Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы № 21
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Турсунбаев, А.С.Кулбаев, Ю.А.Данилов, Ж.С.Жакыпов, Н.К.Койчубаков жана Д.Ш.Кыдыровдор тарабынан демилге кылынган "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун берилген редакциясын колдобойт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Турсунбаев, А.С.Кулбаев, Ю.А.Данилов, Ж.С.Жакыпов, Н.К.Койчубаков жана Д.Ш.Кыдыровдор тарабынан демилге кылынган "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
3. Аталган корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 21 токтому менен жактырылган
|
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, 28, 29 жана 34-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Турсунбаев, А.С.Кулбаев, Ю.А.Данилов, Ж.С.Жакыпов, Н.К.Койчубаков жана Д.Ш.Кыдыровдор тарабынан демилге кылынган "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбооруна карата маалымкат-негиздемеден көрүнүп тургандай "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына имараттарды жылытууга кеткен энергияны керектөөнү, ошондой эле имараттардын парник газдарын чыгарууларын олуттуу азайтуу, ошондой эле курулуш тармагына тиешелүү энергияны үнөмдөө маселелерин жөнгө салуу максатында тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жылытууга энергияны керектөөнү азайтуу маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын өз убагында көтөрүлгөн демилгесин колдоого алат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин позициясынан көрүнүп тургандай мыйзам долбоорун кабыл алуу жаңы курулушта энергия үнөмдөө боюнча нормативдик базаны андан ары өнүктүрүүнү жана азыркы учурда жана келечекте курулуучу имараттарды жана курулмаларды курууда энергетикалык натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө көрсөткүчтөрүн долбоорлоочулар жана курулушчулар тарабынан аткарылышы бөлүгүндө жаңы курулушта энергияны үнөмдөө боюнча нормативдик базаны андан ары өнүктүрүүнү жана колдонуудагы укуктук нормативдик актыларды кайра караштырууну болжолдоого тийиш, б.а. курулуш боюнча мыйзамдык базаны өзгөртүү каралып жаткан Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен бир мезгилде ишке ашырылышы керек.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджеттик уюмдар тийиштүү финансылык жылга карата чыгымдар сметасында каралган акчанын жалпы көлөмүнүн чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана үнөмдөлгөн каражаттарды чыгымдардын башкы беренелерине пайдалануу укугуна байланыштуу Мыйзам долбоорунун айрым жоболорун тактоонун зарылдыгы жөнүндө сын-пикирлерин берген.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституция жана мыйзамдар тарабынан Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка бардык мамлекеттик башкаруу маселелерин чече ала тургандыктан, ал эми "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 11-беренесинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жоболордо аныктала тургандыгы белгиленген.
Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча аткаруу бийлигинде иштеген мамлекеттик органдардын компетенциясын жөнгө салуучу жоболорду алып салуу сунушталат.
Ошондой эле, Салык кодексинин 5-беренесинин алтынчы бөлүгүн эске алуу менен мыйзамга Салык кодексинде каралган учурлардан тышкары салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу салыктык эмес нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүнүн маселелери, жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынгандыгына байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жөнгө салууну караштырган Мыйзам долбоорунун айрым жоболорун кайра караштыруу сунушталат.
Ошондой эле, мыйзам долбооруна карата Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Энергетика министрлигинин, Экономикалык тескөө министрлигинин, ошондой эле Транспорт министрлигинин юридикалык-техникалык мүнөздөгү сын-пикирлери жана сунуштары бар.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт, бирок ал боюнча айрым мамлекеттик органдардын сын-пикирлери бар экендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте депутаттар демилге кылган Мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгууну жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү тапшырат.
Тиркеме: 9 баракта.