Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-марты № 1042-VII
"Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдө бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, мыйзамдарынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиктеринин одоно түрдө бузулушу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 821-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү 2023-жылдын 28-июнуна чейин узартылсын.
Төраганын орун басары | Н.О.Сыдыгалиев |