Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2007-жылдын 29-июну № 1970-III
2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III «Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III «Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
токтом төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
«2. Колдонуудагы мыйзам актыларынын түзүмдүк биримдиктерине шилтеме жасоодо, аларга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө же болбосо аларды күчүн жоготту деп табууда ал мыйзам актыларында пайдаланылган түзүмдүк бирдиктердин белгилери колдонулат.»;
2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
М. Султанов |