Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-августундагы № 413
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-апрели № 198
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 «Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 «Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун № 4-тиркемеси төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
| «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна № 4 тиркеме |
Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын
штаттык саны жана түзүмү
Кызмат орундарынын аталышы | Бирдиктердин саны |
Мамлекеттик администрация башчысы - губернатор Жардамчы Басма-сөз катчысы Мамадминистрация башчысынын орун басарлары, анын ичинде бири биринчи орун басар Аппарат жетекчиси Системалык администратор Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү Кадрлар сектору | 1 1 1 3
1 1 5 2 |
Финансы бөлүмү | 6 |
Экономиканы өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмү Ишкердикти жана туризмди колдоо боюнча сектор | 5 2 |
Өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү | 4 |
Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо бөлүмү | 4 |
Билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү | 4 |
Коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүм Мобилизациялык резерв сектору | 5 2 |
Агроөнөр жайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү | 5 |
Жалпы бөлүм Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча жана коомчулук менен байланыш сектору | 5 2 |
Финансылык-чарбалык камсыздоо бөлүмү | 3 |
Бардыгы: 54 штаттык бирдик, анын ичинде жооптуу кызматкерлер 54.».
2. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 «Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-январындагы № 24 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |