Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-июну № 1384-VII
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтому менен түзүлгөн Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Н.Сулаймановдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- жеке секторду жана атаандаштыкты өнүктүрүүнү стимулдаштыруу максатында атаандаш чөйрөдө иштөөчү ишканаларды ачык жана айкын менчиктештирүү, МЖӨнүн алкагында аларды жеке секторго өткөрүп берүү механизминин эсебинен мамлекеттик секторду оптималдаштыруу саясатын жүргүзсүн;
- кайра түзүлгөн мамлекеттик өнүктүрүү институттары жана фонддор (Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, Кыргызиндустрия, Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду) үчүн инвестициялык долбоорлордун тизмегин аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине мамлекеттик компаниялардын финансы-чарбалык ишин координациялоо, мамлекеттик катышуусу бар ишканалардын бүткүл портфели боюнча мезгилдүү жыйынды отчеттуулукту даярдоо боюнча ыйгарым укуктарды ыйгаруу маселесин карасын;
- мамлекеттик компаниялардын финансылык отчеттуулугунун ачык депозитарийин түзүү боюнча ишти жүргүзсүн;
- активдерге инвентаризация жүргүзүү жана мамлекеттик катышуусу бар иштебей турган чарба жүргүзүүчү коомдорду жоюу боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик компанияларда болгон башкаруу, ойдогудай корпоративдик башкаруу органдарынын кесипкөй жана компетенттүү курамын түзүү, ошондой эле директорлор кеңешинин курамына кесиптик ассоциациялар тарабынан көрсөтүлүүчү көз карандысыз мүчөлөрдү киргизүү боюнча маселени карасын;
- мамлекеттик катышуусу менен ишканалардын бүткүл портфели боюнча конкреттүү финансылык же тармактык максаттуу көрсөткүчтөргө (коммерциялык жана коммерциялык эмес көрсөткүчтөргө) багытталган сый акы берүү тутумун жана менеджерлердин жоопкерчилигин киргизүү маселесин карасын;
- мамлекеттик компаниялардын кредиттик рейтинг алуусу жана IPO өткөрүүгө даярдык көрүүсү боюнча чараларды көрсүн;
- уюштуруучунун статусуна карабастан мамлекеттик ишканаларды кошо бардыгын башкаруунун бир түрдүү практикасы, башкаруу жөнүндө жобонун күчүн бардык мамлекеттик ишканаларга, мамлекеттик ишканаларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгында эсепте болгон ишканаларга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, мамлекеттик бийликтин башка органдарына жайылтуу боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик ишканалардын ишине финансылык көзөмөлдү күчөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик ишканалардын бардыгынын ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматты ачууну, анын ичинде иш жөнүндө жылдык отчетторду мамлекеттик органдардын расмий сайттарына жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- "Каприз" ЖЧКсынын үлүшүнүн 28,34%ын жана "Ресурс СК" ЖЧКсынын үлүшүнүн 70%ын белгиленген тартипте менчиктештирүү боюнча, ошондой эле "Кант цемент заводу" ААКнын акцияларынын 13,21%ын мамлекеттик менчикке кайра каттоо боюнча чараларды көрсүн;
- мамлекеттик жерди пайдалануучулардын бош жер участокторунун жана инвесторлор үчүн өндүрүштүк бош аянттардын реестрин түзүү жана жүргүзүү, анын ичинде ижарага берүү үчүн мүмкүн болуучу активдердин санариптик картасын түзүү боюнча чараларды көрсүн;
- ижарачылардын келишимдик милдеттенмелерди аткаруусуна жана мамлекеттик мүлктү ижарага берүү процессин башкарууну жакшыртуусуна мониторинг жүргүзүү боюнча ишти күчөтсүн;
- электрондук соода аянтчасынын ишин жөнөкөйлөтүү жана колдонуу интерфейсин жана электрондук соода аянтчасынын программасынын маалымдуулугун жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
- электрондук соода аянтынын иши жөнүндө бизнес-коомдоштуктардын арасында маалымат компаниясын жүргүзүү боюнча маселени карасын;
- ак ниет эмес атаандаштыктын натыйжасында мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондорду атайылап үзгүлтүккө учураткан учурларды кароо боюнча ыйгарым укуктарды монополияга каршы мамлекеттик органга берүү мүмкүндүгүн карасын;
- ведомстволук караштуулугуна жана статусуна карабай, баланс кармоочулардын бардыгына Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун күчүн жайылтуу боюнча чараларды көрсүн:
- ижарадан 70 пайызга чейинки кирешени баланс кармоочулардын түздөн-түз тескөөсүндө калтыруу аркылуу пайдаланылбаган аянттарды ижарага берүүгө баланс кармоочуларды стимулдаштыруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мамлекеттик мүлктү башкарууда жана менчиктештирүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аткарылган иш жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2023-жылдын 1-декабрына берсин.
Төрага |
| Н.Т. Шакиев |