Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-сентябры № 578
Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасында финансылоонун ислам принциптерин киргизүүнүн пилоттук долбоору жөнүндө" жана 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 146 "Кыргыз Республикасында исламдык финансылык кызмат көрсөтүү индустриясын киргизүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жобо;
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов
|