Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы №18
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун колдобойт.
2. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы №18 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.И.Жамалдинов демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесине өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, тактап айтканда, тамеки буюмдарынын категорияларынын түзүмүн этап этабы менен өзгөртүү, демек ушул тамеки буюмдарына болгон акциз ставкаларын өзгөртүү каралган.
Бул Мыйзам долбооруна ылайык:
1) 2010-жылдын 1-январынан баштап тамеки буюмдарынын акцизинин үч тепкичтүү системасын киргизип, I категориядагы (фильтрсиз) чылымдардын акцизинин ставкасын 1000 даанасы үчүн 18 сомго чейин, II категориядагы (фильтрлүү) чылымдарга 1000 даанасы үчүн 170 сомго чейин, III категориядагы (фильтрлүү) чылымдардын ставкаларын 1000 даанасы үчүн 210 сомго жогорулатуу сунушталган;
2) 2011-жылдын 1-январынан баштап эки тепкичтүү системага өтүп, чылымдар (фильтрлүү) үчүн акциздин ставкасын 1000 даанасы үчүн 240,0 сомго чейин өзгөртүү сунушталган;
3) 2012-жылдын 1-январынан баштап II категориядагы чылымдарга (фильтрлүү) акциздин ставкасын 1000 даанасы үчүн 280,0 сомго чейин өзгөртүп, жогоруда аталган эки тепкичтүү система боюнча чылымдарга акциз салыгын салуу сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы мамлекеттик кызматы бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп белгилешкен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоонун эки тепкичтүү системасына 2010-жылдан баштап эле өтүү жана фильтрлүү чылымдардын акциз салыгынын ставкасын 1000 даанасы үчүн 190 сомдон белгилөө зарыл деп эсептейт.
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунда сунушталган тамеки буюмдарынан акциз салыгын алуу механизми акциз салыгын башкарууну олуттуу татаалдаштырат деп белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги башкарууну жакшыртууга, салык төлөмдөрүн көбөйтүүгө, башкаруу боюнча чыгымдарды азайтууга багытталган тамеки продукциясына салык салуунун туруктуу, абдан жөнөкөй системасын колдонуу максатында акциз салыгынын эки тепкичтүү системасына 2010-жылдын баштап өтүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт, мында 2010-жылы фильтрсиз чылымдарга 1000 даанасы үчүн 18 сом, фильтрлүү чылымдарга 1000 даанасы үчүн 190 сом, ал эми андан аркы жылдары - каралып жаткан мыйзам долбооруна ылайык белгиленмекчи.
Жогоруда жазылгандарды эске алып жана дүйнөдөгү экономикалык кризистин жана ички жагдайлардын таасирлеринин айынан улуттук экономиканын өсүү темпинин басаңдап турган шарттарында мамлекеттин фискалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарына, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык милдеттерине негизделген стратегиялык жактап ынанымдуу жана тең салмактуу акциз саясатын жүргүзүү олуттуу мааниге ээ болуп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунуш кылынган Мыйзам долбоорун кабыл алууну колдобойт.