Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги № 198 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-январы №24
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда бекитилсин:
"Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын ШТАТТЫК САНЫ ЖАНА ТҮЗҮМҮ
┌────────────────────────────────────────────────────────┬────────────┐
│ Кызматтардын аталышы │ Бирдик саны│
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Мамлекеттик администрация башчысы - губернатор │ 1 │
│Жардамчы │ 1 │
│Мамадминистрация башчысынын орун басарлары, анын │ 3 │
│ичинде бири биринчи орун басар │ │
│Аппарат жетекчиси │ 1 │
│Системалык администратор │ 1 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен │ 4 │
│байланыш бөлүмү │ │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Аткаруу бийлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү │ 6 │
│өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү │ │
│бөлүмү │ │
│Кадрлар боюнча сектор │ 2 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Финансы, экономика жана инвестициялар бөлүмү │ 9 │
│Салыктар жана жыйымдар боюнча сектор │ 2 │
│Туризм, чакан жана орточо бизнес боюнча сектор │ 2 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Агроөнөр жайды өнүктүрүү, курулуш, өнөр жай жана │ 6 │
│коммуникациялар бөлүмү │ │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Жаратылышты пайдалануу бөлүмү │ 3 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо жана билим берүү │ 7 │
│бөлүмү │ │
│Жаштар саясаты жана коомдук уюмдар менен иштөө сектору │ 2 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Укуктук колдоо бөлүмү │ 3 │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү │ 6 │
│Жарандардын каттары жана кайрылуулары менен иштөө боюнча│ 2 │
│сектор │ │
├────────────────────────────────────────────────────────┼────────────┤
│Финансылык-чарбалык камсыздоо бөлүмү │ 3 │
└────────────────────────────────────────────────────────┴────────────┘
Бардыгы: 54 штаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 54.".
Премьер-министри | Д.Үсөнов |