Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 26-январы №25
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2010-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2010-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |
Тиркеме
№ | Региондор | Экономиканын тармактары (адам) | Бардыгы
| |||||
Өнөржай жана курулуш | Айыл жана токой чарбасы, кайра иштеп чыгаруу өнөржайы | Транспорт, коммуникация, геологиялык чалгындоо жана тоокен өнөр жайы | Соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономи- калык ишмердик | Саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият, искусство | Кредиттөө, банк сектору, камсызданды-руу | |||
1 | Баткен облусу | 235 | 115 | 22 | 51 | 35 | 10 | 468 |
2 | Жалал-Абад облусу | 245 | 60 | 440 | 15 | 80 | 10 | 850 |
3 | Ысык-Көл облусу | 90 | 30 | 60 | 10 | 10 | 5 | 205 |
4 | Нарын облусу | 22 | 32 | 70 | 13 | 25 | 19 | 181 |
5 | Ош облусу | 69 | 87 | 22 | 930 | 15 | 22 | 1145 |
6 | Талас облусу | 120 | 10 | 30 | 35 | 25 | 5 | 225 |
7 | Чүй облусу | 848 | 245 | 261 | 217 | 100 | 31 | 1702 |
8 | Бишкек шаары | 1200 | 40 | 320 | 2200 | 350 | 320 | 4430 |
9 | Ош шаары | 700 | 30 | 30 | 200 | 100 | 20 | 1080 |
| Бардыгы: | 3529 | 649 | 1255 | 3671 | 740 | 442 | 10286 |