Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-сентябры № 1452-VII
"Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 1252-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Мыйзамсыз соттолгондорго, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга карата соттордун жана прокуратура органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия)" деген сөздөр "Тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Комиссиянын курамынан "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ф.Д.Исмаилов жана "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Я.Алимжанова чыгарылсын;
- Комиссиянын курамына "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Козуев жана "Альянс" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.К.Акаев киргизилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |