Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 1481-VII
Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 6-апрелиндеги № 176-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы А.А.Исираиловдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясы:
1) жылуулук, суу, газ, электр энергиясы менен камсыз кылуучу тармактардын эскиргендигин аныктасын жана көрсөтүлгөн тармактарды жаңылоо үчүн 2024-жылга республикалык бюджетте жана Бишкек шаарынын бюджетинде акча каражаттарын караштырсын;
2) сейил бактарынын, токой сейил бактарынын, гүл бакчаларынын чектерин аныктасын жана бекитсин, сейил бактарын, токой сейил бактарын, гүл бакчаларын, Ботаникалык бакты жана башка бак-дарактуу жерлерди автономдуу түрдө сугарууну уюштурсун;
3) шаардын ирригациясын өнүктүрүү жана бак-дарактар тигилүүчү жерлерди көбөйтүү программасын иштеп чыксын жана программаны ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды караштырсын;
4) Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, Бишкек шаарынын жаңы Башкы планы кабыл алынганга чейин калктуу конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдү курууга убактылуу мораторий киргизүү маселесин карап чыксын;
5) жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жана курулушу пландалган көп кабаттуу үйлөрдүн санын эске алуу менен, Бишкек шаарынын ар бир районунун жумуш жүгүнө талдоо жүргүзүп, андагы бала бакчалардын, мектептердин, университеттердин, саламаттык сактоо мекемелеринин (ҮМБ, медициналык тез жардам мекемелеринин), калкты тейлөө мекемелеринин (почта, каттоо органдары, социалдык коргоо жана Социалдык фонддун органдарынын) санынын жетишсиздиги, укук коргоо органдарына жана сотторго түшкөн жумуш жүгү, спорт менен машыгуучу жайлардын (спорт залдарынын жана спорт аянтчаларынын), маркумдарды көмүү үчүн жайлардын жетишсиздиги боюнча эсептөөлөрдү жүргүзсүн;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен курулган көп кабаттуу үйлөрдү пайдаланууга кабыл алуу механизмдерин, ошондой эле муниципалдык жер участогунда көп кабаттуу үйлөрдү куруунун кесепетинен муниципалитетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу механизмдерин, бирок ошол эле учурда жөнөкөй жарандардын (батирлерди сатып алуучулардын) же үлүшчүлөрдүн кызыкчылыктарын жактабастан иштеп чыксын жана бекитсин;
7) мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүү жана жарандарды алдоо учурларын кыскартуу максатында:
а) өз убагында пайдаланууга берилбеген жана жашоочулар жашаган көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин алардын даректерин, курулуш компанияларынын аталыштарын жана алардын жетекчилерин, пайдаланууга берүү боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбаганынын мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзсүн жана бул тизмени Бишкек шаарынын мэриясынын жана архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органынын интернет-сайттарына жарыяласын;
б) "бүтпөгөн курулуштун" себептерин, курулуш компанияларынын даректерин, аталыштарын жана алардын жетекчилерин көрсөтүү менен курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн жана курулушу токтотулган көп кабаттуу үйлөрдүн тизмесин түзсүн, бул тизмени Бишкек шаарынын мэриясынын жана архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын интернет-сайттарына жарыяласын;
в) укук коргоо органдары менен биргеликте жарандардын ишенимине кирип, акча каражатын алып, бирок курулушту баштай элек курулуш компанияларынын тизмесин түзсүн;
г) кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган, алардын уюштуруучуларын көрсөтүү менен курулуш компанияларынын "кара" тизмесин түзүүгө жана алардын лицензияларынын колдонуу күчүн токтотуу жол-жобосун баштасын, мындан ары жаңы объекттерди курууга кандайдыр бир уруксат берүүчү документтерди бербесин жана курулуш үчүн жер участогун бөлүп бербесин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) 3 айдын ичинде төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин:
а) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине төмөнкүлөр каралган өзгөртүүлөрдү:
- муниципалдык менчиктеги ижарага алынган жер участогунда көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салуу боюнча планды иштеп чыгуу;
- ижарага алуу укугун курулуш максатында субижарага өткөрүп берген ижарачыдан муниципалдык жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюу маселесин карап чыгуу;
- жер участогунун максаттуу багытын өзгөртүү үчүн негизди аныктоо боюнча маселени карап чыгуу;
- ижарага алуучуну, ижаранын мөөнөтүн жана суммасын көрсөтүү менен муниципалитетке таандык ижарага алынган жер участокторунун реестрин жарыялоо маселесин иштеп чыгуу;
- мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон жер участогуна карата ижарага алуу укугун сатууга тыюу салуу маселесин иштеп чыгуу.
б) "Архитектура жана курулуш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүлөр каралган өзгөртүүлөрдү:
- курулушту өзүм билемдик менен баштаган же уруксат документтери жок курулуш курган курулуш компанияларына карата жоопкерчиликти күчөтүү;
- пландалып жаткан курулушка жакын жашаган жарандардан объект тууралуу сурамжылоо жүргүзүү, курулушка уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алууда алардын пикирин эске алуу;
- курулуш компанияларына кошумча оорчулук келтирбестен, жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерин иштеп чыгууну республикалык же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржылоо;
- деталдуу пландаштыруу пландарын (мындан ары - ДПП) калктын жана ар түрдүү чөйрөлөрдөгү адистердин пикирин эске алуу менен иштеп чыгуунун жана ДППда көрсөтүлбөгөн аймактарда курууга тыюу салуунун милдеттүүлүгү;
- мамлекеттик контролдоочу органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана урбанистика, архитектура жана дизайн чөйрөсүндөгү адистер тарабынан Башкы пландын жана бекитилген ДППлардын сакталышына жыл сайын мониторинг жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчетту жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;
- инженердик, социалдык жана башка инфратүзүм жок учурда көп кабаттуу үйдү курууга уруксат берилгенде, тиешелүү бюджеттерде бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана калкты тейлөөчү башка мекемелерди, унаа токтотмолорун курууга, бак-дарактар үчүн зоналарды түзүүгө чыгымдарды караштыруу боюнча Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети;
- курулушту мыйзамсыз же курулуш ченемдерин бузуу менен жүзөгө ашырган, ошондой эле курулуш объектин пайдаланууга берүү боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткарбаган курулуш компанияларынын жана алардын уюштуруучуларынын объективдүү "кара" тизмесин түзүү;
- курулуш аянтчаларын мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан кайсы убакта болсо да курулуш объектинин сейсмикалык туруктуулугу, бекитилген долбоордон четтөө, курулуш ченемдерин жана эрежелерин бузуу жагынан текшерүү мүмкүндүгү;
- курулуш компанияларынын кардарларынын каражаттарын курулуш компанияларынын өздөрүнүн эсебинен камсыздандырууну же кардарлардын акча каражаттарын курулуш компанияларынын уюштуруучулары тарабынан кыянаттык менен пайдалануудан, атайылап банкроттуктан жана башка жагдайлардан коргоонун башка механизмдерин бекитүү;
- көп кабаттуу үйлөргө отурукташкандан кийин 5 жылдын ичинде курулуш компаниялары тарабынан тейленишин жана кемчиликтердин өз эсебинен оңдолушун кепилдөө;
- мыйзамсыз курууга жол берген курулуш компаниясынын же адамдардын эсебинен мыйзамсыз курулган объектти ажыратып бузуу;
2) мыйзам алдындагы актыларга төмөнкүлөргө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизсин:
а) көп кабаттуу үйдү курууга долбоордук документтерди төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашууга:
- аймактык билим берүү жана саламаттык сактоо органдары менен - бала бакчаларга, мектептерге жана үй-бүлөлүк медицина борборлоруна болгон жумуш жүгүнүн шайкеш келишин;
- өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү аймактык органдар менен - өрткө каршы ченемдердин сакталышын, өрт автомобилдеринин өтүшү үчүн өтмөктөрдүн болушун;
- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү аймактык органдар менен - экологиянын талаптарына жана жашылдандыруунун ченемдерине ылайык келүүсүн;
- аймактык ички иштер органдары менен - жол кыймылынын коопсуздугуна, жолдордун мүмкүн болуучу тыгынына жана унаа токтотуучу жайлардын болушуна шайкеш келүүсүн;
б) суу түтүк тармактарынын эскиргендигине жана ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу суу түтүк тармактарына жана канализацияга кошулууга убактылуу тыюу салууну киргизүү маселесин тыкыр жана объективдүү кароого;
в) курулуш компанияларынын кесиптик тажрыйбасына, финансылык туруктуулугуна карата талаптарды киргизүүгө;
г) ичүүчү сууну жана электр энергиясын керектөөнү эсепке алуу үчүн курулуш компаниялары тарабынан "акылдуу" эсептегичтерди орнотуунун милдеттүүлүгүнө;
3) курулуш объекттеринин сейсмикалык туруктуулугун аныктоо боюнча иш-чараларга республикалык бюджетте акча каражаттарын караштырсын:
а) Бишкек шаарындагы жылуулук жана суу менен камсыз кылуучу тармактарды жана канализация тармактарын жаңылоого гранттык жана кредиттик каражаттарды бөлүү боюнча эл аралык финансылык институттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
б) энергия менен камсыз кылуучу компанияларга пайдаланууга бериле элек көп кабаттуу үйлөрдө жашаган жарандар менен электр энегиясын берүү боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдү өз убагында пайдаланууга бербеген курулуш компанияларына карата доо коюу тапшырмасын берсин жана тиешелүү чечимдерди киргизсин.
4. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
а) муниципалдык жер участокторунда көп кабаттуу үйлөрдү курган жана ижара акысын төлөбөгөн курулуш компанияларына карата доо талаптарын коюу;
б) көп кабаттуу үй курулган муниципалдык жер участокторун кайра сатып алуу же болбосо аны ошол объекттин жашоочуларына кошумча оорчулук келтирбестен кыймылсыз мүлктүн башка объекттерине алмаштыруу механизмдерин иштеп чыгуу;
в) ижара акысы боюнча мөөнөтүнөн өтүп кеткен карыздары бар же башка курулуш объекттери боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган курулуш компаниялары менен кайра кароо жана чараларды көрүү;
г) муниципалитеттин жана жарандардын алдында милдеттенмелерин аткарбаган курулуш компанияларынын жана алардын уюштуруучуларынын тизмесин түзүү, аларга көп кабаттуу үйлөрдү жана башка имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн жер участокторун алууга тыюу салуу;
д) мыйзамсыз курулуш учурунда көп кабаттуу үйлөр жана курулуш объекттери үчүн ичүүчү сууга жана электр энергиясына тарифтерди кайра карап чыгуу. Инженердик-техникалык тармактарга кошууда курулуш компаниясына жаңы тарифтерди сунуштоо, аталган үйлөрдүн жашоочулары менен түшүндүрмө иштерин жүргүзүү;
е) курулуш компанияларын көп кабаттуу үйлөрдү долборлоодо жана курууда калдыктарды жыйноо жана утилдештирүү боюнча жайларды, транспорттук каражаттарды токтотмо үчүн жайларды, бак-дарактарды отургузуучу жерлерди, балдар жана чоңдор үчүн эс алуучу жайларды, ошондой эле бак-дарактарды сугаруу ыкмасын эске алууга милдеттендирүү;
ж) шаар куруу кеңешине урбанистика, архитектура, экология чөйрөсүндөгү адистерди киргизүү.
5. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Бишкек шаарынын мэриясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилсин.
6. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жарыялансын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылдын 1-июнуна чейин Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын иштеп чыксын жана коомдук талкуулоо үчүн жарыяласын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын 1-июнуна чейин аткарылган иш чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |