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак;
13) камсыздандыруу сыйлыгы - келишим менен шартталган акы, аны камсыздалуучу камсыздандыруу келишиминде бекитилген тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу ишин жүргүзүүчү камсыздандыруучуга милдеттүү түрдө төлөп берет;
14) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырууну кайтарууну төлөп берүүгө милдеттен чегиндеги сумма;
15) камсыздандырууну кайтаруу - камсыздандыруу окуясы болгон учурда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүчү сумма;
16) камсыздандыруу тобокелдиги - жоромолдонгон окуянын болуп калышына жасалган камсыздандыруу;
17) камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу төлөмүн камсыздандыруучуга, камсыздандырылган жакка же пайда табуучуга камсыздандыруу ишин жүргүзүүчүнүн төлөп берүү милдетин жараткан окуянын болушу;
18) камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруучу жана алар тарабынан иштелип чыккан камсыздандыруу келишими боюнча төлөөгө жаткан камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмүн аныктоодогу тарифтер;
19) такафул - зарыл болуп калган учурда каржылык өз ара жардамдашууну камсыз кылган, ошонун негизинде катышуучулар бул максатта акы төлөп туруу үчүн биримдиктүү макулдашууга жеткен, тилектештикке жана такафулга катышуучулардын өз ара жардамдашуусуна негизденген камсыздандыруунун схемасы;
20) такафул-ишмердиги - Шариатка ылайык такафулдун алкагында алынган каражаттарды камсыздандыруу жана инвестициялоо боюнча такафул-компаниянын ишмердиги;
21) такафул-компания - акционердик коом түрүндө түзүлгөн, камсыздандыруунун тиешелүү түрлөрү боюнча иш жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынан уруксаттама алган, камсыздандыруунун ислам принциптеринин негизинде өзүнүн ишмердигин жүргүзгөн же исламдык терезеси бар камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу);
22) такафул-фонду - ислам принциптери боюнча камсыздандырууну жургүзүү үчүн такафул-компаниясы тарабынан, катышуучулар төлөгөн акылардан, такафул-компаниянын алган милдеттенмелерин аткарууга, чыгымдарын жабууга, такафулду жүзөгө ашырууга байланышкан такафул-компанияларынын каражаттарынан, такафул-фонддун каражаттары менен жасалган операциялардан такафул-компаниялары алган кирешелерден түзүлгөн акча фонду;
23) Шариаттык кеңеш - такафул-компаниянын келишимдеринин Шариаттык стандартка ылайык келээрин көзөмөлдөп, текшерген такафул-компаниянын органы;
24) Шариаттын стандарттары - исламдык каржылоо жана банк ишмердигинин (Ислам каржы институту үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу, Ислам каржы кызматынын кеңеши) стандарттарын бекитүүчү Эл аралык ишканалар тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишмердиктин эрежелеринин жыйнагы;
25) уакала модели - бүтүм, мындай учурда бир тарап (камсыздалуучу) капиталын (акча каражатын) берет, ал эми экинчи тарап (такафул-компания) капиталды кабыл алат жана киреше алуу максатында каражаттарын башкарат, алар келишимге ылайык камсыздалуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт, ошол эле учурда такафул-компания белгиленген сый акы алат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3-глава Такафул-компаниянын ишин жүзөгө ашыруунун тартиби
7. Такафул-компаниянын уставына ылайык бүтүмдөрдүн (келишимдердин) Шариаттын стандарттарына ылайык келүүсүн текшерип, жактыруучу Шариаттык кеңеш түзүлүүгө тийиш. Каржылоонун ислам принциптери боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн бардык келишимдер Шариаттык кеңеш тарабынан жактырылууга тийиш. Шариаттык кеңештин персоналдык курамын дайындоо камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашууну талап кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Такафул-компания бир нече такафул-фонддордо башкарууну жүргүзүүгө укуктуу.
9. Такафул-компания өзүнүн атынан аракеттенет. Мында такафул-компания такафул-фонддун эсептеринде жайгашкан каражаттарды башкаруучу камсыздандыруучу компаниянын атынан экендигин көрсөтүүгө милдеттүү жана такафул-фонддун аталышына таянат.
10. Такафул-компания такафул-компаниянын камсыздандыруучуларынын кызыкчылыктарында такафул-фонддо башкаруу жүргүзүүгө милдеттүү.
11. Такафул-компания такафул-фондунун активдеринин менчик ээси болуп саналбайт, такафул-фондунун башкаруучусу болуп саналат. Такафул-компания такафул-фондунун каражаттарын шариаттын шарттарына ылайык келген куралдарга жана активдерге инвестициялайт, аны Шариаттык кеңеш ырастайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава Такафул-фонддун такафул-компаниясынын аткарган функциялары менен милдеттери
12. Такафул-компания өз функцияларын Шариаттык кеңеш жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жактырган такафул-фондусунун инвестициялык декларациясына ылайык аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Такафул-фонддун такафул-компаниясы Шариаттык кеңеш тарабынан жактырылган такафул-фонддун активдериндеги акча каражаттарды инвестициялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана ушул активдер менен түрдүү жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүргүзөт.
14. Такафул-фонддун такафул-компаниясынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- инвестициялык активдер менен ар кандай келишимдерди түзүү жана жүзөгө ашыруу жөнүндөгү чечимдерди өзүнө камтыган анын инвестициялык декларациясынын негизинде такафул-фонддун инвестициялык саясатын жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берүү;
- үчүнчү жактар менен болгон карым-катнашта такафул-фонддун кызыкчылыгын көрсөтүү;
- такафул эрежелери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларында белгиленген башка милдеттер.
15. Такафул-компаниянын жана анын кызмат адамдары укукка жат аракеттерди жүргүзүшсө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5-глава Такафул-компаниянын жетекчи кызмат адамдарына, башкы бухгалтерине, ички аудиторуна коюлуучу квалификациялык талаптар
16. Такафул-компаниянын кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- аткаруу органынын жеке же коллегиялык жетекчиси;
- жеке аткаруу органынын жетекчисинин орун басары;
- коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрү;
- байкоочу органдын мүчөлөрү;
- Шариаттык кеңештин мүчөлөрү.
Такафул-компаниянын кызмат адамдары "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тандалышат, дайындалышат жана өзүнүн иштерин жүргүзүшөт.
17. Такафул-компаниянын жетекчи кызмат ордун ээлеген адамдар, башкы бухгалтер, ички аудитор ушул Жободо белгиленген талаптарды канааттандырууга тийиш.
18. Такафул-компаниянын жетекчи кызмат ордун ээлеген адамдарга, башкы бухгалтерге, ички аудиторго коюлуучу негизги квалификациялык талаптар төмөнкүлөр:
- тиешелүү тармактагы кесиптик билиминин деңгээли менен адистиги;
- адистиги боюнча иш стажы менен тажрыйбасына.
19. Жетекчи кызмат ордун ээлеген адамдар экономикалык же юридикалык жогорку билимге ээ болушу керек, жогорку билимге ээ экендиги документ менен ырасталууга жана ал Кыргыз Республикасында таанылууга тийиш.
20. Иш стажы менен тажрыйбага бөлүгүнө коюлуучу квалификациялык талаптар:
- такафул-компаниянын жеке же коллегиалык аткаруу органынын жетекчиси, коллегиалык аткаруу органынын мүчөлөрү, өздүк аткаруу органынын жетекчисинин орун басары - камсыздандыруу компанияларында, каржылык кредиттик мекемелерде беш жылдан кем эмес, ушуну менен бирге жетекчи кызматтарда үч жылдан кем эмес иш стажы болушу керек;
- такафул-компаниянын башкы бухгалтери - каржылык кредиттик жана башка мекемелерде башкы бухгалтердик кызматтарында беш жылдан кем эмес, камсыздандыруу ишинин чөйрөсүндө бухгалтердик кызматта үч жылдан кем эмес иш стажы болушу керек;
- такафул-компаниянын ички аудитору - каржылык кредиттик жана башка мекемелерде беш жылдан кем эмес же башкы бухгалтердик, камсыздандыруу уюмдарынын ички аудитору же камсыздандыруу брокери кызматтарында үч жылдан кем эмес иш стажы болушу керек.
21. Башкы бухгалтер менен ички аудитор ушул Жобонун 20-пунктундагы талаптардан тышкары кошумча түрдө төмөнкүдөй билимдердин ээси болууга тийиш:
- башкы бухгалтер - тиешелүү сертификаттар менен ырасталган, бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттун эл аралык стандарттары;
- ички аудитор - тиешелүү сертификаттар менен ырасталган, аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамын, аудиттик эл аралык стандарттар менен каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары, ошондой эле аудитордун квалификациялык сертификаты болушу керек.
22. Башкы бухгалтердин жана ички аудитордун квалификациясын ырастоочу маалымат аты-жөнүн, атасынын атын, дарегин жана басып өткөн эмгек иши жөнүндөгү маалыматты көрсөтүү менен камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Такафул-компаниянын жетекчи кызмат ордун ээлеген адамдарга коюлуучу чектөөлөр:
такафул-компаниянын жетекчи кызмат ордуна, башкы бухгалтердик, аудитордук кызматтарына төмөнкүдөй адамдар шайланышы (дайындалышы) мүмкүн эмес:
- соттун чечими менен ишке жөндөмсүз деп табылгандар же соттун чечими менен ушул Жобонун 16-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн кызмат орундарды ээлөөгө же камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салынгандар;
- экономика чөйрөсүндө жасаган кылмышы үчүн соттолгондугу мыйзамда бекитилген тартипте жоюла электер же алына электер;
- мурда камсыздандыруу уюмунун жетекчи кызматтарында иштеп турганда, камсыздандыруу уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрацияга дайындоо чечими кабыл алынгандар;
- мурда жетекчи кызматтарда, башкы бухгалтер, ички аудитор болуп иштеп турганда камсыздандыруу уюму, камсыздандыруу брокери мажбурлоо тартибинде кудуретсиз деп таанылса, же мажбурлап жоюу процессинде жүрсө жана алардын аракети (аракетсиздиги) камсыздандыруу уюмунун, камсыздандыруу брокеринин уруксаттамасын жокко чыгарууга алып келгендигин ырастаган далил болсо;
- ушул Жобонун 20-пунктунда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбегендер.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Жетекчи кызматкерликке сунуш алуунун жана алардын ордун убактылуу ээлөөнүн тартиби төмөнкүдөй:
1) такафул-компаниянын жетекчи кызматтарын, башкы бухгалтердик, ички аудитордук кызматтарды ээлөөчү адамдарды далилдөөчү документтер уруксаттама берүү жөнүндөгү арыздын тиркемесинде берилет;
2) берилген документтер аларды берген күндөн тартып отуз күндүн ичинде каралат;
3) келип түшкөн документтерди карап чыккандан кийин камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы сунушталган адамдардын ушул Жобонун талаптарына ылайык келер-келбестиги жөнүндө такафул-компанияга билдирет;
4) жетекчи кызматты ээлеген адам убактылуу жок болуп калганда же кызматтан убактылуу четтетилгенде анын милдетин аткарууга ушул Жобонун 20-пунктунда каралган квалификациялык талаптарга ылайык келген кызматкерлер гана жиберилет;
5) жетекчи кызмат орунду, башкы бухгалтердик, ички аудитордук кызматтарды ээлеген адамдар алмаштырылган учурда такафул-компания 7 күндүк мөөнөттүн ичинде ал тууралуу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына билдирүүгө жана жаңы дайындалган адам жөнүндөгү маалыматты, көрсөтүлгөн адамдын ушул Жобонун талаптарына ылайык келээрин ырастаган тиешелүү документтер менен бирге тиркеп, камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин уруксаттамалоо
25. Мыйзамдарда белгиленген тартипте такафул-компания ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдөгү акыга камсыздандыруу ишин жүргүзүү укугуна уруксаттама алууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө уруксаттама берүү жөнүндө арызды кароодо ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык такафул-компаниянын жетекчи кызмат ордун, башкы бухгалтер жана ички аудитор ээлөөчү адамдарга карата берилген маалыматтарга талдоо жүргүзүлөт.
27. Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө уруксаттама алуу үчүн зарыл болгон документтердин жана талаптардын тизмеси жана уруксаттама берүү тартиби ушул Жобо менен белгиленет.
28. Бул Жобого ылайык катталган камсыздандыруу компаниясын кошпогондо уюштуруу-укуктук формасына жана менчик формасына көз карандысыз коммерциялык жана коммерциялык эмес аталыштарда "такафул" терминин пайдаланууга тыюу салынат.
29. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө уруксаттама алган камсыздандыруу уюмдарынын реестрин алып барат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Эгерде уруксаттаманын өзүндө башка нерсе каралбаса, уруксаттама чектелбеген мөөнөттө колдонулат жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аракетте болот.
31. Эгерде такафул-компаниянын башкармалыгынын мүчөлөрү, башкы бухгалтери жана аудитору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган квалификациялык талаптардын деңгээлине жооп берген учурда гана ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүү лицензиясы аталган компанияга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүүгө уруксаттама аты жазылган (ажыратылбоочу) болуп эсептелет жана үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жатпайт.
33. Юридикалык жактарга аларга уруксаттама берүү жөнүндө арызды кароо ушул Жобо менен каралган, документтерди алган күндөн 30 күндөн көп болбогон мөөнөттө жүргүзүлөт.
34. Уюштуруу документтерине киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө камсыздандыруучу өзгөрүүлөр катталган күндөн бир айлык мөөнөттө тиешелүү камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына билдирүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава Уруксаттама алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
35. Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө уруксаттама алуу үчүн камсыздандыруучу төмөнкүдөй документтерди берет:
- белгиленген формадагы арызды;
- уюштуруу документин, Шариаттык кеңеш, анын функциялары жана ыйгарым укуктары жөнүндө жобону камтыган такафул-компаниянын уставын;
- уставды кабыл алуу жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, такафул-компаниянын башкармалыгынын аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө уюштуруучулардын чогулушунун протоколун;
- такафул-компаниянын Шариаттык кеңешин түзүү жөнүндөгү уюштуруучулардын чогулушунун протоколун;
- мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- төлөнгөн уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндөгү маалымкатты;
- уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн жолдорун аныктаган, такафул-компаниянын Директорлор кеңеши бекиткен жана Шариаттык кеңеш тарабынан жактырылган такафул-компаниянын ишинин бизнес-планын;
- камсыздандыруунун шарттарын (эрежелерин);
- камсыздандыруу тарифтерин;
- такафул-компаниянын 10 жана андан ашык пайыз акциясына ээлик кылган такафул-компаниясынын акционерлери жөнүндөгү маалыматты;
- такафул-компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, төраганын, анын орун басарларынын аты-жөнүн, алардын жашаган дарегин жана эмгек иши жөнүндө маалыматты көрсөтүлгөн тизмени;
- такафул-компаниянын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн, төраганын, анын орун басарларынын аты-жөнүн, алардын жашаган дарегин жана эмгек иши жөнүндө маалыматы көрсөтүлгөн тизмени;
- ушул Жобо менен белгиленген квалификациялык талаптарга Башкармалыктын мүчөлөрүнүн дал келүүсү жөнүндө маалыматты;
- уруксаттамалык жыйымдарды төлөгөндүгү тууралуу төлөм тапшырмасынын же кассалык кириштөө ордериндеги квитанциянын көчүрмөсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Аракеттеги камсыздандыруу уюму такафулга уруксаттама алуу үчүн төмөнкүлөрдү берет:
- белгиленген формадагы арызды;
- камсыздандыруунун шарттарын (эрежелерин);
- камсыздандыруу тарифтерин;
- уруксаттамалык жыйымдарды төлөгөндүгү тууралуу төлөм тапшырмасынын же кассалык кириштөө ордериндеги квитанциянын көчүрмөсүн;
- Шариаттык кеңештин чечимин ырастаган документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава Уруксаттама берүүдө баш тартуу жана колдонууну токтотуу үчүн негиздер
37. Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө уруксаттама берүүдө арыз берүүчүгө баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына арыз берүүчүнүн тиркелген документтер ылайык келбесе;
- ушул Жобо менен белгиленген документтердин толук эмес көлөмдө берилбесе;
- ушул Жобо менен белгиленген квалификациялык талаптарга жетекчи кызмат ордун, башкы бухгалтер жана ички аудит кызмат ордуларына адамдар ылайык келбесе;
- уставдык капиталдын минималдык өлчөмүнө карата талаптар аткарылбаса;
- уруксаттама берүү үчүн жыйымдар төлөнбөсө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер.
38. Арыз берүүчүгө уруксаттама берүүдө баш тартуу жөнүндө билдирме баш тартуунун себебин көрсөтүү менен ушул Жобонун 6-главасында көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилбестен жазуу формасында жүргүзүлөт.
39. Каржылоонун ислам принциптери боюнча тиешелүү түрдөгү камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө уруксаттаманы колдонууну токтотуу негиздери жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава Каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруу түрлөрү
40. Бул жобо каржылоонун ислам принциптери боюнча камсыздандыруунун эки түрүн белгилейт: жалпы жана үй-бүлөлүк такафул.
41. Жалпы такафул боюнча камсыздандыруучу төлөгөн взностор атайын эсепке жана камсыздандыруучунун эсебине андан ары жайгаштыруу үчүн такафул-фонддун такафул-компаниясына жөнөтүлөт.
Жалпы такафул боюнча такафул-фонддун каражаттары камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандыруучуга компенсация төлөө үчүн пайдаланылат. Эгерде каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча такафул-компания пайда таап калган учурда жана такафул-фонддун активдери милдеттенмеден ашык болсо, анда такафул-фонддун каражаттарынын бөлүгү катышуучуларга бөлүштүрүлүп берилиши мүмкүн.
Такафул-фонд жалпы такафул боюнча эки бөлүккө бөлүнөт:
- камсыздалуучунун эсеби - камсыздалуучулардын салымдарынын бөлүгү келип түшүүчү эсеп. Такафул-компаниянын отчеттук финансылык жылы үчүн ишинин жыйынтыгы боюнча ушул эсептин каражаттарынын бөлүгү такафул эрежелеринде каралган тартипте камсыздалуучулардын арасында бөлүштүрүлөт;
- атайын эсеп - камсыздалуучулардын салымынын бөлүгү келип түшүүчү эсеп, андан камсыздалуучуларга камсыздандыруу учуру келип жеткенде камсыздандыруу төлөмү төлөп берилет.
Камсыздалуучунун эсебиндеги кирешени бөлүштүрүүнүн тартиби такафул-компания тарабынан аныкталат.
Эгерде камсыздалуучу такафулдун келишимин мөөнөтүнө чейин жоюуга зар болсо, ал калган кирешени алууга укуктуу. Камсыздандыруу учуру келип жеткендигинин натыйжасында компенсация төлөп берилүүчү салымдардын атайын эсепке төлөп берилген бөлүгү такафул-компаниянын фонддорунда калат.
Эгерде келишим күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу учурунан башка жагдайлар боюнча камсыздандыруу учуру келип жетүү мүмкүнчүлүгү жоголуп, камсыздандыруу тобокелдиги четтетилсе, анда келишим түзүлгөн мөөнөтүнө чейин токтотулат.
Мындай жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
- камсыздандыруу учуру келип жеткенден башка себептер боюнча камсыздандырылган мүлктүн жок болушу;
- жарандык жоопкерчилиги камсыздандырылган жаранды эмгекке жөндөмсүз деп таанылышы же эмгекке жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши.
42. Үй-бүлөлүк такафул боюнча камсыздалуучулар төлөгөн салымдар такафул-компаниясы тарабынан такафул-фондго жиберилет.
Үй-бүлөлүк такафул боюнча такафул-фонд эки бөлүккө бөлүнөт:
- камсыздалуучунун эсеби - камсыздалуучулардын салымдарынын бөлүгү келип түшүүчү эсеп. Такафул-компаниянын отчеттук финансылык жылы үчүн ишинин жыйынтыгы боюнча ушул эсептин каражаттарынын бөлүгү такафул эрежелеринде каралган тартипте камсыздалуучулардын арасында бөлүштүрүлөт;
- атайын эсеп - камсыздалуучулардын салымынын бөлүгү келип түшүүчү эсеп, андан камсыздалуучуларга камсыздандыруу учуру келип жеткенде камсыздандыруу төлөмү төлөп берилет.
Камсыздалуучунун эсебиндеги кирешени бөлүштүрүүнүн тартиби такафул-компания тарабынан аныкталат.
Камсыздалуучу каза болгон учурда такафул боюнча келишимдин (камсыздандыруу полисинин) колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин пайда табуучулар камсыздалуучу келишим түзгөн учурдан тартып каза болгонго чейин ал төлөгөн бардык салымдарды, анын ичинде камсыздалуучунун эсебиндеги кирешени алышат.
Камсыздандыруу учуру аяктагандан кийин камсыздалуучу ал төлөгөн салымдарынын толук суммасын, анын ичинде камсыздалуучунун эсебиндеги инвестициялык иштерден түшкөн кирешени жана такафул-компания белгилеген камсыздандыруу эрежелерине ылайык атайын эсебиндеги таза кирешени алат.
Такафул келишими камсыздалуучу тарабынан мөөнөтүнө чейин бузулган учурда ал калган кирешени алууга укуктуу. Компенсация төлөп берилүүчү атайын эсепке которулган салымдардын бөлүгү камсыздандыруу учуру келип жеткендигинин натыйжасында такафул-компанияда калат.
Эгерде келишим күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу учурунан башка жагдайлар боюнча камсыздандыруу учуру келип жетүү мүмкүнчүлүгү жоголуп, камсыздандыруу тобокелдиги четтетилсе, анда келишим түзүлгөн мөөнөтүнө чейин токтотулат.
Мындай жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жарандык жоопкерчилиги камсыздандырылган жаранды эмгекке жөндөмсүз деп таанылышы же эмгекке жөндөмдүүлүгүнүн чектелиши.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава Такафулдун эрежелери
43. Такафул-компаниясынын иши Шариат кеңешинин жактыруусу боюнча такафул-компаниясы тарабынан кабыл алынган же бекитилген жалпы жана үй-бүлөлүк такафулдун камсыздандыруу эрежелери менен жөнгө салынат.
44. Камсыздандыруу келишими түзүлгөн шарттар келишимдин (камсыздандыруу полиси) өзүндө, ошондой эле такафул-компаниясы кабыл алган, жактырган же бекиткен тиешелүү түрдөгү стандарттуу камсыздандыруу эрежелеринде аныкталышы мүмкүн.
45. Такафул эрежелеринде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- такафул-фондунун толук жана кыскартылган аталышы;
- фирмалык аталышы, жайгашкан жери, такафул-компаниянын уюштуруу-укуктук формасы, тийиштүү уруксаттама берилген күнү жана анын номери;
- эрежелердин ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген инвестициялык декларацияда берилген инвестициялардын жүзөгө ашырылган багыттары;
- такафул-компаниянын укуктары жана милдеттери;
- такафул-компаниянын сый акысынын өлчөмү;
- такафул-фондун башкарууга байланыштуу такафул-компанияга ордун толтурууга тийиш чыгымдардын түрү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү башка маалыматтар.
46. Такафул-камсыздандыруу камсыздалуучу менен такафул-компаниянын ортосунда түзүлгөн жалпы же үй-бүлөлүк такафул келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
47. Такафул-компания менен камсыздалуучулардын ортосунда камсыздандыруу келишими түзүлөт. Камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек. Тиешелүү такафул-компания Шариаттык кеңеш бекиткен мудараба моделин же уакала моделин тандап алат.
Жазуу жүзүн сактабастык камсыздандыруу келишиминин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим жараксыз болуп эсептелет, жана камсыздалуучу такафул-компаниясына төлөгөн бардык акча каражаттарды такафул-компаниясы камсыздалуучуга кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Камсыздалуучу келишим түзүүдө такафулдун айрым түрлөрү боюнча камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) өзү иштеп чыккан стандарттуу формаларын колдонууга укуктуу.
49. Камсыздандыруу полиси жоголуп калган учурда камсыздалуучунун эсебинен камсыздандыруучу полистин дубликатын берүүгө милдеттүү.
12-глава Такафул-фонддорун түзүү жана жайгаштыруу
50. Такафулга уруксаттама алган ар бир камсыздандыруучу такафул-компаниясы жүргүзүүчү такафулдун түрүнө же такафулдун ар бир түрүнө карата такафул-фондун түзөт жана аны иштетет.
51. Такафул-фондго такафул-компаниянын такафул-фондунун ишине байланыштуу бардык кирешелер багытталат. Такафул-фондун түзүүчү активдер камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздалуучунун милдеттенмелерин аткаруу жана чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн гана колдонулат.
52. Иштин каалагандай түрү үчүн такафул-компаниясы түзгөн такафул-фонду иштин ушул түрүн жүргүзүүнү токтото ала тургандыгына карабастан камсыздандыруу келишими боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткарганга чейин иштетилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Такафул-фондунун активдерин жайгаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Такафул-фондунун активдерин жайгаштыруу Шариаттын стандарттарына шайкештиги боюнча талаптар Шариат кеңеши тарабынан белгиленет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келиши мүмкүн эмес.
54. Такафул-фондунун мүлкү камсыздалуучулардын ишенип алып башкарууга өткөрүп берилген мүлктөн, ошондой эле камсыздалуучулардын каражаттарын башкаруу процессинде такафул-компаниясы алган мүлктөн турат.
55. Такафул-фондунун мүлкү камсыздандыруу компаниясынын мүлкүнөн жана ушул камсыздандыруу компаниясы башкаруучу башка такафул-фондун түзүүчү мүлктөн өзүнчө эсепке алынышы керек.
56. Такафул-фондунун такафул-компаниясынын минималдуу уставдык капиталы боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
57. Такафул-фондун түзүүчү мүлктүн базар наркы өзгөргөндүгүнө байланыштуу чыгымдар тобокелдиги камсыздалуучуларга жүктөлөт.
13-глава Такафул-фондунун чыгымдары
58. Такафул-фондунун чыгымдары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- такафул-фондунун такафул-компаниясын сыйлоо;
- жарнак чыгымдары;
- тышкы аудитордун жана көз карандысыз баалоочунун кызматтарына кеткен чыгымдар;
- такафул-фондунун иши менен байланышкан баалуу кагаздар боюнча кесиптик иштерди жүргүзүүчү депозитарийдин жана башка уюмдардын кызматтарына кеткен чыгымдар.
59. Ушул беренеде көрсөтүлгөн чыгымдарды кошпогондо такафул-фондун башкарууга байланыштуу башка чыгымдары аткаруу органын сыйлоого багытталган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
14-глава Такафул-фондунун такафул-компаниясын сыйлоо
60. Такафул-фондунун такафул-компаниясын сыйлоонун чектик өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
61. Такафул-фондун башкаруу боюнча иштерди жүргүзүүчү такафул-фондунун такафул-компаниясынын уруксаттамасы такафул-фондунун жоюлушуна алып келүүчү себептер боюнча жокко чыгарылган жана/же токтотулган учурда такафул-фонду жоюлуу процессиндеги такафул-фондунун такафул-компаниясынын эсептелген сый акысы төлөп берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-авгусстундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)
15-глава Такафул-фондунун мүлкүн каттоо жана сактоо тартиби
62. Такафул-фонду бухгалтердик эсепти жана өзүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча отчеттуулукту, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
63. Жазууларды жүргүзүү, мүлктү сактоо жана такафул-фондунун укуктарын эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
64. Такафул-фондунун такафул-компаниясы "Акционердик коомдор жөнүндө" жана "Аудитордук ишмердик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
65. Маалыматтардын ишеничтүүлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүнө аудитордук текшерүүгө бухгалтердик эсеп, каттоо жүргүзүү жана такафул-фондун түзүүчү мүлккө карата отчет түзүү жана ушул мүлк менен операция жүргүзүү жатат.
66. Такафулдун тиешелүү түрүнө таандык такафул келишимин (камсыздандыруу полиси) каттоо журналын такафул-компаниясы жүргүзөт.
67. Такафул-фондунун такафул-компаниясы тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
68. Такафул-компаниясы төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченемдерди сакташы керек.
16-глава Такафул-компаниялардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
69. Такафул-компаниялардын жана алардын такафул-фонддорунун ишин мамлекеттик жөнгө салуу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- (2-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- такафул-компаниялардын ишмердигин контролдоого;
- такафул-компаниялардан алардын иштери жөнүндө зарыл маалымат сурап алууга, алынган маалымат боюнча түшүндүрмө талап кылууга;
- такафул-компаниялардын ишин контролдоого;
- такафул-компаниялардын ишин текшерүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-авгусстундагы № 485, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Такафул-компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жылдык жана кварталдык отчет бериши керек.
17-глава Камсыздандыруу төлөмүн берүү тартиби жана мөөнөтү
72. Камсыздандыруу төлөмү камсыздалуучунун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде такафул-компаниясы тарабынан төлөнөт.
73. Камсыздандыруу төлөмүн берүү жөнүндө билдирүүгө камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) жана камсыздандыруу учуру тууралуу актынын көчүрмөсү тиркелиши керек, билдирүүдө түзүлгөн күнү жана ушул документтердин номери көрсөтүлүшү керек.
74. Камсыздандыруу учуру тууралуу акт жок болгон учурда камсыздандыруу учуру келип жеткендигинин далилдери келтирилиши керек, ал эми мүлктү камсыздандырууда - такафул-компаниясы тарабынан орду толтурулууга тийиш чыгымдардын өлчөмү.
75. Такафул-компания камсыздандыруу төлөмү берилгенге чейин камсыздандыруу учуру келип жеткендигинин себептерин, жагдайларын жана кесепеттерин текшерүүгө, ошондой эле текшерүү үчүн зарыл болгон маалымат алуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.
76. Жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө тийиш болгон суммалар, камсыздандыруу келишиминде башка мөөнөт белгиленбесе аларды төлөө жөнүндө билдирүү алынган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен төлөп берилиши керек.
18-глава Такафулдун ишин токтотуу
77. Такафулдун иши төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- такафул-компаниясынын демилгеси боюнча;
- такафул-фондунун такафул-компаниясынан уруксаттама жокко чыгарылса жана уруксаттама жокко чыгарылган күндөн тартып бир айдын ичинде анын укуктары жана милдеттери башка такафул-компанияга өткөрүп бериле элек болсо;
- такафул-компаниясын ыктыярдуу жоюу тууралуу чечим кабыл алынса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-авгусстундагы № 485 токтомунун редакциясына ылайык)